Омар, ырчы: “ЭЛГЕ АЗЫР КӨРКӨМ СӨЗ ЭМЕС, МОРГЕНШТЕРНДИН СӨГҮНГӨНҮ КЫЗЫК”

– Омар, саламатсызбы? Иштериңиз жакшыбы, чыгармачылык өз жолу менен кетип жатабы?

– Саламатчылык. Чыгармачылык болуп жатат, Кудайга шүгүр. Былтыркыга караганда быйыл жакшы. Ырлар мурункудай чыкпай эле, бирок 4-5 ыр даярдап койдум. Арасынан бирөөсү жакшы чыгат деп ойлойм. Сентябрдан баштап чыгарам.

– Акыркы жолу “Махабатым” ырыңыз чыкты, клипке жубайыңызды тарттыңыз. Өзү каалап тартылдыбы?

– Диана эл алдына чыкканды анча жактыра бербейт. Менин сунушум менен эле тартылып калды. Башында “башканы эле тартпайсыңбы” деп болбой жаткан. Мен эстеликке калышын кааладым. Балким, кийин балдарыбыз көрөт.

– Бул ырдын чыкканына деле 5 айдай болуп калыптыр. Негизи эле көп көрүнбөй кеттиңиз...

– Чынын айтканда, 4-5 жыл бизнес менен алектендим. Убактымдын көбү ошол жакка кетти. Ал бизнесибиз пандемияда токтоп, андан ары жабылып калды. Ырдап эле жүрдүм. Бирок чыгармачылыкка толук кирише албай койдум. Чыгармачылыкка көп убакыт талап кылынат. Анын үстүнө оюң башка жакта болсо ыр жаза албайт экенсиң. 5 жыл ичи жазган ырларым жакшы тараган жок. Экинчиден, менимче, ошол убакта хит ырлар чыккан жок. Азыр кичине чыгып келатат. Элдин кабыл алуусу ар кандай болот экен да. Азыр Инстаграмда активдүү болуп, пиардын жаңы куралдарын колдонбосоң, ырың кетпейт. Мен ага көп маани бербептирмин. Эми, буюрса, кайра мурункудан да күчтүүрөөк болуп жанданам деген оюм бар.

– Учурда жылдыз болуп жаткан ырчылардан кимди баалап, кимди сындай аласыз?

– Сын айткан киши эмесмин. "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дейт. Сапат деген бар. Ритмге, тонго түшпөй жатса, бул жакшы көрсөткүч эмес. Бирок ар бир ырчынын угарманы бар. Кээ бирлер баритон үндү жактырса, кээ бирлерге ичке үн жагышы мүмкүн.

– Сизде хейтерлер барбы?

– Бар. “Ушул баланы көрсөм жиним келе берет” дегендер бар. Баарына жага албайсың. Мага деле баары тең жага бербейт. Ырдап жүргөнүмө 15 жылдай болуп калды, хейтерлерге каршы иммунитетим бар.

– Сизге жакшы сөз деле көп жазылат, “маданияттуу жигит” деп макташат...

– Жалалидин Руминин “көрүнгөнүңдөй бол, болгонуңдай көрүн” деген сөзү бар го. Бирок шоу-бизнесте формат деген бар, болгонуңдай көрүнсөң кызыксыз болушу мүмкүн. Эфирде досуң менен сүйлөшкөндөй сүйлөсөң, билбейм, бизде эскиче тарбия бар да. Мисалы, Моргенштерн эфирде бутту учкаштырып отуруп сөгүнүп сүйлөй берет. Менин маданияттуу сүйлөп отурганыма караганда Моргенштернди карап отуруу кызык. Улуулар деле бир токтоп “эмне болуп кеткен?” деп көңүл бурушат. Мунун баары адамдардын деградация болуп жатканынын белгиси деп ойлойм. Бир убакта интеллигенциянын заманы болуп, элдин аң-сезими көтөрүлүп, көркөм сүйлөгөнгө аракет кылган убак болгон. Азыр акылдуу сүйлөсөң жакпайсың. “Эмне акылдуусунуп жатат?” дешет. Мен кыргыз тилинде сөздүн гүлдөрүн терип сүйлөгөн адамдарды баалайм. Сөз баккан адамдар азайды, модадан чыгып жатат. Мен өзүмдү форматка ылайыктуу алып жүргөнгө аракет кылам.

– Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшпаевдин ырлары азыркыга чейин ырдалып жүрбөйбү. Сиздин кайсы ырыңыз ошентип муундан-муунга өтүп ырдалат деп ойлойсуз?

– “Кыргызстаным” деген ырым ошентип ырдалышы мүмкүн. Бир убак келет, Мирбек Атабековдун ырлары кайра ырдалып баштайт, арасында “Кыргызстаным” да чыгат болуш керек.

– Анда жеке жашоого өтсөк, балдарыңыз кандай чоңоюп жатышат?

– Жакшы, Кудайга шүгүр. Ата болгон мага аябай жакты. Буга чейин балдарым жок кантип жүргөм деп ойлоном. Экөө тең мага жакын. Балаң сени шартсыз сүйөт экен, кандай адам болсоң да, балаң үчүн сүйүктүү адамсың. Ал чыныгы сүйүү, жүрөгүңдү элжиретип жиберет. Негизи кыз киши атага сүйгөндү үйрөтөт экен. Кыз менен атанын ортосунда башкача байланыш болот тура.

– Сонун, аябай чын дилден айтып бердиңиз. Жубайлар ортосундагы мамиле кандай болуш керек?

– Үй-бүлөлүк мамиледе өйдө-ылдый болот да. Убакыт өткөн сайын көз карашың, ойлоруң өзгөрөт. Дос балдар, тааныштар бар, сыртынан карасаң сонун үй-бүлө, анан “бизде мындай маселе болуп жатат” десе таң каласың. Ар бир үй-бүлө уникалдуу. Бирөөгө кеңеш айтпаш керек экен. Сенин кеңешиң ал үй-бүлөгө туура келбей калышы мүмкүн. Үй-бүлөдө сүйүү менен катар сый-урмат, түшүнүк болушу керек. Эки адам бири-бирин уга билип, түшүнүшсө эле, менимче, көп маселе жеңил чечилет.

– Үй-бүлөлүк жашоодо кризистик этаптар бар, сүйүү 3 жылдай гана жашайт дешет. Ошондой бекен?

– Ошондой эле. Көп адамдын башынан өткөндөн кийин ушундай жыйынтыктар чыгат да. Үйлөнүп жатканда жашооңдун баары ушундай болот деп ойлойсуң. Анан балалуу болосуң, маселелер чыгат. Кийин бир убакыт келет, сүйүү деле бар, бирок мурункудай жалындуу эмес, ортодогу түшүнүк, сый маанилүү болуп калат экен. Ошону менен жашаган жеңил. Аялыңды бир тууганыңдай көрүп калат экенсиң.

Акыркы жолу...

– Эмнеге күлдүңүз?

– Мирбек Атабеков бир анекдот айтып берген, ошого күлдүм. Эмне жөнүндө экенин айтпай эле коёюн.

– Эмнеге таң калдыңыз?

– Илон Масктын спутниктеринин учканын көрдүк го, ошого таң калдым, Америкадан учуп, бизге көрүнүп жатат деп.

– Эмнеге ачууландыңыз?

– Аялыма ачууландым окшойт, үй-бүлөлүк кичинекей нерсе үчүн.

– Эмнеге кейидиңиз?

– 20 миң долларымды туура эмес ишке салып коюптурмун, күйүп кетти. Ошого кейидим. Мен акча салгандан бир жумадан кийин Украинада согуш башталып кетпедиби, ошого байланыштуу болуп калды.

– Сиз уккан укмуш ыр?

– Мирбек Атабековдун “Жүрөктө сенсиң, жаным” ыры. Өзүмдүн ырым да жагып жүрөт, ал ыр азырынча чыга элек, атын да коё элекмин. Жакшы ыр болот деп ишенип турам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан