1-августтан тарта Кара-Кечеден көмүр ташыла баштады. Баасы кендин өзүндө 1 тоннасы 1450 сом болуп жатканы айтылды.
Ошто коомдук унаалардын кыймылын жарандар онлайн көзөмөлдөй алышат, бул үчүн спутниктик систем ишке кирди.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө макулдашууга быйыл сентябрда Ташкентте ШКУнун саммитинде кол коюлары маалымдалды.
Кыргыздын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов кызматынан бошотулду.
“2022-жылдын 6 айында республикалык бюджетти толтуруу планы 98,3 пайызга аткарылды”,- деп билдирди Каржы министрлиги.
Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
31-июлда Кадамжай районунда тамак-ашка массалык уулануу болду, жабыркагандардын саны 120дан ашты.
“Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы ТИМден президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөрү айтылды.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп Азамат Муканов дайындалды.
Бишкекте №1 СИЗОдон киши колдуу каза тапкан кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.
Улуттук статистика комитети: Мунай азыктарын импорттоо 2022-жылдын 7 айында 20 пайызга өстү.
Дайырбек Орунбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Жогорку Сот кримтөбөл Улан Токтосуновдун ишин кайра кароо өтүнүчүнөн баш тартканы белгилүү болду.
3-августта Ысык-Көлдө кичи автобус катышкан жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапса, 23 адам жараат алды.
Ысык-Көлдө 4 жаран эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп кеткени 4-августта кабарланды.
4-августта Орусиядан Ошко учкан учак техникалык себептерден улам Бишкекке конууга аргасыз болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.