Айнура Сагынбаева, косметолог: «МЫКТЫ АЯЛДАН ЭРКЕКТИН КЫЗЫГЫ ТАРАБАЙТ»

Жашы кырктан ашып калса дагы өзүн жыйырма жаштагыдай алып жүргөн бул айымга суктангандар көп. Бул апта гезитибиздин негизги каарманы болгон косметолог, блогер Айнура Сагынбаева менен сулуулук, аялзатындагы назиктик, бактылуулук тууралуу кеп курдук.

“ӨЗҮМДҮ ЖОГОТО БАШТАГАНЫМДЫ СЕЗДИМ”

– Мен азыр аялдык назиктиктин үстүнөн иштеп жатам. Жалпы кыргыз аялдарынын ой жүгүртүүсүн өзгөрткүм келет. "Бул косметолог эмеспи, кайдан жүрүп аялдык сапаттар тууралуу сүйлөп калды?" дегендер бар. Мен деле аялмын, үй-бүлөм, бала-чакам бар. Кыргыз аялынын түйшүгү менин да башымдан өттү. Бир убакта өзүмдү жогото баштаганымды сездим. "Кой, мындай болбойт" деп өзүмдү, жашоону, мамилени изилдөөгө өттүм, көп китеп окудум. Карап көрсөм, көпчүлүк үй-бүлөдө чыныгы бакыт жок экен. “Эл эмне дейт, бала үчүн, көнүп калдым” деп жашап жүрө беришет. Аялга караганда эркектин убактысы көп, достору менен бир жактарга барып көңүл ачат, сүйлөшүп чер жазышат.

Ал эми аялдын түйшүгү бүтпөйт, бара-бара аял апага, эжеге же жөн гана идиш жууп, үй жыйнаган кызматкерге айланат. Эркек дагы буга боло берет дегенге көнөт. Аял көп жүктү көтөрүп жүргөнү менен, тереңинде бушаймандык, таарыныч дайыма жашайт. Андай аял эч качан бактылуу болбойт, жолдошун да, балдарын да бактылуу кылбайт. Ошентип бизде бактысыз коом, бактысыз мамлекет жаралат экен. Ушунун баарын изилдеп отурдум.

Аял 30дан, 40тан, 50дөн ашканда кризиске кабылат. Көпчүлүк аялдар бул нерсени көтөрө албай психикалык жактан катуу жабыркап, депрессияга кабылып, ичкиликке кирип, кээ бири өзүн жумушка арнап салат, бири дин жолуна түшөт. Кайда кетпе өзүңдү анализдеп, башыңдагы баш аламандыкты жоюп албасаң баары бир бактысыздыктан кутулбайсың. Ошон үчүн аялзатына жардам берейин, үй-бүлөлөрдүн бактылуу болушуна көпүрө болоюн деп аялдык сапаттарды арттыруу боюнча кеңеш берип жатам.

“АЛТЫН ОРТОЛУКТУ ТАБЫШ КЕРЕК”

– Аял киши эч качан катуу чарчабашы керек. Мен чарчап бара жатканда “токтот болду, энергияңды кетирбе” деп өзүмдү кармайм. Канча акча салып, канча витамин ичсең дагы кеткен энергияң кайтпайт. Кичинекей бир ишти бүгүн бүтүрөбүз деп жатып, өзүбүзгө зыян алып келебиз. Аял өзүн изилдеп, алтын ортолукту табышы керек. Аял өзүн түшүнбөй жүрө берип, чарчап көзүндөгү жалыны өчүп, жаш кезинде эле кемпир болуп калып жатпайбы. Өзүмдү кароого, сүйүүгө убактым жок дебеш керек. Мен бир нерсени түшүндүм, аялдын оокат кылып, сөзсүз эле тамак жасашы маанилүү эмес экен. Аял аял болууну билсе, эркек үй жыйнагыч, тамак жасагычты алып берип, керек болсо өзү жасап берет. Байларда баары сонун болчудай сезилет го. Байдын аялдарынын деле бакытка тунуп тургандары өтө аз. Дайыма окуп изденип жүргөн, инсан катары өнүккөн, денесине кам көргөн, айтор, акыл, тарбия, билим, сулуулук, үй-бүлө, эне болуу, ушунун баарын алып кеткенди билген бийик даражалуу аял гана бактылуу болот. Мындай аялдан эркектин да кызыгы тарабайт.

“2-3 АЯЛ АЛГАН ЭРКЕК – БУЛ БАКТЫСЫЗ ЭРКЕК”

“Динде мындай, эркекке боло берет” деп миң эсе актансын. 2-3 аял алган эркек – бул изденип жүргөн бактысыз эркек. Ал өзүн-өзү түшүнбөйт. Эгер эркек өзү эмнени каалап турганын так билсе, өзү тандаган аялдан бардык нерсени тапса болот, эч качан башка аялга кетпейт. Улам аял ала берүү, түшүнбөстүктөн ажырашуу – булар психологиялык көйгөй. Ар ким жан дүйнөсүндөгү боштугун өзү толтурбаса, башка адамдар менен жүрөктөгү жараны жамап коюу эч мүмкүн эмес. Өзүнө ишенбегендер, өзүн баалабагандар экинчи аял болууга макул болушат. Бул деле психологиялык маселе. Качан гана биз, энелер, психологиялык жактан туруктуу балдарды чоңойткондо коом оңолот. А балдар психикалык жактан туруктуу болуусу үчүн үй-бүлө бактылуу болушу керек.

“ӨЗҮМДҮ МУЗДАК АЯЛДАРДЫН КАТАРЫНА КОШПОЙМ”

– Башында төшөк маселесин клиникамдын жарнамасы үчүн көтөрчүмүн. Бара-бара анализдедим, сүйүү секстен эмес, секс сүйүүдөн көз каранды экенин түшүндүм. Бул жаатта айтылбаган маселелер көп экенин билдим. Баарын ачык айтып, бул жаатта кеңеш бере баштадым. “Бирөөгө кеңеш бересиң, өзүң төшөктө кандайсың?” дешет. Мен өзүмдү муздак аялдардын катарына кошпойм. Темпераменттүүмүн деп айта алам. Негизи мээде секс болсо, ар бир аял төшөктө мыкты боло алат. Мен төшөктө муздакмын дегендер – өзү каалаган адамды али жолуктура электер.

“ЖОЛДОШУМ СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТА КАНДАЙ ЭКЕНИМДИ КӨРБӨЙТ”

– 14, 12, 5 жаштагы 3 уулум бар. Жолдошум Инстаграмга кирбейт, Фейсбукта болсо менде “кара тизмеде” турат. Мындайча айтканда, менин социалдык тармакта кандай экенимди көрбөйт. Бирок болбой эле достору жөнөтө беришет. Жолдошум психикалык жактан өтө туруктуу үй-бүлөдө чоңойгон. Өзүнө ушунчалык ишеними күчтүү. Ошон үчүн “эмнеге минттиң, антпе” деп мени тажата бербейт. Менин өз көз карашым бар, принциптеримди билет. Эгер мен баш ийип, баарына макул десем, анда Айнура Сагынбаева боло алмак эмесмин. Экөөбүз бири-бирибизди сыйлайбыз. Үй-бүлөдө ал менин күйөөм же аялым, эмнени кааласам, ошону кылам дебей, өмүр бою жигитиң же сүйгөн кызың менен жүргөндөй жашаш керек. Жигит-кыз кезиңде бакырып урушпайсың, дайыма жасанып жолугушууга барасың дегендей. Ортодо сый сакталса үй-бүлө эч качан урабайт.

“ТАБИЯТЫМДАН СУЛУУМУН”

– Коко Шанель “жаш кезиңде сулуулукту Кудай берет, 30дан ашкандан кийин өзүң жаратасың” деп айтат эмеспи. Мен учурда 42 жаштамын. Көпчүлүк мени жасалма деп ойлошот. Бирок мен табиятымдан сулуумун. Болгону төрөгөндөн кийин пайда болгон денедеги ашыкча майларды алдырып, жамбашыма куйдуруп койдум. Башкы ашпозчулар кардарга бергиче тамакты даамдап көргөндөй эле, косметолог болгондон кийин элге көрсөтчү кызматтарды алгач өзүмдөн сынап көрүшүм керек болчу. Ошонун негизинде көзүмө операция жасаткам. Пластикалык операция жасатып эле баары сулуу болуп кетпейт. Сулуу болуу чоң эмгекти талап кылат. Дайыма спорт менен алектенем, бийге барам. Денени кандай алып жүрүү, кантип сүйлөө керек, баарын үйрөнүп, тынымсыз аракеттемин.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан