Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, төкмө акын: “АЙТЫШКА ЧЫКПАЙСЫҢ ДЕП ҮЙГӨ КАМАП КОЮШКАН”

“Улуу акындардын шакирти болуп, батасын алып калайын деп Кытайдан келгем”,- дейт төкмө акын Мамбеттокто Мамбеторозо уулу. Аны менен өнөр жолу, бала чагы, айтыштар тууралуу кызытуу кеп курдук.

Төкмө тууралуу

Туулган жылы: 1996-жыл, 5-май

Туулган жери: Кытай, Кызыл-Суу автономдук облусу

Билими: Жогорку, филолог

Үй-бүлөлүк абалы: 2 баланын атасы

– Кош келипсиз, Мамбет мырза. Алгач өзүңүз менен таанышалы.

– Саламатсыздарбы? Мен 4 бир туугандын үчүнчүсүмүн, 2 эжем, анан карындашым бар. Ата-энем уулдуу болууну эңсеп, көпкө күтүп жүрүп мен төрөлүпмүн. Атам “уулума берем” деп жалаң оң чүкөлөрдү жыйнаптыр. Сары сандыгыбыз бар эле, ошого “уулум окуйт” деп китептерди чогултуптур. Уулдуу болобуз деп кеңеш сурап бир дарыгерге барышса, ал “чабалекейдин жумурткасын ичсең жардам берет” деген экен, апам аны таап ичиптир. Мени курсагында көтөрүп жүргөн кезде 2-3 жолу чабалекейдин сайраганын уккан экен, “ырчы, акын болушуңа, балким, ошол себепчи болду” деген апам бир жолу. Жакында эле атамдан “акын болушума кандай себептер болгон?” деп сурадым. Бир таякемдин комуз черткенин көрүп атам аябай таң калган экен. Мен жаңы төрөлгөн кезде ал таякем үйгө келиптир. “Ошондо биринчи жолу тырмагыңды алганбыз. Тырмакты билдирбей анын атынын ээр токумунун астына катып койгонбуз” деди. Таякесинин ээр токумуна баланын тырмагын кыстарып койсо ошону тартып калат деген ырым бар экен. Бул эми Жараткандын каалоосу, бешенебизге бүткөн тагдыр. Ошентсе да атам менен апамдын “өнөр адамы болсун” деген тилектеринин таасири болду окшойт.

Мага эжем 4 жашымда китеп окуганды үйрөткөн. Ошондон баштап атам "Манас" китебин окута берчү. Кассеталардан Жеңижок атабыздын айтыштарын укчубуз. Айтышка аябай кызыкчумун. 6 жашымда “кандай адамдар акын болот? Э Кудай, жок дегенде жамакчы болуп өтсөм ыраазымын” деп тиленчүмүн. “Акын болуп калсам экен, эл-журтка пайдам тийген, жакшы сөздөрдү калтырган инсан болсом экен” деп көп тиленчүмүн. Ушунун баары акын болушума таасир этти окшойт.

– Мектепте кандай окудуңуз?

– Мектепте жакшы окудум. 5-класстан кийин эле дароо 7-класска районго которушкан. Райондо жатак мектепте окуп калдым, ачка-ток болуп жүрүп оорудум окшойт, кургак учук менен ооруп калганда мектептен чыгарып салышты. 15 күн жылкынын сүтүн, кымыз ичип айыгып кеттим. Доктурлар да таң калышты. Бирок мектепке барып ыйласам да кайра албай коюшту. Ушунчалык окугум келчү. Анан мектептен чыгып эле байкемдин үйүнө кирсем, телевизордо акындардын айтышы болуп жатыптыр. Айтышка болгон кызыгуум күчөп кетти. Бизде комуз жок. Айылдагылардан сурап таппай койдум. Бир күнү жездемдин үйүнө барсам комуз туруптур. “2 кой берсең берем” деди. Баягы комуз эстен чыкпайт. Бир күнү кой жайып жүргөн жеримден койлорду таштап эле ошол комузду алып келем деп кетип калдым, 2 ашуу ашып барыш керек болчу. “Койду күзүндө берем” деп комузду алдым. Жолдо келатып күүлөгөндү үйрөнүп алдым. Кийин обондорду чертип баштадым. Кыштоодо жалгыз калгам, күндө койлорду комуз менен ырдап саначумун. Түндө комузду коюнума алып жатам, ушунчалык сүйдүм. Ал кезде Кубат Тукешов, Турат Жумаев, Жылдызбек Төрөканов, Болот Назаров айтыштарга чыгып жүргөн. Аларды көрүп жан дүйнөм тыбырчылайт, “мен деле булардай айтыша алам” дейм.

Жамактап баштаганымды 15 жашымда сездим. Бир тойго барсак төкмө акын келиптир. Айтышам десем чыгарышты, жакшы эле айтыштым, анткени 3 жыл бою өзүмдү таптап жүргөм. Кийин Ноорузда айтыштым. 18 жашта болсом керек, айтышкандардын эң кичүүсү мен болдум. Эл аябай кол чапты. Баш байге уттум ошондо. Ошондон кийин жолум ачылды. Райондук, облустук айтыштарга барып баш байге утуп, той-ашка барып жылдыз болуп кеттим бат эле. Анан “мен акын турбаймынбы, бул жакта жүрө бербей, Кыргызстанга барып устаттардын шакирти болуп, улуу акындардын батасын алып калайын” деп 2015-жылы келдим.

– Анан Кыргызстан, айтыш ааламы сизди кандай тосуп алды?

– Мен келген учурда Жумамүдүн Шералиев атабызга арналган айтыш болду. Мени бул жакка алып келген байкелерим “сен чыкпа, бизди уят кыласың” деп чыгарбай, бөлмөгө камап коюшту. Эртеси Курман айт болчу. Кытайлык кыргыздар чогулуп курмандык союшкан. Ошол күнү терезеден ашып, айтышка качып кеттим. Тандоо туру болчу. Барып катталдым да, Жамайка Токонова менен айтышып, өтүп кеттим. Филармонияда Турат Жумаев менен айтыштым. Элмирбек байкелер көрүп макташты, “сенден чыгат” дешти. Ал айтышта Амантай устат экөөбүздүн упайыбыз тең болуп калып, улуусуна жол берилип Амантай устат финалга чыкты. Ошондон бери айтышып жүрөм. Айтыштын аркасы менен Ала-Тоону айландым.

– Кыргызстанга келүү боюнча ага чейин деле кыял бар беле?

– Мектепте окуп жүргөндө “Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев” дегенди журналдан окуп калдык. “Кыргызстандын президенти бар экен. Мамлекетибиз бар турбайбы” деп баарыбыз ыйлаганбыз. Дайыма бир түш көрчүмүн. Түшүмдө бийик тоону ашчумун. Бери жагы бопбоз, ары жагы жапжашыл болчу. Ары жакка ашайын дейм, аша албай кыйналам. Көрсө, тоону ашканым Кыргызстанга келгеним экен. Азыр жарандык алып, бул жакта калдым. Аркы бетке бара албайбыз, ата-энемди сагындым. Ата-энени карай турган бала мен болчумун да. Аябай кыйын болду мен үчүн.

– Кыргызстандан эмнени көрүп таң калдыңыз?

– Кыргыздардын орусча сүйлөгөнүнө таң калгам. Ашыкча эркиндикке таң калгам.

– Айтыштын ырахаты эмнеде?

– Айтыш жан ырахатын берет. Мага тойдо ырдаган кыйыныраак. Айтыш десе жыргап кетем. Бирок бизде көп акындар даярдык менен келип, ырдап кете берет. Мага чыныгы айтыш куруп берген акындар жагат.

– Кимдер менен айтышкыңыз келет?

– Амантай, Аалы, Жеңишбек байкелер менен айтышкым келет. Казактар менен айтышкым келет. Анткени алар аябай айтышат. Бизде акындар бири-бирин сыйлап, көбүнчө аяп айтышат.

– Акындар сиздин салмагыңызга көп тийишишет, таарынбайсызбы?

– Кыргызстанга келгенде 65-70 килограмм эле болчумун. Мектепте кабыргам саналган бала элем, каймана атым “Арык” болчу. Атам “ичиңде курт бар болуш керек, жылкынын майын жеп түшүр, толук болбойсуңбу” деп кыйнай берчү. Ошолордон улам толук болгум келе берчү. Азыр салмагым 100дөн ары, бирок өзүмдү жеңил сезем. Айтышта салмагыма тийишишсе, мага жакшы, анткени айтыш жаралат. Бирок көбү тийишкенден коркот. Аларга да тийишип коюшубуз мүмкүн да (күлүп).

– Жеке жашооңузга кезек берсек...

– Жубайым Ат-Башынын кызы, менден 3 жаш улуу. Окуу жайдан таанышып, мен биринчи курсту бүткөндө үйлөнгөнбүз. Учурда 2 баланы тарбиялап жатабыз. Уулум Азат жакында 5ке чыгат. Кыргызстанга келип азат болдум деп атын Азат койгом. Кызым быйыл 3 жашка чыгат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан