ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-августтан 21-августка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Үйдөгү жана жумуштагы көйгөйлөрдү чечүүгө көп энергия сарптайсыз. Жакындарыңыз, кесиптештериңиз менен урушпаганга аракет кылыңыз, алар менен тил табышуу оңойго турбайт. Жалгыз бой жүргөндөр кайдыгер болбой, сүйүктүүсүнө болгон сезимдерине ишенсе үйлөнүү сунушун киргизгени оң. Үй-бүлөлүүлөр кандай маселе жаралбасын балдардын каалоосуна ыңгайлаштырып чечим кабыл алышат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын биринчи жарымында көп сапарларга чыгып түрдүү адамдар менен баарлашасыз. Бирок баарлашуудан ырахат ала албайсыз. Сиз жөнүндө айтылган ушак-айыңдар аброюңузга көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Жаңы окуу багытын өздөштүргүсү келгендер үчүн ийгиликтүү апта болот. Иштериңиз оңой бүтүп, мурда калып калган иштериңизди да чечүүгө аракет кыласыз. Үйдө тартип орнотуп, өзүңүздүн мыйзамыңызды иштетүүгө бел байлайсыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада жоголгон же бузулган буюмуңуздун ордун толуктап материалдык чыгымга учурап калышыңыз мүмкүн. Материалдык маселелерди чечүүдө жакындарыңыз жардамга келет. Досторго карызга акча бербегенге аракет кылыңыз, мамилеңизди начарлатып алышыңыз ыктымал. Аптанын экинчи жарымы жагымдуу сапарлар, романтикалык мамилелер менен коштолот. Жакындарыңыз сизди дачага же жаратылыш коюнуна пикникке чакырышы күтүлөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сиздин жумшак, кээде өтө ыңгайлуу позицияңызды түгөйүңүз “демек, баарына уруксат” деп түшүнүп алып, сизге жакпаган жоруктарды жасашы мүмкүн. Мындан улам түгөйүңүздүн жүрүм-турумун кантип көзөмөлдөөнү ойлонуп баштайсыз. Жумушта жетекчиңиздин буйруктарын аткаруу сиз үчүн күндөн-күнгө кыйындап, ага болгон жек көрүү сезимиңиз өсө баштайт. Эс алуу күндөрү үйүңүздө каржы маселеси жакшырып, жакындарыңызга белек сатып алып кубантасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада ден соолугуңузга биринчи кезекте кам көрүшүңүз керек. Иммунитетиңиз алсырап, вирустук инфекциялардын таасиринде калбайын десеңиз алдын ала дарыгердин текшерилүүсүнөн өтүңүз. Саякаттоого жана алыскы сапарга чыгууга ылайыктуу убакыт эмес. Узак убакыт бою жалгыз калбаганга аракет кылыңыз, бул депрессияга жана апатияга алып келиши мүмкүн. Бойдок арстандар сүйүүдө кызганчаактыгынын айынан жакын адамын таарынтып алышы мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Сизге тиешеси жок ашыкча иштерге аралашып алуудан этият болуңуз. Досторуңуз менен сүйүктүүңүздүн мамилеси келишпей, сизге экөөнүн бирөөсүн тандоо шарты коюлушу мүмкүн. Чечимди алтынчы туюмуңуз эмнени каалап жатса ошондой чечиңиз. Чыккынчылыкка байланыштуу териштирүүлөр болуп, бул жагдай сизди моралдык жактан чарчатып коюшу мүмкүн. Апта аягында жалгыз калып, болуп өткөн окуяларга дыкат анализ жүргүзсөңүз болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Түгөйүңүздүн айрым жүрүм-турум, кылык-жоруктары сизди таң калтырат. Сиз бул абалды бороондуу жаан-чачындын басылышын күткөндөй эле унчукпай тымызын өткөрүп жибериңиз, акырындан түгөйүңүз мурунку калыбына келет. Аптанын экинчи жарымы сизге жаңы горизонтторду ачат. Жаңы адамдар менен таанышасыз, келечектүү тааныштардын чөйрөсүн кеңейтесиз. Эс алуу күндөрү жакындарыңыз менен чогуу болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жол кыймылына байланыштуу кыйынчылыктарга, учактын учуусун көпкө күтүүгө же унаа тыгынына туш болушуңуз мүмкүн. Бизнес таанышуулар үчүн ыңгайлуу учур эмес. Кошуналар, кесиптештер жана туугандар менен мамиле түзүүдө сабырдуу болууга аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымы таасирдүү адамдын камкордугунун аркасында максаттарыңызга жетүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле ден соолукту чыңдоочу эс алуу жайларына барып эс алууга мыкты шарт түзүлөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сүйүү мамилесинде жаңылануу күтүлөт. Эгер сүйүктүүңүз менен жаңы таанышкан болсоңуз, анда романтикалык мамилеңиздерде сюрприздер орун алат. Бизнес менен алектенгендер документ иштерине кол коюуда этият болгону оң. Насыяга карыз алуу жана берүү сунушталбайт, аласаңызды өз убагында кайтара албай убайым тартасыз. Эс алуу күндөрү саякатка, достор менен баарлашууга, окууга ыңгайлуу.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Өмүрлүк түгөйүңүзгө болгон камкордук, боорукердик мамилеңизди далилдөөгө убакыт келди. Анткени дал ушул учурда ал сиздин колдооңузга жана таянычыңызга муктаж. Үйдөгү айрым принциптериңизден улам жакындарыңыз менен келишпестик орун алышы мүмкүн. Капчыгыңызга сак болуңуз, көз боёмочулардын кылтагына илинип, ири суммадагы каражатыңызды алдырып алышыңыз мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумушту нормасынан ашырып ашыкча аткаруу ден соолугуңузга зыянын тийгизиши мүмкүн. Андыктан колуңуздан келгендин баарын кыла бербөөгө, күчүңүздү үнөмдөөгө, аны бирдей бөлүштүрүүгө аракет кылыңыз. Үйдөгү физикалык күчтү талап кылган бардык жумуштарыңызды кийинкиге жылдырып турганыңыз оң. Аптанын экинчи жарымы үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдоого ылайыктуу.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Балаңыздын жүрүм-туруму сиз күткөндөн такыр башкача болуп сизди терең ойлонтот. Анын каалоосуна жетеленбешиңиз керек. Бойдоктор романтикалык мамиледе туруктуулукка умтулуусу зарыл. Сүйүүңүз күчөп, мүмкүн болушунча чектөөлөрсүз мамиледе болгуңуз келет. Бул нерсе, албетте, түгөйүңүзгө жакпайт. Эс алуу күндөрү сүйүктүүңүзгө көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан