ТАМАК-АШТАН УУЛАНУУДА БИРИНЧИ ЖАРДАМ

Жайкысын тамак-аш бат бузулуп, андан уулангандар көп болот. Бул учурда алдастап кандай биринчи жардам көрсөтүүнү билбей калабыз. “Тез жардам” медициналык борборунун терапевти Элнура Валижан кызы менен бирге сизге “шпаргалка” боло турган кеңеш даярдадык.

Кандай тамак-аштан ууланып жатышат?

Бардык эле тамак-ашта, жер-жемиш, суусундуктарда бактерия, грибок сымал микроорганизмдер бар. Алар жылуулукту жактыргандыктан ысыкта бат көбөйүп кетет да, азыктардын бузулуусуна алып келет. Ошондуктан жайкысын дарбыз, коон сымал жер-жемиштерден уулангандар арбын. Мындан сырткары туура эмес сакталган же сактоо мөөнөтү өтүп кеткен консерваланган азыктар, фаст-фуд, эт, сүт азыктары, туруп калган тамактардан ууланышат. Балык, жумуртка, майонез кошулган тамак-ашты жээрде абайлоо кажет. Булар бат бузулуучу азыктарга кирет.

Уулануунун алдын алуу үчүн

Эң башкысы жайкысын жол боюндагы азыктарды, тез татымдарды алуудан баш тартуу, даяр тамак-ашты, консерваланган, сүт азыктарын алууда сактоо мөөнөтүн кароо, жыттанып же даамы бузулуп бараткан тамак-ашты жебөө, тазалыкты сактоо кажет.

Тамак-аштан уулангандардын белгилери кандай?

Билбестиктен же эч нерсе болбостур деп бузулуп, ачып бараткан азыктарды, тамак, ширелерди жеп-ичип алгандан жарым сааттан 5-6 саатка чейинки убакыт аралыгында ич катуу бурап ооруп, кусуу башталат. Бир нече жолу кусушу мүмкүн. Адам шалдырайт, табити жоголот, дене табы көтөрүлүп, суусайт, ич өтүшү мүмкүн.

Үй шартында биринчи жардам

3 жаштан жогору балдар жана чоң кишилер ууланып куса баштаса 1-3 стакан жылуу суу берилет. Таза суу кусуп калганча кайра-кайра суу берип кустура берүү керек (6 жаштан жогорулар атайын 1-2 манжасын тамагына салып окшуп кусушу кажет). Таза суу чыгып калганда кусууну токтотуп, салмагына жараша (ар бир 10 килограммга 1 таблетка) активдештирилген көмүр ичилет. Өз алдынча кусууну же ич өтүүнү токтотуучу дарыларды ичүүгө болбойт. Анткени ууланган организм бир сыйра тазаланышы керек.

Эмнелерди жебей туруш керек?

Жашылча, мөмө-жемиштер, эт, сүт азыктары, майлуу, куурулган тамак-аштар, газдалган, муздак суусундуктар, шириндиктер, балмуздакты бир жума бою жебей туруу шарт.

1-3 жашар балдар, кош бойлуу же бала эмизген аялдар, карылар ууланса

Ошол замат “Тез жардам” кызматына чалып же жакынкы ооруканага жеткирүү керек! Аларды атайылап кустурууга, активдештирилген көмүр, дары-дармектерди берүүгө болбойт! Анткени 3 жашка чейинки балдардын организми алсыз, ууланууну көтөрө албайт. Ал эми жашы өтүп калган адамдарда өнөкөт оорулар көп болгондуктан кусуу өтө терс таасирин тийгизет. Кош бойлуу аялдардын боюнан козгойт, уулануу түйүлдүккө, бала эмизип жатса сүт аркылуу балага терс таасирин тийгизет. Буларга биринчи жардамды атайын адистер гана бере алышат!

Эгерде эч кандай биринчи жардам көрсөтүлбөсө

Алгач кан басым түшүп, башка органдарга кан жакшы жетпей калат, заара чыкпай калат да, натыйжада бөйрөк жабыркайт. Консерваланган азыктарды жеп ууланган адамга убагында эч кандай жардам көрсөтүлбөсө ботулизм оорусу пайда болушу мүмкүн. Ботулизм болсо нерв системин жабыркатат.

Биринчи жардамдан кийинки эмне кылуу керек?

Ууланган адамдын абалы жакшырып калса үйдөн диета кармоо менен организмди калыпка келтирүүгө мүмкүн. Эгер абалы жакшырбай, дене табы көтөрүлүп, шалдырап жатып калса ошол замат “Тез жардам” кызматын чакырып, же ооруканага алып баруу кажет.

Кандай тамак-аштарды жегенге болот?

Кусуу токтогондон кийин деле жылуу суу, компот көп ичип суунун балансын толуктоо кажет. Мындан сырткары сууда бышырылган ботко, банан, кайнатылган шорпо (этин жебей туруу кажет), бууга, сууга бышкан жашылчаларды жегенге болот.

Ичеги-карын инфекциясы менен тамак-аштан уулануунун айырмасы

Ууланууга окшош ичеги-карын инфекциясына кабылгандар бар. Ичеги-карын инфекциясы көбүнчө тамак-аш менен байланышы жок болот, тазалык сакталбаганда, жер-жемиштерди жуубай жегенде келип чыгат. Мында бир убакта эле дене табы көтөрүлүп, баш оору, ич өтүү, кусуу башталат. Инфекция киргенден бир күндөн кийин деле оору козголуп, көбүнчө ич өтүү менен коштолот. Ал эми ууланууда саналуу сааттын ичинде эле кусуп баштайт, жогоруда айтылган оорунун белгилери жаралат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан