КЫРГЫЗСТАН “БИР КЫТАЙ” САЯСАТЫН КОЛДОЙТ

Соңку аптада АКШ бийлигиндеги №3 адам деп саналган Нэнси Пелосинин Тайванга барышы, ага карата Кытайдын реакциясы, Тайвандын мындан аркы абалы дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууда.

Дүйнөнү сестенткен сапар

2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкагында Тайванга да барып, бийлик ээси Цай Инвэнь менен жолугушту. Ага чейин Кытай бийлиги Пелосинин Тайванга баруу планын кескин сындап, АКШны “от менен ойнобоого” чакырган жана Пелоси Тайванга барчу болсо Кытайдан катуу жооп болорун эскертип жатты. Пелосинин Тайванга сапары Кытайдын бүтүндүгүнө шек келтирип, “бир Кытай” принцибин бузат” деп билдирди Кытай бийлиги. Эскертүүлөргө карабай Пелоси Тайванга барып кайтты. Ал жерде АКШ Тайвандагы демократияны колдой турганын ачык эле билдирди.

Кыргызстан позициясын бекемдеди

Кыргызстан Кытай менен Тайвандын ортосундагы чыңалган мамиле тез арада басаңдайт деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик Кыргыз өлкөсү Тайвандын тегерегиндеги окуяларга дыкат көз салып турганын белгилейт.

– Кыргыз Республикасы “Тайвань маселеси” боюнча өз позициясы өзгөрүүсүз каларын жана бардык кыргыз-кытай мамилелерине негиз болгон документтерге ылайык “бир Кытай” саясатын колдой турганын бекемдейт,- деп айтылат маалыматта.

Казакстан дагы кошулду

Казакстан дагы “бир Кытай” саясатын колдой турганын жана Тайванды Кытай аймагынын ажырагыс бөлүгү деп эсептей турганын 4-августта жарыялады. Чет элдик делегациялардын Тайванга сапары сөзсүз Кытай бийлиги менен макулдашылышы керек деп айтылат Казакстан ТИМинин маалыматында. Орусия бийлиги Пелосинин сапарын “чагымчылдык” деп атады.

Тайвандын тегерегинде аскердик машыгуу башталды

Учурда Кытай Тайванды тегерете курчаган 6 аймакта масштабдуу аскердик машыгууларды өткөрүп жатат. Анын алкагында Кытай бийлиги машыгуу өтүп жаткан аймактардагы кемелер менен учактарга акваторияга жана аба мейкиндигине кирбөө тууралуу эскертүү берди. Машыгуулар 7-августка чейин уланары айтылды. Эксперттер бул машыгуулар Тайванды деңиз жана аба жолдору жактан блокадага алуу аракети деп жатышат.

Кытай өкмөтү Тайванга айрым санкцияларды жарыялады. Мисалы, аймакка кум экспорттоого тыюу салынды. Тайвандан цитрус жана балык азыктарын алып келүүнү токтоткону маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан