Икрам Юлдашев, шоумен: “КРАСАВЧИК” ЭЛЕ ТУРБАЙСЫҢБЫ ДЕШЕТ”

Тамашоучу катары таанылып, учурда Ошто иш-чаралардын көркүн ачып жүргөн шоумен Икрам Юлдашев менен баарлаштык. Чыгармачылык жолу, үй-бүлөсү, балдарына байланышкан кыялдары менен бөлүштү ал.

– Икрам, кандайсыз? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Азыр тойлор менен алекпиз. Мындан сырткары, Кадыр Жарматов экөөбүз жаңы ыр жаздырып жатабыз. Аранжировкасы бүтсө клип тарттыралы деп турабыз.

– Буга чейин да ырдап чыктыңыздар эле, ырчылыкка олуттуу кадам таштайын деген оюңуздар барбы?

– Бул биздин үчүнчү ырыбыз болот. Концерт бергенде жылда бирден ырдап койчубуз. “Үйлөнөбүз”, “Байчечегим” деген ырларыбыз бар. Чыгармачылыгыбыз токтоп калбасын деп тамашалуу ырларды жаратып туралы дедик. Анткени сахнаны сагынып калабыз. Мен сахнаны үй-бүлөнү сагынгандай сагынам. Ырчылыкка олуттуу киришпейбиз, хобби десек туура болот го.

– Чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз эле?

– Мен ОшМУда окугам. Окуу жайда факультеттер аралык КВН уюштурулчу. Мурда биздин факультет такыр чемпион болгон эмес экен. Биздин команда 3-орунду алдык. Кийин 2 жыл катары менен чемпион болдук.

Ошол кезде Ошто “Тамашоунун” филиалы ачылып, Оштогу филиалдын атынан да чемпион болдук. Анан Бишкекте Премьер-лиганын чемпиону болуп, Жогорку лигага жолдомо алдык. Анда “Башат” деген команда болчубуз. “No name” да, “Башат” да Жогорку лигада ойной турган болуп калып, күч экиге бөлүнбөсүн деп бириккенбиз. Каалоосу күч болгондор командада калып, калганы кеткен. Чыгармачылык жолго ошентип келип калгам.

– Бала чагыңыздын кандай өткөнү кызык болуп жатат мага...

– Балачагым ооруканада өттү. Мен төрөлгөндө врачтар “чарчап калат, жашабаса керек” дешкен экен. Оозумдан көбүк чыгып, витамин жетишпей туулган экенмин. Кудайдын кудурети, апамдын мээрими менен адам болуптурмун. Ооруканада көп жаттым, оорукана экинчи үйүм болуп калган. 4-5 жашка чыгып басып, элге аралашып калгандан кийин көрүүм начар болуп ар алты айда ооруканада жатчумун. Кыргызчаны ооруканада жатып үйрөндүм. Өзүмдүн улутум уйгур. Бирок уйгур тилин билбейм, биз өзбекче сүйлөшөбүз. Азыр 4 тилде, өзбекче, кыргызча, түркчө, орусча эркин той алып барам, тажикче жакшы билем, арабча бир аз сүйлөй алам. Өзүбүз Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылында турабыз.

– Мектепте кайсы тилде билим алдыңыз?

– Өзбек класста окугам. Мектепте иш-чараларга катышсаң баа коюп берет эле го, ошол жакчу. Мен манас айтчумун. Манас айтып Ош облусу боюнча сынакка катышып, жылда 2-орун алчумун. Эмнегедир 1-орунду беришчү эмес. Бир орус кыз да айтчу, ошого берип коюшчу.

Анан облуста мектептин атын чыгарып 2-орун алып келип жатсам “5” деген баа коюп беришет да. Физика сабагынан олимпиадага катышчумун. Зоналык турдан утуп, районго барганда кулап калчумун. Иш-чараларды алып барып, уюштурууга катыша калган тың бала болчумун.

– Ата-энеңиз чыгармачыл адамдарбы?

– Атам колхоздо бригадир болгон. Менин кыргыз тилин жакшы өздөштүрүп, юморго жакын болгонум апамдын таасири. Апам үй-бүлө кура электе эле кыргыз бала бакчада мугалим болуп иштептир. Ыр кеселерге катышып, кыргызча ырларды аккордеон менен ырдап жүрчү экен. Чыгармачылыкка болгон ошол кызыгуу мага өтүптүр. Калган бир туугандарым олуттуу. Үй-бүлөдө 1 кыз, 3 уулбуз.

– Сизди кесиптештериңиз тамашаларында “ужас” дей беришет го, ачууңуз келбейби?

– Адамды кырк күн жинди десең жинди болуп калат го. Ошентип сахнадан адамдар мени түрү суук көрө башташыптыр. Тойлордон, көчөдөн көргөндөр “красавчик эле турбайсыңбы, сени ужас дей беришет го” дешет. Өзүм деле өзүмө красавчик эле көрүнөм, өтө деле түрү суук эмесмин. Жүзүмдө кичине Кудай берген нур бар, мындан артык сулуулуктун деле кереги жок мага.

– Аялыңыз тууралуу сүйлөшөлүчү, кайдан таанышкансыздар?

– Мен 23 жашта үйлөнгөм, учурда 3 балабыз бар. Жубайым экөөбүз бир факультетте окуганбыз, улуту өзбек. Окуу жайдан таанышып, 2 айдан кийин эле үйлөнүп алганбыз. Кыз-жигит болуп деле сүйлөшкөн жокпуз. Студент кезде үйлөндүк да, экөөбүз атамдан жол кире алып автобус менен университетке барып-келчүбүз. Азыр, Кудайга шүгүр, баары жакшы.

– Түркияда да жашап келипсиздер...

– Мен үйлөнүп жатканда махрга азыраак акча берип, “канча окуса аягына чейин окутам” деп сөз бергем. Түркияда магистратурасын окуттум. Аялым кесиби боюнча теолог. Учурда медреседе иштейт. Эми кичүү уулум чоңойсо, жубайымдын докторантурасын окутуп келишим керек. Кичүү уулум азыр 3кө чыкты.

– Кандай максат, кыялдарыңыз бар?

– Аялымдын окуусун бүтүрүп алсам. Анан балдарымдын элге, динге пайдасы тийген адамдардан болуп чыгышын кыялданам. Чубак ажыдай күчтүү адам болушу үчүн аракет кылам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан