Маектешим – УТРКдагы “Ой ордо” берүүсүнүн, мамлекеттик иш-чаралардын, саясий теледебаттардын алып баруучусу, экран жылдызы Алмаз Касымалиев. Алмаз мырза менен кесиби жаатында кеп курдук.
– Алмаз мырза, саламатсызбы? Маанайыңыз кандай? Учурда кандай иштер менен алексиз?
– Саламатчылык, маанай жакшы. УТРКда жайкысын эфирдик каникул мезгили. Кызматкерлер эмгек өргүүсүнө жапырт чыккан маал. Азыр редакциянын ички иштери мененбиз.
– УТРКда иштеп жатканыңызга канча жыл болду, бул жылдар сизге эмне алып келди?
– Быйыл 20 жыл болду. Кесиптик баалуу тажрыйба алып келди. Жаш өткөн сайын адам алышы керек болгон, коомдо ордун аныктай турган, көз карашын калыптандырчу тажрыйбаларды алып келди.
– Элге таанымал болуу сиздеги кайсы бир сапатты өзгөрттүбү?
– Мурдагы жалкоолуктун 50 пайызын жок кылды. Эл алдында жоопкерчиликтүү милдет тагылып жаткандан кийин, өзгөчө саясат, коомдук чоң маселелерге эфирде жеңил мамиле кылган болбойт. Издендим, өткөрүп жиберген нерселерди кайра окуп чыгууга туура келди. Өзүмдүн ишиме сын баа берип, анализдеп, элдин сөзүнө, сынына, мактоосуна анализ жүргүзүп турууну калыптандырды окшойт. Ал эми мүнөзүмдү, жүргөн-турганымды өзгөрткөн жок деп ойлойм.
– Саясатчылар менен көп байланыштасыз, алар менен катташып, дос болуп калган учурлар барбы?
– Достук дегендей мамиле түзүлгөн жок. Дос болуп жүрүп, кийин саясатка кеткендер бар. Саясатта жүрүп таанылган, мыкты саясатчы делген, же өзүн саясатта бекемдегиси келген адамдар менен жакын мамиле деле түзгөн жокмун, сый мамиледе болдум. Кээ бирөө “үнүң керек, жүзүң керек, маек кылсак болот эле” деп калышат. Коомдук мааниси чын эле элдик багыттагы маселе болсо жардам берем. “Баланча төлөп беребиз” деп коммерциялык багыттагы, саясий кызыкчылыгы бар, упай топтоо өңүтүндөгү иш менен кызматташууга да чакырышат. Бул жеке кимдир бирөө үчүн кызмат кылгандын белгиси болуп калышы мүмкүн. УТРКнын саясий-коомдук программаларын алып барып жүргөн журналист катары андайга жол берилбеши керек деп эсептейм.
– Саясий берүүлөрдү, дебаттарды алып баруу оорбу?
– Оордугу бар. Мисалы, саясаттагы лөктөр менен чыгарда өзгөчө татаал жагдайлар болот. Эреже, тартипке бирдей баш ийдирүү. Курч мамиледе, эмоциялык абал күчөп турган дебаттарда бардыгына бирдей мамиле кылып, ошол эле маалда ар бири менен жеке кармашка чыккандай болосуң. Саясатчылар менен болгон эфирде алар ошол аянтты колдонот, бизден кандай мамиле болсо жооп бергенге даяр. Алардан кандай мамиле болсо биз да ошого даяр болушубуз керек деген катаал даярдык болот. Андайда жумуш столунун үстү толуп, кабинеттин тең жарымына кагаздар жайылчу. Кызыл, жашыл, сары белги коюп алып, баланча кагазда баланча деген маалымат турат дегенди мээге түйчүбүз. Ошол тема тууралуу маалымат кетип баратса, туура кетип баратабы текшерип, туура эмес болсо фактыны айтып, “сиз башкача айтып жатасыз, биздин маалымат боюнча мындай. Ким калп айтып жатат?” дегенге даяр турушубуз керек. Дебаттарда эл күтүп турган, элдин оюндагы көйгөйдү, маселени туура, так көтөрүп, эл менен талапкерлерди түз сүйлөштүргөн абалды түзүү зарыл. Бул оңой эмес. Шайлоо кодексине дебаттарды өткөрүү принциптерин киргизгенден кийин бир топ маселе өзгөрүп кетти. Модератор суроону гана берет. Талкууга аралашпайт, талапкер убактысын кандай пайдаланышты өзү билет.
– Дебаттан кийин “эмнеге минттиң?” деп таарынган, ачууланган саясатчылар болобу?
– Болот. “Силер андайсыңар, мындайсыңар,буйрук аткардыңар” деген сыяктуу сөздөр менен өздөрүнүн кетирген каталарын, кемчиликтерин жапкысы келет. Биз эфирде шардана кылып койгон фактыларды жокко чыгарганга аракет кылышат.
– Ошондой буюртмалар түшөбү чын эле?
– Дебаттардын “Шайлоо кодексинде” камтылган азыркы форматына карасак, андай маселе өзүнөн-өзү жокко чыкты. Мурунку жылдардагы эркин форматта өткөн дебаттарда кайсы бир тараптар эфирди колдонуп кетүүнүн аракетин жасашчу. Конкреттүү бир талапкерге конкреттүү суроо берилишин талап кылган да учурлар болгон. Бирок ошондой суроолор келгенде эле редакциялык топ “бул суроого мындай жооп болот. Бул суроону бербей койсок утабыз” деп талашчубуз. Кээде ушундай учур болот, кайсы бир суроо эфирде берилбей калса, тигил, же бул талапкер, саясатчы башка атаандаштары менен бир катарда болуп кала берет. Эгерде тандалган, басым жасалган суроо узатылса, саясатчы башкалардан өзгөчөлөнүп, эл ичинде аты дүңгүрөп кетет.
– Андай буюртмаларды аткаруудан баш тарта аласыздарбы?
– Тартабыз. Далай жолу баш тарттым. “Эмне сөздү укпай калгансың?” деген жемени башкы директорлордон далай уктум. Эфир убагындагы процесске мен жооп берем. Ал эми башкы директор менен саясатчынын мамилеси башка да. Эртең алар дос болуп алышы мүмкүн. Ар кандай жетекчилер болот, суранышат, алдашат, коркутуп жасаткысы келет. Бирок түз эфир жүрүп жатканда жагдайга жараша өзүң чечим кабыл аласың. Эфирден кийин уккан тилиң, алган сөгүшүң, албай калган премияларың ал экинчи маселе.
– УТРКга карата айтылган сындарды ал жердин тузун таткан адам катары кандай кабыл аласыз?
– Жакшы эле кабыл алам. Сын бизге туулгандан байланып калган көрүнүштөй элестейт кээде. Себеби, “эмнеси жаман?” десең, “баары жаман” дешет. Андай болушу мүмкүн эмес. Мисалы, Касымалиевдин жумушу жаман болушу мүмкүн. Бирок кандай жагынан жаман? Же конкреттүү “силер карманган позиция жеке менин позицияма туура келбей жатат” деп айтыш керек. “Жамансыңар, бийликтин сөзүн сүйлөй бересиңер” деген сөз, менимче, ордун толук таба албай жаткан сын. Болбосо бийлик ким? Элдин атынан шайланган орган. УТРКнын башкы милдети – эл кимди бийлик башына шайлап алып келсе, ошол кишилердин программасын, өнүктүрүү багытын, позициясын чагылдырып берүү деп эсептеш керек. Коомдук-социалдык багыттагы көйгөйлөрдү, айлыктын азыдыгынан баштап зордук-зомбулукка чейинки маселелерди көтөрүп, талкуулап эле жатабыз. Идеологиялык өңүттө да иштер жүрүп жатат, биз кимбиз, ким болушубуз керек, кыргыз болуп сакталып калыштын, мамлекетти бекемдөөнүн жолу эмнеде деген суроолордун үстүндө тынымсыз талкуу жүргүзүп жатабыз. Эл аралык же жергиликтүү башка ММКлар карманган ар башка көз караштар менен УТРКнын көз карашынын жашап жатканы – баланс. Баары жаман деген болбойт. Ошол эле “Спорт”, “Баластан”, “Маданият, тарых, тил” каналдарыбыз кандай сонун иштерди жасап жатат. Сындарга ыйлап-сыктап чөгүштүн кереги жок. Сынды кабыл алып, оңдогонго аракет кылыш керек. Сын да керек, ансыз жаңылануу, өзгөрүү болбойт.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Жубайым Зарина Эсенбаева дагы кесиби боюнча журналист. “Заманада” чогуу иштеп жүрүп үйлөнгөнбүз. Учурда эл аралык уюмда иштейт. 3 уулубуз бар, улуусу 9-класска, ортончусу 4-класска көчтү, кичүүсү 3 жарым жашта.
– Жакшы. Маегиңизге рахмат.
Перизат Музуратбекова