34 жаштагы эне: “КЫЗЫМДЫ АЙЫКТЫРАМ ДЕП 9 ЖЫЛДАН БЕРИ ЧУРКАП ЖҮРӨМ”

Ата-эне үчүн баласынын ооруганын көтөрүү оор. Баласы үчүн эне-ата баарына даяр болот. Колунан келгенин, акыркы алы калгыча күрөшөт. Бүгүнкү каарманыбыздын апасы дагы кызынын сакайып кетиши үчүн барбаган жери калбаптыр. Операциядан кийин жакшы болот деген үмүт пайда болгондон бери ал баасы кымбат операцияга каражат топтоого далалаттанып жүргөн учур. Баарын өзүнүн баяндоосунда окуңуз.

“Барган сайын дем алганы оорлой баштады”

– Аты-жөнүм Азиза Чаргимбаева, 34 жаштамын. Токмоктогу Кош-Коргон айылында жашайбыз. Биздин эки кыз, бир уулубуз бар. Тун кызыбыз Жаркынай тубаса сколиоз оорусу менен жабыркап келет, тагыраагы, II жана IV даражадагы көкүрөк омурткаларынын өсүүсүнүн тубаса аномалиясы, III даражадагы сол тараптуу диспластикалык кифолоскиоз. Кызымдын оорусун алгач билген эмеспиз, 3 жашка келгенде медициналык кароого барганда билдик. Ошол күндөн баштап, азыр 12 жашка чыкты, ушул убакка чейин барбаган жерим калган жок. Далай дарыгерге, укалоого, эмне жакшы десе ошонун баарына чуркадым. Бирок жылыш болгон жок. Улам белинин кыйшайганы көбөйүп, оорутканы күчөп баратат. Дем алганы да башкача болуп кышылдап баштады. Көп баса албайт, бат чарчайт.

“Оору эмнеден жаралганы белгисиз”

– Бул дарттын пайда болгон себебин эч ким так айта алышпайт экен. Бири “кош бойлуу кезиңде жаракат алсаң керек же сасык тумоо болуп ооругансың” десе, бири “төрөт учурунда туура эмес төрөтүшкөн” дейт. Кызымдын өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгү ооруканада өттү, №4 шаардык оорукананын балдар ортопедия бөлүмүндө жыл сайын эки ирет жатып дарыланчубуз. Балаң үчүн баарына даяр болот экенсиң, колубуздан келгенин жасап көрдүк, бирок оорусу күчөп бара жатат. Кызым жакшы болуп кетсе дегенде эки көзүм төрт.

“Мектепке көтөрүп барган күндөрүм болду”

– 2020-жылы кызымдын бутуна кызыл бир нерселер чыгып кетти, көрсө, бутундагы кан тамырлары жарылып кетиптир. Ал дарт васкулит деген оору дешти, диета кармап, такыр баспаш керек экен. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда эки ай жаттык, бир жыл диета кармадык. 4-5 ай үйдө жатты, мектепке да барган жок. Кийин сабактарынан артта калбасын деп мектепке көтөрүп барып, көтөрүп келген күндөр болду. Китептерин берки балдарым көтөрүп барып келишет. Бул оорунун айынан мурдагы дарыланууларын токтото турууга туура келди, анан пандемия учурунда да туруктуу дарылана албай калдык. Ошентип акыркы 2-3 жылдан бери оорусу күчөп кетти.

“Айыктырса болот, бирок баасы кымбат”

– Дарыгерлер операция жасалса кызымдын бели түзөлүп, жакшы болуп кетет дешти. Муну укканда бизде үмүт пайда болду. Бирок ал чет жерде, адаттагыдай эле кымбат баада экен. Баасы 30 миң долларды чапчыйт. Түркияда, Индияда жасалат экен. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кызым оорусунан айыгып, турмушта өз ордун тапса, курдаштарынан артта калбаса, жаны оорубаса дейм. Жолдошум фермер, талаа жумуштары менен алек. Мен өзүм балдар менен үйдө отурам, мүмкүнчүлүгүм болгондо кээде тигүүчүлүк кылып иштеп калам. Чоң суммадагы каражатты табууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан, кайрымдуу элибизден кызымдын операциясына каражат чогултууга жардам сурап кайрылууга аргасызбыз.

Жаркынай Насипкулова, 12 жашта:

– Кандайсың, Жаркынай? Учурда абалың кандай?

– Саламатсыздарбы? Жакшы. Басканда, чуркаганда, оор нерсе көтөргөндө буттарым ооруйт. Белим дагы ооруйт.

– Окууларың кандай? Кайсы сабактарды жакшы көрөсүң?

– Жакшы. Быйыл 6-класска көчтүм. Сабактардан математиканы жакшы көрөм.

– Досторуң барбы?

– Досторум көп, баары менен жакшы мамиледемин. Чогуу ойнойбуз, алар мени капа кылышпайт, мага дайым жардам берип турушат.

– Келечекте ким болгуң келет?

– Мен негизи бийлегенди жакшы көрөм. Буюрса, жакшы болуп айыгып кетсем бий ийримине барсам дейм. Келечекте учкуч болгум келет. Үй-бүлөм менен чогуу дүйнө кыдырып, эл-жер көргүм келет.

– Айыгып, тилегиңе жет! Бактылуу бол!

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элсом, Мбанк: 0707 180 509

Айыл банк: 9417 3785 0162 2151

Байланышуу үчүн: 0707 180 509 апасы, 0705 051 184 атасы

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан