Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
Комуз атасы Нурак Абдрахмановдун “Аппак сүйүү” ырын сүйүп укпаган адам аз болсо керек. Мына ушул ыр кимге арналып жазылганын, Нурак агабыздын кызыктуу өмүрүн анын жубайы Аманбүбү Төрөгелдиева айтып берди. Анда сүйүү тууралуу кызыктуу баян сиздер үчүн.
“ЭКӨӨБҮЗ 10 ЖЫЛДАЙ ТААНЫШ БОЛУП ЖҮРДҮК”
– Мен 1971-жылы мектепти бүтүп “Тез жардам” кызматында иштеп жүргөм. Ошол кезде чыгармачылыкка аябай көңүл бурулуп турган маал эле. Ыр-бий боюнча сынактар көп өтчү. Мен дагы ошол сынактардын бирине катышып калдым. “Врачка” деген ырды ырдап сынактан жеңүүчү болдум. “Сынактын жеңүүчүлөрү, Нарынга барат экенсиңер” деп калышты. Барсам ак жуумал, келбеттүү бир жигит отуруптур. “Кайсы жактан келдиң? Кел, келегой, карындаш” деди. Көрсө, ал Нурак агайыңар экен. Ошентип концертке даярданып калдык. Бизди Жумамүдүн Шералиев өзү даярдап борборго алып келди. Ошол жылы жазда борборго окууга тапшырганы келип, бирок окууга өтпөй калдым. Муса Баетовдун кызы Рая Баетова мага “Маданият үйүнө келип иште” деди. Ошол жерде иштеп калдым, кийин Нурак агаңар биз иштеген Маданият үйгө жумушка орношуп калды. Аты чыгып калган учуру болчу. Окуучусу эле болуп калдым. Ал жылы борборго келип, кайра окууга тапшырып, өтүп кеттим. Нурак агаңардын карындашы мени менен окучу. Ал бир күнү “музыкалык мектеп ачылды, сизди келип ошол жерде мугалим болуп иштесе кандай болот деп жатат байкем” деди. Нурак экөөбүз ал жерде да чогуу иштедик. Ошол кезде агаңардын жылдызы катуу жанды. Анын устаттык жагы аябай күчтүү болчу, мага ырларын ырдатып жүрдү. Ортодо ошентип 10 жылдай жөн гана тааныш болуп жүрдүк.
“КУДАЙДЫН КААЛООСУ МЕНЕН БАШ КОШТУК”
– "Эл оозунда элек жок" дегендей, эл билип-билбей “мындай кылып койсо деле болмок, антсе деле болмок” деп айта беришет экен. Бирок адам Кудайдын берген тагдырынын чийининен чыга албайт тура. Биз тааныштыгыбызга 10 жыл болгондон кийин баш коштук. 1981-жылы, ачык эле, жакын досторунун алдында жубайына айтып үйлөндүк. Жашырган эч нерсе болгон жок. Нурак “мен мындан кийинки өмүр жолумду ушул киши менен өткөрөм” деп ачык айтты. Кыйынчылык болбой коймок беле, болду. Жубайынан 7 баласы бар болчу, карындашы менен курбу элек, алардын үйүнө кирип-чыгып балдарын эркелетип, ойнотуп сүйлөшүп жүргөнүмдү билип, көрүп жүргөн үй-бүлө болчу. Менин агам менен Нурактар үй-бүлөлүк катнашта эле. Ошондуктан жеңил болгон жок. Бирок сүйүү деген чоң нерсе, биз баарын жеңдик. Сүйүү тандап сүйө турган нерсе эмес экен, ал Кудай тарабынан жүрөккө салына турган сезим. Сүйүп турган адамыңдын эч бир жаман жери көрүнбөйт. Агайыңардын эч бир жаман жери мага көрүнбөдү. Жакшы жактары аябай көп болчу. Аябай жардам берчү, бир нерсе жасаса жан дили менен берилип жасачу. Устаттыкты да берилип жасачу. Бир кыз бар ырчы, ырдатса обонго такыр кире албайт эле. Бир күнү бирөө “Нуке, ушул кызга короткон эмгегиңди башкага коротпойсуңбу. Мунуңдан ырчы чыкпайт” деп так кесе айтты. Нурак “жок, музыкада 5 пайыз талант болсо, калганы эмгек, аракет кылып жатпайбы” деп тажабай жүрүп үйрөттү. Ошол кыз азыр мыкты ырчы. Ушундай кеменгер, даанышман адам эле...
“ЭКИ АЯЛ МЕНЕН ЖАШОО ФАНТАСТИКА ДА”
– Бир жолу ооруп, операция жасалып ооруканада жатып калдым. Врач келип мени студенттерге тааныштырып, “бул эжеңерди таанып алгыла, “Аппак сүйүү” деген ырдын каарманы, Нурак атаңардын жубайы” деп айтып калды. Таңууну жаңыртканы барсам жанагы врач “сизди көргөндөн бери бир суроо бере албай жүрөм” дейт. “Айтыңыз” десем “Нурак агайдын 20 баласы бар экен, эки аялы менен бир үйдө жашайт деп уктум эле, ошонун чын-бышыгын өзүңүздөн угайын дегем” дейт. Мен “эми 20 эмес, ошого чукулураак балдары бар, мурунку үй-бүлөсүнөн 7 бала, биздин 7 балабыз бар. Кудай танбаган балдардан биз кантип танат элек? Бирок эки аял чогуу жашайт деген жалган маалымат” дедим. Ортодо балдар тургандан кийин алардын маселесин чечиш үчүн сүйлөшүп мамилеге келиш керек да. Такыр эле каалганы жаап койгону туура эмес. Ал үй-бүлөдөгү балдардын баарын бутуна тургузду. Эки аял бир үйдө жашайт деген бул фантастика да. Бекеринен бир үй-бүлө ажырабайт, демек, айтылбаган бир себеби бар. Ал нерсе жабык боюнча калганы дурус.
“АППАК СҮЙҮҮ”
– Юлия Руцкая аткарып жүргөн “Аппак сүйүү” 1994-жылы чыкты. Сөзү да, обону да агайыңардыкы. Японияга “Камбаркан” ансамбли менен гастролго кетишкен. Үч ай жүрүп келишти. Японияга мурдагы президент Аскар Акаев да барып калган экен, анан “силерди өзүм ала кетем” дептир президент. Учактын ичинде бизнесмен, депутат, мамлекеттик кызматта иштегендер баары бар экен. Ошондо алар “Аппак сүйүүнү” келер келгенче Дилшат Кангелдиевага ырдатып угуп келишкен экен. Дилшат “Нурак агай сизди ушунчалык сүйгөн экен, ээ, эже, ыр ушунчалык мээримге, сүйүүгө толгон” деп айтып келди мага. Өзү бул ыр менен көп эл алдына чыкпай жүрдү. Кийин ыр хит болуп кеткенде Нурак “обон жаштардыкы деп көңүл бурбай койбодум беле. Ка-ап, обончулукка да көңүл бурсам болмок экен” деп кейип калды.
“КЫЗГАНЫЧ”
– Жубайларда үч нерсе болуш керек. Сый, ишеним, сүйүү – комуздун үч кылындай чогуу жашай турган нерсе. Үчөөнүн бири жок болсо жашооң күүгө келбей калат. Ыр эмес, чыр дүйнөгө айланат. Нурак агаңар экөөбүз гастролдордо чогуу жүрдүк, кийин биз балалуу болгондо жалгыз эле чыгып жүрдү. 2008-жылы инсульт болуп калды. Жанынан карыш чыкпай, тамагын мүнөздөп берип, дарысын убагы менен берип жанында көп жүрүп калдым. Ошондо да айрымдар “Нурактын аялы аябай кызганчаак экен, күйөөсүн бир мүнөткө да жалгыз калтырбайт” деп кеп чыгарышты (күлүп). Анын ден соолугун ойлоп жатканымды ким билип коюптур?
Биз сыйлашып, сүйүшүп, жакшы жашоодо жашадык. Агайыңар менен бактылуу турмуш кечирдим. Ал кыргыз элине укмуш байлык таштап кетти. 18 күүсү бар, 30дан ашык обону бар, китептери басылып чыкты. Маанилүү, мазмундуу өмүр сүрдү.
Нуржамал Жийдебаева