ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 8-августтан 14-августка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада демилгени колго алып өз пикириңизди жана активдүү жашоо позицияңызды коргоого бел байлайсыз. Аптанын экинчи жарымы жаңы таанышуулар үчүн эң сонун учур. Поэзия, лирика, музыка, көркөм сүрөт искусствосуна болгон кызыгуу артат. Үй-бүлөлүк мамиледе түгөйүңүзгө көбүрөөк ишеним артыңыз, шек жараткан ойлорду дароо мээңизден өчүрүп салганыңыз туура. Балалуу койлор алардын ийгилигине кубанчу убакыт келет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Достор менен мамиледе түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Буга чейин сизден жашырылган окуядан кабардар болосуз. Кимдир бирөөнүн сөзүн толук түшүнбөй, туура эмес жыйынтык чыгарып алгандан оолак болуңуз. Жашооңузду узак мөөнөткө пландаштырбай эле коюңуз: максаттарыңызга жетүү кээде пландагандан тыш болуп калышы толук мүмкүн. Жакындарыңыз эс алуу күндөрү саякатка, пикникке чакырышат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Туруктуу өнөктөшүңүз менен орчундуу маселени талкуулоодо келишпестик чыгышы мүмкүн. Мындай белгисиздик, бүдөмүк учурда маанилүү чечимдерди кабыл алууга шашпаңыз. Аптанын экинчи жарымында жашооңузда жагымдуу окуялар болот. Кымбат баалуу алтын сөйкө, саркеч кийим же тиричилик буюмдарын сатып аласыз. Тапканыңыз берекелүү болот. Киреше булагыңыз кеңейип материалдык абалыңызды жакшыртып аласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бир нерсени иреттеп туура нукка салам деп, тескерисинче, чар жайыт кылып албаңыз. Үйүңүздү тазалоо учурунда абдан керектүү жана баалуу буюмуңузду жоготуп алышыңыз мүмкүн. Окууга тапшырууну пландап сынак тапшыруунун алдында тургандар эңсеген окуу жайына өтө алышат. Сырткы келбетиңизге басым жасап, сонун табитке ээ болосуз. Кийинүү, боёнуу стилиңиз көпчүлүктүн көңүлүн бурдурат. Буга чейин кетирген каталарыңызды оңдоого жакшы шарт түзүлөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сүйүктүүңүз менен мамилени бузууга аракет кылгандар болот, түрдүү кептерге туруштук бере албай түгөйүңүзгө басым жасап мамилеңизди суутуп албаңыз. Бизнесте өнөктөшүңүз көбүрөөк үлүштү мен алам деп чыр салышы мүмкүн, документ иштерин азыртан тууралап алганыңыз жакшы. Арстан айымдарга кеңеш: жакшы көргөн адамыңызга сүйүүңүздү биринчи билдирсеңиз болот, ал адамдын да сизге сезимдери бар экенин билесиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жубайыңыз менен түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн, бирок бат эле сиздерди жараштырчу жолдор табылат. Көптөн бери кайтара албай жүргөн аласаңызды аласыз. Сиз канчалык тырышканыңыз менен, тапканыңыз заматта түгөнүп калгандай сезимдер болот. Кирешеңизди туура пайдалануу жолдорун үйрөнүшүңүз керек. Балалуу бийкечтер аларга болушам деп мугалими же машыктыруучусу менен мамилесин солгундатып алышы мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Апта башында өзүңүздү иш кылууга мажбурлоо кыйынга турат. Кала берсе үй жыйноо, үй жаныбарларына жана өсүмдүктөргө кам көрүү жумушу да сиз үчүн кыйындай көрүнөт. Аткарылбаган ишти “ушул убакка чейин бүтүрөм” деп эч кимге убада бербеңиз, өз убагында бүтүрө албай кыйналасыз. Аптанын экинчи жарымында бизнеске болгон кызыгууңуз ойгонот. Ал үчүн план түзүү абдан маанилүү болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Үй-бүлөлүү чаяндар каржы булактарына кылдат мамиле кылышы керек. Балаңызга кымбат баалуу оюнчук алып берүүдөн алыс болуңуз. Аны менен сырдашыңыз, оюн угуңуз, сизден бир нерсе жашырып жаткан болушу мүмкүн. Сүйүү жана романтикалык мамилелерде өнүгүү болот. Бойдоктор эс алуу учурунда сүйүктүүсүн табат, бирок эс алуудагы романды туруктуу мамилеге айлантуу же убактылуу кылуу өзүңүздөн көз каранды.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта башында жакын туугандар жана үй-бүлө мүчөлөрү менен өз ара түшүнүшүү кыйынга турушу ыктымал. Мүлкүңүзгө зыян келтире турган окуялардын алдын алышыңыз кажет. Бул мезгилде уурулук күчөп, тоноочулар сизди кылтакка илиши мүмкүн. Аптанын экинчи жарымы абдан тынч, ыңгайлуу өтөт. Сүйүктүүсүнөн кол үзгүсү келген бойдоктор олуттуу чечим кабыл алуудан мурун жакын адамынын кеңешин угуп койгону жакшы.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Келбетин өзгөртүүнү каалаган текечер айымдар аптада эрдигин көрсөтүп каалаган нерсесин жасай алышат. Текечер мырзалар жумушта жетекчилиги менен кайым айтышып жумушун таштоо чечимине келиши мүмкүн. Эмоцияга алдырып турган учурда чечим кабыл алууга шашпаңыз. Никедеги жубайлар бири-бирине болгон сезимдери бекемделип, буга чейин билинбеген жаңы сапаттарын ача алышат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жылдыздар аптада эч кимге карыз бербөөнү сунушташат. Карыздар адамыңыз акчаңызды убагында кайтарбай убара кылышы мүмкүн. Кандайдыр бир каржылык схемаларга катышууну сунуш кылган адамдар пайда болушу ыктымал. Абайлаңыз, алданып калуу ыктымалдыгы өтө жогору. Аптанын экинчи жарымы үй жаныбарларын, мышык же аквариум балыгын сатып алуу үчүн ыңгайлуу.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Толук, ачык-айкындуулук жок маселелерде демилге көтөрбөшүңүз керек. Сиз жасаган кадамдарды көпчүлүк сындап туура эмес баалашы мүмкүн. Бирок мезгил өз баасын берет, жылдар өтүп сиз туура кадам жасагандыгыңызды түшүнөсүз. Сүйүү мамилесинде бакытка мас болосуз, аны менен өткөргөн ар бир мүнөт түбөлүк жүрөгүңүздө сакталат. Бул убакытты сүйүктүүңүз менен гана өткөрүшүңүз керек болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан