ЫРЫМГА ИШЕНГЕН ZENDAYA

Бул жолу көздөгөнүн так билип, ошол максатын көздөй гана умтулган актриса, ырчы, модель, бийчи Зендея тууралуу кеп кылабыз. Аны сиз “Жөргөмүш адам” фильминдеги Эм-Жейдин ролунан тааныйсыз. Ал карьерада эле эмес, кайрымдуулук иштеринде да активдүү. Аялдардын укугун коргоо жаатында жүрүшкө катышып, 19 жашка толгондо күйөрмандарынан белектин ордуна Африкадагы СПИД менен күрөшүүчү фондго жардам катары каражат которууну суранган. 20 жашында аялдардын укугун коргоо кыймылы үчүн 50 000 долларлык кампания уюштурган.


Толук аты-жөнү – Зендея Мари Стормер Коулман

Туулган жылы – 1996-жыл, 1-сентябрь

Туулган жери – АКШ, Калифорния штаты, Окленд шаары

Жылдыз белгиси – бийкеч

Бою – 178 сантиметр

Кесиби – актриса, ырчы, бийчи жана модель

Тартылган тасмалары – “Zapped. Сыйкырдуу тиркеме”, “Жөргөмүш киши: Үйгө кайтуу”, “Жөргөмүш киши: Үйдөн алыста” жана “Жөргөмүш киши: Үйгө карай жол жок” (Эм-Жейдин (MJ) ролунда), “Бий ысытмасы”, “Эйфория” сериалдары жана башка

УЯЛЧААКТЫГЫ МЕНЕН КҮРӨШҮП КЕЛЕТ

Зендея үй-бүлөдө апасы Клэр Стормер жана атасы Казембэ Аджамунун жалгыз кызы. Бирок атасы жактан беш бир тууганы бар. Кызыгы, ал төрөлгөндө эле таеже болуп төрөлгөн. Анткени Зендеянын андан улуу жээндери бар. Атасы афроамерикалык, ал эми апасында немис, англис жана башка улуттардын каны бар. Ата-энеси ага 16 жашка чейин жигит менен мамиле курууга тыюу салышкан. Вегетариан. Бирок ал жашылчаларды деле сүйүп жебейт. Ырым-жырымга абдан ишенет, жолунан кара мышык чыктыбы? Зендея ал жакка баспайт. Атактуу актриса бала кезинде абдан уялчаак эле. Анын айынан бала бакчада биринчи жылды кайра кайталап өтүүгө туура келген. Анткени ал бир жыл бою бала бакчада дээрлик эч ким менен сүйлөшкөн эмес. Учурдагы атактуулугуна карабастан уялчаактыгы менен дагы деле күрөшүп келет. “Бул тармакта мен сүйлөшүүнү жана ушул сыяктуу нерселерди жасаганды үйрөнүшүм керек болчу. Сүйлөшүүнү кантип баштаарымды билбегеним үчүн адамдар мени текебер деп ойлошчу. Чынында, мен абдан толкунданып жаткан болом”,- деген ал уялчаактыгы тууралуу.

Бала чагында бий менен көп алектенген, айрыкча ага хип-хоп жана гаваи хуласы бийи абдан жакчу. Мектепте баскетбол жана атлетика командаларынын мүчөсү эле. Бала кезинде апасы менеджер болуп иштеген театрда көп убакыт өткөрчү. Актёрлордун оюнун көрүп, Зендея да жашоосун сахна менен байланыштыргысы келген. Башталгыч мектепте кыз кыска спектаклдер менен мектеп спектаклдерине катышкан, өзүн актриса катары сынап көрүүгө искусство мектебинде мүмкүнчүлүк болгон. Ошондон кийин Зендея Сан-Францискодогу көптөгөн атактуу Голливуд актёрлору бүтүргөн Америкалык консерватория театрына кабыл алынган.

ЭРТЕ БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Зендея кичинесинен эле “Дисней” каналындагы программалардын фанаты эле. "Эсимде, Ханна Монтана чыкканда мен өзүмдү абдан жаман сездим, көрүп ыйладым. Анткени мен ошол учурда “мына, мына ушуну мен кылгым келет” деп ойлонуп жаткан элем”,- деп эскерет ал келечекке алгачкы тандоо жасаган учурун. Чын эле ошондой болду, ал Белла Торн менен дуэт аткарып, Диснейдин “Бий ысытмасы” сериалынын жылдызына айланды.

“Мен апам менеджер болуп иштеген Калифорниядагы Шекспир театрынын сахнасында чоңойгом. Бул улуу британиялыктын пьесаларынын каармандарын 8 жашымдан баштап сүйдүм. Ошондо мен актёрдук укмуштуудай сыйкырдуу өнөр экенин түшүндүм. Моделдик – кино жана телекөрсөтүү тармагына болгон алгачкы кадамым эле”,- дейт актрисалык кесиби тууралуу.

2019-жылы “Эйфория” сериалында 17 жаштагы баңгизатына көз каранды Руе Беннеттин ролун аткарган. Бул Зендеянын карьерасындагы жаңы баскыч болду. Биринчи сезондун бет ачарынан кийин ал жылдын көп талкууланган актрисаларынын катарына кошулуп, долбоордун уландысы да тартылды. Анын бет ачары 2022-жылдын башында өттү. 2020-жылы Зендея “Драмалык сериалдагы эң мыкты актриса” категориясында “Эмми” сыйлыгына татыган.

Зендеяга чыныгы атак-даңкты “Жөргөмүш адам: Үйгө кайтуу” тасмасындагы ролу алып келген. Фильмдин бет ачарынан кийин Зендея атактуу болуп ойгонду. "Эң мыкты шоумен" мюзикли Зендеянын Голливуддагы ийгилигин бекемдеди, анткени ал аны менен жакшы ырдаарын дагы тастыктады. Анын Зак Эфрон менен ырдаган "Жылдыздарды кайра жаз" дуэти мюзиклдин эң курч композицияларынын бири. Ал эми аркан менен бийлегени ушунчалык сонун аткарылгандыктан, кээ бирөөлөр Зендея трюктарды өзү аткарганына ишене албайт.

Зендея актриса жана ырчы гана эмес, жазуучу дагы. 2013-жылы анын китеби чыккан, анда ал күйөрмандары узаткан 3 миллион суроого жооп берген. 2015-жылы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземиндеги анын образына окшоштуруп Барби куурчагы жасалган.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

2012-2016-жылдары Зендея америкалык ырчы жана бийчи Тревор Жэксон менен кыз-жигит мамиледе эле. Сүйүшкөндөр мамилесин жашырышканы менен, баары бир ачыкка чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, Зендея америкалык футболчу Оделл Бекхэм жана актёр Адам Иригойен менен да кыз-жигиттик мамиледе болгон, бирок муну актриса тастыктаган эмес. 2017-жылы "Жөргөмүш адамдын" бет ачарынан кийин Зендея менен Том Холланддын мамилесин кыйыткан бирге түшкөн сүрөттөр пайда болгон, ошентсе да экөө тең буга комментарий беришкен эмес. Бирок муну көпкө чейин жашыруу мүмкүн эмес эле. 2021-жылдын ноябрында Зендея Том Холланд менен болгон мамилесин ырастады. Алар 2021-жылдын ноябрында "Жөргөмүш адам: Үйгө жол жок" тасмасынын пресс-туру башталганда кызыл килемге жуп катары чыгышкан. 2022-жылдын башында түгөйлөр Лондондон 3 миллион фунт стерлингге (болжол менен 430 миллион сом) хан сарай сатып алышкан.

СТИЛЬ ИКОНАСЫ

Зендея Коулман актриса гана эмес, учурда дүйнө жүзү боюнча миңдеген кыздардын кумири, чыныгы стилдин иконасы болуп калды. Актриса кийим тандоодон коркпойт. «Эки жашымдан бери ата-энем мага эмне кийишимди айтпай калган, алар мага эксперимент жасоого уруксат беришти. Мындай эксперименттер башка бирөөнүн пикиринен коркуу менен күрөшүүгө жардам берет. Мен жөн гана каалаганымды кылам. Ар башкача болууга жана тобокелчиликке барууга даярмын. Стиль боюнча мен үчүн иконалар Мадонна, ырчы Эрика Баду жана менин атам»,- дейт ал. 13 жашынан бери анын өзүнүн стилисти бар. Анын эксперименттен коркпогон аракеттери Зендеяны чыныгы стилдин иконасына, өз муунунун кумирине айлантты жана азыр көптөгөн атактуу бренддер аны менен иштешүүнү кыялданышат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан