“СУПЕР-ИНФОНУН” КААРМАНЫНА ОРУСИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕР КОЛ СУНДУ

Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №1001 санында “Эки кызын жалгыз баккан ата: “Өкүнгөнүм – 8 жыл күтүп төрөгөн кызын жубайым көрбөй кетти” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда каарманыбыз Данияр Сыдыков аялы жүрөк оорусунан каза болуп, эки кызын жалгыз багып жатканын, кыйынчылыктарын айтып берген эле. Гезитке чыккандан кийин каарманыбыздын жашоосунда жакшы өзгөрүүлөр болуптур. Жардам колун сунгандар көбөйүп, президент Садыр Жапаровдун атынан да өкүлдөр барып жардам бергенин билдирди. Данияр мырзанын тагдыры көпчүлүк окурмандарды кайдыгер калтырбаптыр. Дегеним, жакында Санкт-Петербургдагы айымдар коомунун төрайымы Нургүл Орунбаева редакциябызга кайрылып, мекендештер атайын чогулткан акчалай каражатты каарманыбыз Данияр Сыдыковго тапшырып коюубузду суранды. Мекендештердин аманатын жеткиргенче тагдыр ээсинин ал-абалын сурап кайттык.

Данияр Сыдыков: “Жалгыз эмессиң, биз барбыз деп жубатышты”

– Мага колдоо көрсөтүп жардам колун сунган ар бир пендеге ыраазычылыгымды айткым келет. “Сен жалгыз эмессиң, биз барбыз, кыздарыңа татыктуу тарбия бер” деп жубатып жакшы сөзүн айткандар абдан көп болду. Жакшылык кылууга шашкан, сооп издеген адамдар көп экен... Кээде ушунчалык ыраазы болгонумдан көзүмө жаш тегеренип кетет. Андай адамдарды кантип ыраазы кылсам дейм, күндө алар үчүн дуба кылам. Учурдан пайдаланып Санкт-Петербургдагы аялдар коомуна, анын төрайымы Нургүл айымга рахматымды айтам. Бул айым мен гезитке чыккандан бери эле ай сайын айлыгын алганда акча которуп турат. Сиздердин гезитке да ыраазычылык билдирем, ушинтип элге жакын гезит болуп жүрө бергиле.

“Президенттин атынан да өкүлдөр келип жардам беришти”

– Мен гезитке жардам сурап чыккандан кийин “президенттин атынан келдим” деп бир жигит азык-түлүк, акчалай жардам таштап кетти. Аны менен телефондон кабарлашып турабыз. Кызымды бала бакчага киргиздим. Эки кызым менен ушул батирде айына 5000 сом төлөп жашап жатабыз. Батир ээси “үйүмдү сатам, жардам берчүлөр болсо үйдү алып калбайсыңбы” деп жатат. Ошого президенттин өкүлүнө уялбай эле “мага жер тилкесин же ушул үйдү алып бере аласыңарбы?” деп кайрылдым. Азырынча так жообун айтыша элек. Ушул жакка абдан көнүп алдык, мектеби, бала бакчасы, поликлиникасы аябай жакын, ушул үйдү алып калсам жакшы болот эле. Жер тилкеси да кенен, кыздарым чоңойсо чоң там салып алат элем.

Нургүл Орунбаева: “Данияр мырзанын тагдыры абдан кейитти”

– Биз, Санкт-Петербургдагы айымдар коому такай кыргызстандык оор турмушта жашаган мекендештерге жардам көрсөтүп келебиз. Данияр мырзанын окуясын “Супер-Инфодон” окуп абдан кейидим. Кийин өзүнө байланышып бир аздан акча которуп тургам, бул жолу биздин коом менен бирге кыргыз диаспорасынын жетекчилиги, Кара-Суу коому болуп 50 000 сом акчалай жардам көрсөтүүнү чечтик.

Каарманыбыз менен байланышуу үчүн: 0706 886669

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан