Айта кетсек, 3-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун 4-тегерек столу өттү. Министрлер кабинетинин билдиришинче, инвесторлорго саламаттыкты сактоо, ирригация, транспорт жана башка тармактагы долбоорлор боюнча дагы маалымат берилди.
Араб координациялык кеңешине Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Араб экономикалык өнүгүүсүнүн Кувейт фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду, Катар өнүктүрүү фонду жана башка уюмдар кирет.