Токтор Бекбоев, куудул: “МЕН ЖАШООДО ЭЧ НЕРСЕ ЖОГОТКОН ЖОКМУН”

Куудул, пародист Токтор Бекбоев тамашалуу кыска вайндарды тартып элдин көңүлүн өзүнө буруп жаткан чагы. Маек Токтор мырзанын турмушундагы бактылуу көз ирмемдери, эмнеге өкүнөрү, чыгармачылык жолу тууралуу болду.

– Токтор мырза, саламатсызбы? Көрүнбөй кеттиңиз го?

– Кандайсыңар? Менин курагымдагы куудулдардан менден көп көрүнгөнү жок го. Азыр бардык жерде менин кыска вайндарым тарап жатат. Интернеттеги баракчалардын баарында мен (күлүп). Өнөрү бар киши өзү кааласа да токтоно албайт, бала кезимден “Ералаш” деген тележурналга кызыкчумун. Азыр ошого окшоштуруп кыска метраждуу тамашаларды тартып жүрөм. Өзүмдүн камерам бар, монтажды жакшы билем. Келинчегиме үйрөтүп койгом, ал тартып турат. Кээде кичине балдарды ойнотом, өзүмдүн уулумдун да шыгы бар, аны да вайндарга тартып калам. Эл кыска видеолорду тартып акча жасайт деп ойлойт экен, андай акчаны блогерлер тапса керек. Мен чыгармачылык үчүн эле тартам. Өзүм актёрмун да, негизи эле жөн отура албаган сапатым бар.

– Куудулдугуңуз калып калдыбы ошондо?

– Көп убактан бери сахнага аралашпай, гастролдорго чыкпай калдым. Мен гастролдоп барбаган жер калган эмес. “Токтор, сен чоң үй көрүп калсаң деле ошол жерге концерт бере бересиң” деп тамашалап калышчу. Жашым өйдөлөп калдыбы, кийин чыкпай калдым. Башка куудулдар дагы деле кыдырып жүрүшөт.

– Азыр сиздин дагы бир талантыңыз ачылып аккордеон менен ырдап жүрөсүз. “Жаш кезимде эле ырдап баштасам болмок экен” деген ой келген жокпу?

– Ошондой ойлор бар. Биздин муун ырдаган хит ырларды азыр жаңыртып ырдап жүрөм. Эсептесем 170 ырды аккордеон менен ырдап Фейсбук баракчама жүктөптүрмүн. Ыр хит болду, укмуш болду дешет го, ал радиодо жаңырып жаткан, кайра-кайра коюп жаткан ырларды айта беришет. Ошол хит болгон ырлар кайда азыр? Чыныгы хит – канча жылдан кийин болсо да ырдалган ырлар. Эмнегедир мурунку муундун ырлары азыр ырдалса да кайра эле уккуң келет. Баягы орто жерде чыккан ырчылардын ырларын эмес. Баягы эле Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Токон Эшпаевдин ырларын жаштар да угуп келишет. Мен да ошол ырларды ырдап жүрөм.

– Сиз көп жолу окууга тапшырып өтпөй калган экенсиз. Балким, ошол үчүн да ырдабай калгандырсыз?

– Кичинемден чыгармачылыкка жакын болдум. Аскер кызматына барып келгенде үч жолу окууга тапшырып, өтпөй калдым. Азыр ойлосом, ошондо деле акча берип сүйлөшүп окууга өткөндөр болгон экен, мен билбептирмин. Ушуга чейин окубай калганыма өкүнөм. Анан Нарын облустук драма театрына жумушка орноштум. Залкар, чоң таланттардан сабак алдым. Негизи мен ырдайм деп баргам, бирок актёр болуп кеттим, кийин интермедия аткарып жүрүп ошол жактан калың элге таанылдым. Ролдун көптүгүнөн ырдайм деп барганым унутулуп калды. Нарын театры өзү дөңгөлөк үстүндө жашаган театр болчу да, ошентип таанылып кеттим.

– Жеке атыңызды кантип түптөп чыктыңыз?

– 2000-жылы борборго келдим. Бек Борбиевдин командасы менен алып баруучу, куудул болуп жүрдүм. Канчалык эмгек кылсаң деле эл концерт бүткөндө “Бектин концерти жакшы болду, ээ?” деп айтышчу. Кийин атымды чыгарганга аракет кыла баштадым. Өзүмдүн интермедияларымды топтоп, монтаждап туруп дискке көчүрүп чыгарып жибердим. Ошондо Токторовдордун үй-бүлөсү деген ат менен таанылдым. Кызым Бегимай Бекбоева ырдап чыкты, көбүрөөк күчүмдү ошого жумшадым. Өзүм ырдабай калганым үчүнбү, кызымдын ырчы болуп чыгышын аябай кааладым. Кызымды эле жетелеп жүрчүмүн.

– Бегимай азыр ырдабай калды окшойт, ээ?

– Кыз бала турмушка чыгат экен, балалуу болот экен. Ошону менен алаксып чыгармачылык артта калат тура. Эми кызым 30 жаштан ашты, кандай кылса да өзү билет. Кийинки кызымды режиссёрлукка окуткам, ал дагы балалуу болгондон кийин чыгармачылыктан алыстады. Кыздарым өздөрүнүн жашоосу менен, мен өз жашоом менен жашап жүрөм.

– 2016–жылы бизге интервью берип, “50 жашымда сүйүүмдү таптым, бактылуумун” деп айтыпсыз, ошондогудай эле бактылуусузбу?

– Ошондой эле бактылуумун (күлүп). Кудайга шүгүр, баары жакшы. Очор-бачар болуп жашап келе жатабыз. Ошондо тамашалап “50 жашта чоң сүйүүгө жолуктум” деп койдум эле, эл талап эле жатып калды. “Карыганда кайдагы сүйүү” дегендер да болду. Мен негизи бирөөнүн үй-бүлөсүнө кызыкпайм, мени ошентип талкуулашса аябай жаман болдум.

– Чыгармачылыктан эмне таптыңыз, эмне жоготтуңуз?

– Чыгармачылыктан башка эч нерсе кылган жокмун, бизнес жасабадым. Кудай мага бир аз талант берип коюптур, ошону менен нанымды таап жашадым. Мен ийгилик, бактылуулук таптым чыгармачылыктан. Эч нерсе деле жоготкон жокмун. Жоготсо мени жоготуп алышкандыр бирөө-жарымдар, бирок мен эч кимди жоготкон жокмун. Жашоодо өйдө-төмөн болот экен, эмне болсо ал чекеме жазылган тагдыр. Түз жашадым, эч кимге зыянымды тийгизбедим.

– Жаш өйдөлөгөн сайын акыл топтолот дейт эмеспи, адамга өзү эмне керек экен жашоодо?

– Ден соолук керек биринчи, өкүнгөнүм – чыгармачылыкта бир топ нерсени өткөрүп ийиптирмин. Ырдап чыксам болмок экен, кайсы бир учурда “эмнеге мен жаш кезимде ушул нерселерди кылган жокмун?” деп калам. Ыр деле көкүрөк тынч болгондо чыга турган нерсе экен. Жүрөгүң тынч болушу керек тура. Азыр деле кеч эмес, кыска сценарийлерди жазып жүрөм, кыска метраждуу кино тартсам деп жатам. Жакында отчёттук концерт берсем деп да ойлонуп жүрөм.

– Бардык максаттарыңыз орундала берсин. Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан