– Буга чейин “мамлекеттик кызматтын сапаты түшүп кетти” деген кептер көп айтыла баштаган. Анын негизги себептеринин бири дал ушул эмгек акы маселесине барып такалчу. Мына эми “Кумтөр” сыяктуу ири кендерибизди өз колубузга алып, мамлекеттин кызыкчылыгына буруп, бажы, салык төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу өлкө казынасын толтуруу боюнча аракеттерибиздин жемишин көрө баштадык,- деди Садыр Жапаров.
Өлкө жетекчиси айлыктын көтөрүлүшүнө байланыштуу мамлекеттик кызматкерлерди өлкөгө күйүп иштөөгө чакырды.
– Эми ар бир мамлекеттик кызматкер ар күнү ишине бара жатканда “бүгүн мен мамлекетиме кандай пайда алып келем?” деген жигердүү дем менен келиши зарыл. Мындан ары ишиңерге жаңы күч, жаңы көз караш менен мамиле кылып, өнүгүү мүмкүнчүлүгү мол болгон өлкөбүздү өргө сүрөөгө, мамлекетибизди өнүктүрүүгө, элибиздин жаркын келечегин түзүүгө батыл киришели,- деди президент.