Нуржамал Турган, ырчы: “АНЖЕЛИКАНЫН “НАМЁГУН” ТҮШҮНБӨЙ КАЛЫПТЫРМЫН”

Кытайлык кыргыз кызы Нуржамал Тургандын чоң сахнага ырдап чыгам деп бел байлаганына 3 жыл болуптур. Тагдырдын татаал сыноосуна сынбай, өз кыялы үчүн күрөшкөн бул айымдын окуясы мени таасирлентти. “Кыргыздар Кытайда деле кыргыз” деп күлдүргөн Нуржамалдын маеги сиздер үчүн.

– Саламатсызбы, Нуржамал? Ата-бабаңыз Үркүн учурунда Кытайга кетиптир...

– Саламатсыздар, түбүм Алайдан, 1916-жылы Үркүндө менин 4-чоң атам Кытайга качууга аргасыз болуптур. Кытайдын Кызыл-Суу автономиялык облусунда Улуу-Чат деген жерде төрөлгөм. Бала бакчага баргандан тартып кытай тилинде окудум, кошуна, мугалим, дос баары кытай улутунун өкүлдөрү эле. Ата-энелерибиз тилибизди сактап калуу үчүн биз менен кыргыз тилинде сүйлөшчү. Кытайлык кыргыздар үй-бүлөсүндө эч кандай кытай тилин кошпой таза сүйлөшөт, көчөгө чыкканда гана кытай тилин колдонушат. Мен Кыргызстанга келгенде кыргыз тилине орус тилин аралаштырып сүйлөй беришкенине таң калдым. Ырчылык өнөр апам жактан берилген болуш керек, бала бакчада, мектепте, университетте ырдап жүрдүм. Атам мугалим эле, “кыз бала ырдабай эле койсун” деп каршы болуп, университетте англис тилин окудум. Студент кезде кытайча ырдап сынактарга катышчумун. Атам кайтыш болду, акча табуу жүгү үйдүн улуусу болгондон кийин мага жүктөлүп калды. Кийин турмушка чыгып кеттим. Ырга болгон кумарым экинчи-үчүнчү планга жылып кетти.

– Жолдошуңуз менен кантип жолугушуп калдыңыз?

– Ал киши Кыргыз жараны, улуту – өзбек. Мен котормочу болуп иштеп жүрүп таанышып калганбыз. Кытайча, англисче жакшы билгеним үчүн мага иш көп чыкчу. Ал бизнес боюнча Кытайга барып жашап калыптыр, динди катуу карманчу, “ырдабайсың” деп үйдө отургузуп койду. Хиджап кийгизип, ырга такыр эле жолоткон жок. Үч кыздуу болгондон кийин жолдошум экөөбүз ажырашып кеттик. Аялга аябай заалим эле, кол көтөрчү, сүйлөбөй койсом деле урчу, сүйлөсөм деле урчу. Ажырашкандан кийин кыздарымды өзүм алдым, бизнес жасадым, бутка турдум. Финансылык жактан көз карандысыз болуп калгандан кийин сандыкта калган кыялымды алып чыгып ырчы болуп интервью берип отурам (күлүп). Кыял үчүн эч качан кеч болбойт экен, жан дүйнөңдөгү нерседен кете албайт экенсиң. Канча жыл болсо деле тээп чыгат экен бир күнү. Азыр кыздарым Кытайда, мен Кыргызстандамын. Кыздарымды алып келип алсам, бул жактын жарандыгын алам деп жатам.

– Чыгармачылык жолуңуз кандай башталды?

– Ыр дүйнөсү чакыра берди, жакшы кыргыз ырларын уксам аранжировка жасата берчүмүн. Ырчы Майрамбек Осмонов менен таанышып калдым, “үнүң жакты, колдойм” деди. Өз ырларын берип, сахнага чыгышыма жардам берди. Каныкей Эралиеванын ырларын ырдап жүрдүм, ошентип аралашып кеттим. Чырмаш Төрөбековдон вокалдан сабак алдым. Ал киши көп талантымды казып чыкты. Чыгармачылыкты жаңыдан баштадым десем туура эмес болуп калат, турмушка чыга электе сынактан утуп алып, телеканал менен келишим түзүп, ал жакта ырдап баштагам. Кытайда ырчы болуш үчүн көп акча керек, аргасыз ырчылыкты таштоо керек болуп бизнеске кеттим.

– Тойлорго барып ырдайсызбы?

– Жок, той ырларын ырдасам чыгармачылыгым токтоп калабы деп кооптоном. Ырчылык менин кыялым да, анан сахнага кеч келдим. Азыр жаңы ырларды тандап жаздыруу, клип тартуу менен алек болуп жатам. Азыр 40 жаштамын, дагы көп иш кылып алышым керек.

– Кыргыз жеринде ырчы болуу оңой дегендей айттыңыз...

– Кытайга салыштырмалуу оңой. “Кытайлык ырчы” десе да кыргыз элим мени жылуу кабыл алышты. Ырымды уга электе эле кол чаба беришет (күлүп). Ырдасам андан бетер чабышат. Кыргыздарда бир жакшы сапат бар, талантың болсо баары бир чыгып кетесиң. Сейил бакта ырдаган Бегимай Турусбекованы деле эл колдоп чыгарып жиберишти го. Мени да аябай жакшы колдоп жатышат. Өзүмө акча короткондон ырахат албайм, бирок мыкты аранжировкага, клипке, кыскасы, чыгармачылыкка салганда акчанын көзүнө карабай жумшайм. Сапат сөзсүз болуш керек.

– Репертуарыңыз кызыктуу экен, ырларды кантип тандайсыз?

– Ырдын сөзү жүрөгүмдү титиретиш керек. Патриоттук, мекен тууралуу ырларды көп ырдайм. Анткени кытайлык кыргыздар дайыма мекенге кусабыз. Обонуна карайм, сүйүү тууралуу ырларды көп ырдабайм. Жакшы ырлардын маанисин алып “жазып берчи” деп суранам. Султан Садыралиев жакында “Асыл айым” деген жалгыз бой аялдын кыйналганы тууралуу ыр жазып берди.

– Актриса Асема менен ырчы Анжелика роль талашкан, ошол ырыңыздын клиби болуш керек...

– Султан Садыралиев ырды Анжеликага “кандай ыр экен?” деп жөнөткөн экен, ага жагып калып ырды өзүнүн баракчасына жүктөп коюптур. Мен түшүнгөн деле жок элем, “аа, жакшы болуптур” деп койгом. Асемага роль берип клип тартып койгонбуз, мен Анжеликанын тартылгысы келген “намёгун” түшүнбөй калыптырмын. Анжеликанын да идеясы жакшы экен, Роза Отунбаевадан баштап жалгыз бой күчтүү айымдарды өзүн кошуп тарталы деген экен. Мен кытайча окуп калган үчүн сөздөр көптө жетет (күлүп). Майрамбек Осмонов айткандай, анын тамашаларына элдин баары күлүп бүткөндө мен күлөм да. “Аа, бул кытайлык кыргызга эми жетти” деп калат. Анжеликанын идеясы менен да тарталы дедик. Бирок бир ырга эки клип болбой калат дегендей кылышты.

– Ажырашып кеткенден кийин нөлдөн кайра баарын баштоого чоң күч талап кылынса керек...

– Менин үч эрежем бар, өзүмө ооруганга, алсыз болгонго, стресс болгонго уруксат бербейм. Балдарым үчүн уруксат бере албайм. Ажырашкандан кийин нөлдөн башташым керек болду, анткени 10 жыл мен бирөөнүн аялы, балдардын энеси гана болуп, өзүм жок болуп кеткен экенмин. Үч күндүк сабагы 2000 доллар болгон Пекиндеги эң күчтүү психологдон сабак алдым. Акчаны карыз алдым. Жашоо караңгы, бир нерсе баштап кетишим керек болуп жатат да, бирок эмнеден баштаарымды билбейм, ошол жол менен мен жарыкты таап чыгып кеттим.

Өзүмдү кайра баштан жараттым, үч инимди бутуна тургуздум. Апама жардам бердим, кыздарымды жетиштүү жашоодо жашаттым.

– Эмнеге аял киши андай жүктү өзүнө алышы керек эле?

– Кыргыздар Кытайда деле кыргыз да. Атам каза болгондон кийин жоопкерчиликти алышым керек болду.

– Жолдошуңуз кыздарына каралашабы?

– 10 жыл анын жардамына муктаж болбодум. Кыздарым чоңоюп кордук көрбөй турган жашка жеткенде атасына эки кызымды тарбияга бердим. Анткени атанын да тарбиясын көрүшү керек, аялга заалим болгон менен ата катары кыздарына жакшы карайт. Мурун эле ошондой болчу, ошондуктан ишенип тапшырдым.

– Күчтүү айым экенсиз, сизге ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан