Жогорку Кеңеште эмне кеп?
Парламенттик коалицияга кошулбай калган “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” партиялары расмий түрдө оппозицияга кеткенин жарыялашты. Бул тууралуу алгач Феликс Кулов 20-декабрда билдирсе, Өмүрбек Текебаев “аркы өйүзгө” өткөнүн 23-декабрь күнү жыйында билдирди. Бакиевдин заманына караганда азыркы бийликтегилерге оор, анткени оппозиция күчтүү.
КРЕСЛОСУ ЖОК, КЫЗМАТЫ БАР ВИЦЕ-СПИКЕРЛЕР
Парламентте 5 вице-спикер дайындалмакчы болду. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин чоң жыйын залында спикердин жанында орун басарлар үчүн 4 гана кресло бар. Бирок “ата журтчулардын” айтымында, орундук жок болгонуна карабастан, вице-спикер болууну каалагандар көп. Андыктан спикердин жанында кезеги менен экиден орун басар кошо жыйын алып барышмакчы болушту. Төрага Ахматбек Келдибековдун “жан-жөкөрлөрү”: “Ата Журттан” Мыктыбек Абдылдаев, “Ата Мекенден” Асия Сасыкбаева, “Республикадан” Бакыт Төрөбаев, КСДПдан Асылбек Жээнбеков, ал эми “Ар-намыстан” Бөдөш Мамырова.
“АТА ЖУРТ” ИЧ АРА ЫДЫРАЙ БАШТАДЫ
Бакиевдин тушунда Коррупцияга каршы ведомствонун төрагасы Садыр Жапаров менен “бригадачы” же мурунку Каржы министри Марат Султанов коалициялык топтон бөлүнүштү. Садыр Жапаров “Ар-намыска” жан тартканын көргөн Акылбек Жапаров аны баатырга теңеп жиберди. Ал эми Марат Султанов жаңы өкмөттүк курамга нааразы имиш. Же “папке” жетпей калганына ыза болгон чыгар... “Бөлүнгөндү бөрү жейт болобу” же башкабы, кыскасы, Жапаров менен Султанов өздөрүнчө “оппозициячы” атыкмак болушту.
ЖоКеде КОМИТЕТ ТАЛАШМАЙ
Жогорку Кеңеште “устукан” талаш башталды. Спикери, анын орун басарлары бүткөн чыгар, эми комитеттерди бөлүшмөй ызы-чууга бөлөндү. “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” өкмөттөн кур жалак калган соң комитеттердин башчылыгына ээ болууга аракет жасоодо. “Куловчулар” бюджеттик жана адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр боюнча эки комитетти өзүнө тартса, “текебаевчилер” тартипти сактоо жана паракорчулук боюнча комитетке көзөмөлчү болгулары келишет. Баары биригип соодалашуу текчесинде 16 комитет бар. Эскерте кетсек, буга чейин ЖКда 9 гана комитет болгон.
АТАМБАЕВДЕН «СВЕЖИЙ» АНЕКДОТ
Алмазбек мырза ажо Роза Отунбаевага «Тамашоудон» уккан анекдотун айтып берип жатат:
– Жаңы президент мурунку экөөнөн эмнеси менен айырмаланат? Жаңы президент – чыныгы эркек!
Эльвира Караева
politika@super.kg