КАНДАЙ ЭРКЕКТИН ХАРИЗМАСЫ КҮЧТҮҮ БОЛОТ?

Эркектер тууралуу эмне билесиз? Аларга энергия берүүнүн жолдорун билесизби? Эгер сиз кааласаңыз мырзаңызды баатыр, супермен, капчыктуу кыла аласыз. Бул жолу психолог Өмүрбек Жалиловдун жардамы менен жашообуздун түркүгү болгон эрлер, шерлер тууралуу макала даярдадык.

“Аялыма эмне керек экенин түшүнбөйм, эч эле ыраазы болбойт? Ортодо балдар бар, эмне кылам?” дейт бир эркек...

– Ажырашуунун кереги жок. Түпкүлүгүнө карай келгенде сиздин тагдырыңызга бул аял жөндөн жөн келген жок. Демек, сиздин трансформация болушуңузду Кудай каалап жатат. Өсүңүз, жан дүйнөнү өстүрүңүз, руханий жактан байыңыз. Психологияда күйөө-аял бири-бирине күзгү. Эгерде ал ыраазы болбой жаткан болсо, демек, көмүскө туюмда сиз дагы ыраазы эмессиз. Сиздин жүрөктө бейпилдик болгондо урушчаак аял да өзүнөн-өзү жоошуйт. Аял ажаан, тажаал болуп жатса, демек, бул сиз үчүн бир сыноо. Бир туура эмес кылып жаткан адам экинчисинин жолунда жолуккан болсо, демек, ал жолундагы мугалими. Ошол аял аркылуу өсөт, ал эми алсыз эркектер сынып калышат. Сиз алсыз эмес экениңизди көрсөтүп руханий жактан өсүп кетсеңиз, баары жайына келет. Маселенин экинчи жагы да бар, жакшы, жоош, момун аялга туш келсе, эркек ыңгайлуу аймактан (зона комфорта) чыга албай, өспөй калышы мүмкүн. Андыктан сизге ошондой аял туш келгенине сүйүнө бериңиз, бул абалдан өзүңүзгө пайдалуу нерсе табыңыз.

Кээ бир эркектер ийгиликтүү, акчалуу болушат. Буга эмне таасир бериши мүмкүн?

– Ийгилик, күч, байлык эркектерге деле, аялдарга деле келет. Ийгилик же байлык адамга сыноо катары берилет. Сен ал байлык менен эмне кыласың? Эгерде эркек ийгиликти жакшы жагына колдоно билсе анда жакшы. Кээде өзүнүн кызыкчылыгы, эгосу үчүн колдонсо тез эле андан куру жалак калат. Эгосу үчүн колдонуу – эл көрсүн үчүн байлыгына чиренүү, ичкилик, кыз жандуулук жана башка. Акчанын мыйзамын билип иштетсе, аны өнүгүү үчүн же элдин өнүгүүсү үчүн жумшаса ага дагы ийгиликтер келет. Напсиге алдырып жиберсе оор жаза келиши мүмкүн. Ал эми эркектин капчыгына келсек, буга көп факторлор таасир берет. Генден да болушу мүмкүн, аялдан да болот.

Аял күйөөсүн кантип өстүрсө болот?

– Аял таза болушу керек. Руханий жактан, энергетикалык жактан, физикалык жактан таза болгондо эркек өзүнөн-өзү өсөт. Кээ бир аялдын энергиясы ушунчалык таза болот, анын жанында эркек өзү эле кыймылга кирип, ойду омкоруп, тоону томкоруп жибергиси келет. Андай аялдар уктап жаткан эркекти да ойготуп жиберет. Аял энергиясын өстүрүү керек. Ал үчүн баланыкындай таза жан дүйнө зарыл. Байкасаңыз, азыр баладай аруу, назик, алсыз, дүйнөнү баланын көзү менен караган аялдар аз. Ошондуктан коомдо руханий жактан бийик эркектер да аз. Аял жашоого жүрөк менен караганы оң, куру акыл менен караса энергиясын жоготуп алат. Жасанып, кооздонуп алса деле энергиясы жасалма болуп калат. Азыр мыкты мырза жок деген айымдар көп. Бирок мен чыныгы аял болуп жатамбы деп көбү ойлонуп да койбойт. Аялдын энергиясын тазартуу үчүн медитация чоң жардам берет. Аялда тазалануу башталганда эркекке автоматтык түрдө күч кошулат, өсүү башталат. Эмоцияга алдырып, тынчсызданып баштаганда эркек алсыздана баштайт. Ошол үчүн аялдардын жүрөгүндө бейпилдик болушу керек.

Эркек эмнеге башка аялга көз салат?

– Аялдардын энергия ала турган нерсеси көп. Балдарынан, жасангандан, шопинг кылуудан, алтургай баарлашкандан деле энергия ала беришет. Эркек энергияны энесинен, аялынан же ойношунан гана ала алат. Эркек эмнеге ойнош күтөт? Демек, ага сүйүү жетпей жатат, аялы ага жетиштүү сүйүү бере албады. Аял күйөөгө көңүл бурганды билиши керек. Чын дилинен, жүрөгүнөн сүйүүнү өстүрүп чыкса, эркек эч кайда кете албайт. Күйөөсү ойнош таап алса, аял биринчи өзүнө суроо бергени оң. Жашоосундагы кайсы бир жагдайларды анализдеп көргөндө жообу табылат.

Эркектер майдаланып бара жатат дегенге кошуласызбы?

– Аялдар деле чыныгы аялдык касиетин жоготуп бара жатат, бул кадимки тенденция. Мындан бир нече жыл мурун эркекке кара күч керектелчү. Азыр миң кишинин ишин бир техника жасап койгон заман. Эркектер табияттан берилген кара күчүн жоготуп койгондуктан майдараак нерсеге көңүл буруп жатышы мүмкүн. Мындан чоң трагедия издеп кереги жок.

Мырза тамактын акчасын чогуу төлөйлү деди. Айым таарынды же таң калды. Кимдики туура?

– Бул жерде маселе акча болбошу керек, менимче. Акчаны самандай чачып жүргөнү менен, түбү ыплас адамдар бар. Ошол учурда акчасы аз эркек эмне үчүн андай сунуш киргизе албашы керек? Маселени терең караганды үйрөнүү керек. Ошол күнү акчасы жок болуп калса, ал эркектин түбөлүк акчасы болбойт деген сөз эмес. Негизи эле эмнеге аялдар үчүн эркек төлөшү керек? Азыркы заманда эркектер деле кыйынчылык менен акча таап жатышат. Мырзалык акча төлөө менен өлчөнбөйт, кафеде акчаны ким төлөшү керек дегенди мыйзамдаштырыштын кереги жок. Ал эми үй-бүлө кургандан кийин эркек сөзсүз түрдө жоопкерчиликти өзүнө алышы керек.

Эркек канткенде харизмалуу болот?

– Эркекке харизма ал өзүн руханий жактан өстүргөндө келет. Энергия келгенде харизмалуулук пайда болот. Энергия таза болушу керек. Ичинде куулук, арамзаалык болбогон учурда эркек жылдыздуу боло баштайт.

Бир эркектин энергиясы бир нече аялга кантип жетет?

– Идеалында бир эркектин энергиясы бир аялга жетет. Бирок жашоосунда бир же эки аялы бар эркек акылдуу болсо, энергиялуу болсо, калыс болсо эки аялга энергиясын жеткире алат. Негизи эркек руханий жактан өскөндө киндиктен ылдый такыр ойлоно албай калат. Ал үчүн андан бийик нерселер пайда болот.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан