КЫРГЫЗСТАНДА КАНЧА МӨҢГҮ БАР? ОКУМУШТУУЛАРДЫН БОЖОМОЛУ ЖАНА ЭСКЕРТҮҮЛӨРҮ

Кыргызстандын, дегеле адамзаттын негизги байлыгы – суу. Глобалдык жылуулук, климаттын өзгөрүшү, кургакчылык мөңгүлөрдүн эришин тездетип жатканын адистер эскертип келишет. Эксперттердин айтымында, жакынкы 50 жылда Орто Азиядагы мөңгүлөрдүн запасы 30-40 пайызга азайышы мүмкүн. Бул – таза суунун запасы 25-30 пайызга чейин азайышы күтүлөт деген коңгуроо. Бүгүн биз адистерден Кыргыз жериндеги мөңгүлөрдүн абалы боюнча маалымат алдык.

Мөңгүнүн аянты азаюуда

Борбор Азиядагы жерди изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку жылдары Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 17-18 пайызга чейин азайды. Илимпоздор климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, дарыялардагы суунун көлөмүнүн азайышы жер иштетүү, сугат маселесине башкача мамиле кылууга түртүп жатканын айтышат. Илимпоздордун божомолу боюнча, 2100-жылга чейин майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, Ала-Тоодогу ак кар, көк муздун аянты 50 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн. Кыргызстандын жалпы аянтынын 4 пайызын мөңгү жамынган тоолор түзөт. Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн 45 пайызы Кыргызстанда жайгашкан. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 10 миңге жакын майда жана ири мөңгүлөр бар. Көпчүлүгү Ысык-Көл жана Нарын облустарында. Алай тоо кыркасында да мөңгү көп. Учурда мөңгүлөрдүн саны көбөйгөнү менен, аянты азайып жатат. Себеби – айрым чоң мөңгүлөр эрип, эки-үчкө бөлүнүп кетүүдө.

“Жаратылыш абадагы зыяндуу заттар менен күрөшө албай баратат”

Суу жана гидроэнергетика көйгөйлөрү институтунун директору Доктурбек Чотонов Кыргыз жериндеги мөңгүлөр тууралуу буларды билдирди:

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гана эмес, жалпы Дүйнө жүзүндө абанын температурасы нормадан 1-3 градуска чейин көтөрүлдү. Буга байланыштуу климат өзгөрүп жатат. Климаттын өзгөрүүсү эмнеден болот? Биз жашаган Бишкек шаарынын эле мисалынан алсак, өндүрүш объектилерин айтпаганда транспорттон канчалаган зыяндуу заттар чыгып жатат? Унаалардан чыккан зыяндуу көмүр кычкыл газы менен бак-дарактар бөлүп чыгарган кычкылтек гана күрөшө алат. Акыркы жылдары жаратылыш антип күрөшө албай баратат. Зыяндуу заттардын курамындагы оор металлдар жер үстүнөн 30 метрден өйдө кетпейт, тура берет же кайра жерге түшөт. Климаттын бузулуусунун бир себеби ушул. Биз гибриддик технологияга, газга, электромобилге өтүшүбүз керек. Экинчиден, калктын саны көбөйдү. 1990-жылдары Борбор Азияда 24 миллион калк жашаса, азыр 75 миллион. Суунун жетишпестиги да, ага муктаждык көбөйгөнү ушундан. Дарыяларда аккан суулардын 70 пайызын биз айыл-чарбага колдонобуз, арыктар менен келген суулар көчөттөргө жеткиче эле бууланып жок болуп кетет, ошондуктан тамчылатып сугаруу жолуна өтсөк жакшы болмок. 20-кылымда Ысык-Көлгө 101 дарыя куйчу, учурда 34 эле дарыя куят. Тоолордон агып түшкөн суулар, мөңгүлөр азайгандыктан жок болуп кетти.

“Мөңгүлөр эрип биротоло жок болуп кетпейт”

– Дүйнөлүк тенденцияны байкасак, мөңгүлөрдүн 25-30 пайызы эрип кетти. Ал эми Кыргызстанда мөңгүлөрдүн 18 пайызы эрип кеткенин окумуштуулар изилдеп чыгышты. Бирок мөңгүлөрдүн такыр жок болуп кетиши мүмкүн эмес, кар жаап музга айланып кайра орду толукталып турат. Мөңгүлөр деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктиктен кийин пайда болот. 5 миң метрден бийик жайгашкан мөңгүлөр жок болбойт. Биздин Тянь-Шань тоолорубузда 7 миң метрге чейин бийиктикте жаткан мөңгүлөрүбүз бар. Антсе да төмөн жактагы мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатканын эске алып сууну үнөмдүү пайдалануу жолдорун табышыбыз зарыл. Окумуштуулар биздин аймакта 2040-жылга чейин дарыяларда суунун агымы көбөйүшү мүмкүн, андан кийин мөңгүлөр эрип бүтүп, дарыялардагы суу азаят деп жатышат. Мурун эл аралык жаңжалдар көбүнчө жер талаштан келип чыкса, эми суу талаштан чыгышы мүмкүн. Анткени 2040-2050-жылдары планетанын үчтөн бир бөлүгү суу кризисине кабылат деген божомол бар.

“Чакан ГЭСтер табиятка зыян алып келет”

– Чакан ГЭСтерди көп куруу жаратылышка зыянын тийгизет. Көрүнгөн коктуга эле чакан ГЭСтерди кура берсек, дарыялардын нугун бузуп алабыз, бул абдан зыяндуу. Мисалы, Тажикстанда 400гө жакын чакан ГЭСтер курулган экен, азыр дарыяларда суу жок, ал ГЭСтердин 50 пайызы иштебей калыптыр. Кыргызстанда Совет доорунда көзгө көрүнгөн мөңгүлөр гана изилденген, ал эми чоң таштардын, зоокалардын астындагы мөңгүлөр дээрлик изилдене элек.

“Тоо чокусундагы мөңгүлөр жукарыптыр”

Эколог Абдижапар Аккулов мөңгүлөрдү сактоо жолдорун табыш керек дейт:

– Быйыл тоо чокусундагы мөңгүлөр аябай жукарыптыр, кирдептир деген сөздөрдү көп угуп жатам. Мунун себептери көп, мисалы, соңку ондогон жылдар бою кышкысын кардын аз жаагандыгы, суук болбогону, мөңгүлөр эрий турган температуралык шарттын узак болуусу. Ал эми кирдегени – абадагы чаңдын көбөйгөнүнөн (тоолуу аймактарда кен казуу иштеринин кесепети). Чындап эле быйыл тоо дарыяларында суу агымынын аз экени байкалып турат. Көп жерлерде булактар соолуп калган. Демек, жылдык жаан-чачын нормасы улам азайгандыгы буга таасир этүүдө.

“Жайыттар такырайды, мунун да мөңгүгө таасири тиет”

– Мөңгүлөргө жакын тоолуу жайыттарды эс алдыруу, которуштуруп пайдалануу жөнүндө эч ким ойлонгон жок. Бул багыттагы мыйзамдар иштебейт. Жакынкы жайыттарда малдын саны ашкере көптүгүнөн алар ири масштабда эрозияга айланып, деградацияга дуушар болууда. Жайыттар жер кыртышын кармап турган чөп тамырлар системинен ажырап, такырайып калууда. Геологияда альбедо процесси бар. Күн нурунун жана жылуулугунун жерге сиңиши жердин бетиндеги өсүмдүк катмарынын абалынан көз каранды. Такырайган жайыт тоо аймактарында аба температурасын жогорулатууга шарт түзөт. Албетте, мунун мөңгүлөрдүн ээришине таасири тиет.

“Токойлордун аянты кескин азайып кетти”

– Акыркы 30 жыл ичинде тоо токойлору антропогендик ишмердиктин (кен казуу, аларга барчу жол салуу, мыйзамсыз дарак кыюулар жана башка) таасиринен улам кескин кыскарып кетти. Эгемендик жылдары токойлор 3,5 пайыздан 60 пайызга чейин көбөйтүлдү деген калп. Тескерисинче, токой аянттары суюлуп, табигый калыбына келүү процесси жокко эсе болууда. Токойго көчөт тигүү иштери кагаз жүзүндө гана калууда, иш жүзүндө андай эмес, жаңы токой аянттары пайда болгон жок. Мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн жогорудагы маселелерге көңүл бурулуп, мамлекеттик деңгээлде атайын программалар иштеши керек.

Кыргызстандын мөңгүлөрүн изилдөө 2005-жылдан кийин гана активдүү жүрө баштаган. Ага чейин уюштуруу, каржылык маселеден улам 10-15 жылдай токтоп турган.

  • Кыргызстанда “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, бирок күчүнө кирбей калган. Мыйзамга ылайык, мөңгүлүү бийик тоолордо кен казууга тыюу салынмак. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзам күчүнө кирсе бюджеттин кирешеси азайып кетет деп (“Кумтөр” кенинин мисалында) айтып, мыйзамга кол коюудан баш тарткан.
  • Кыргызстандагы эң чоң мөңгү Түндүк Эңилчек болуп эсептелет. Анын узундугу 35 чакырымга жакын болсо, туурасы 1,5-2 чакырымды түзөт.
  • Мөңгүлөр – бул чоң муз массалары. Алар өтө жай дарыя сыяктуу сүзүшөт. Жүздөгөн жылдар бою түшкөн кар кысылып, музга айланганда пайда болот.
  • Мөңгүлөр планетадагы таза суунун эң чоң запасын, жер бетиндеги таза суунун 75 пайызын түзөт.
  • Бир дагы мөңгүсү жок жалгыз континент – бул Австралия. Ал жакта тоолорунда мөңгү пайда болушу үчүн өтө бийик эмес.
  • Дүйнөдөгү эң чоң мөңгү Антарктидада жайгашкан Ламберт мөңгүсү. Анын туурасы 100 чакырым, узундугу 400 чакырым, тереңдиги 2,5 чакырымды түзөт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан