ИЮНЬ ОКУЯСЫ: УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН 5 МҮЧӨСҮНӨ АЙЫП ТАГЫЛДЫ

2010-жылкы Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн 5 мүчөсүнө айып тагылды.

Маалыматка таянсак, алар: Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Бактыбек Алымбеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев. Тергөө иштери аяктап, иштин материалдары Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилгени айтылды.

Айта кетсек, Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү болгон. Анын ичинде Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары болгон. Исмаил Исаков Коргоо министрлигин, Бактыбек Алымбеков ИИМди, Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКны, Бектур Асанов Жалал-Абад облусун убактылуу жетектеп турушкан.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, укук коргоо органдары тарабынан Июнь окуясы боюнча жалпы 5646 кылмыш иши козголгон. 336 кылмыш иши сотто каралып, 488 адам ар кандай жазаларга тартылган. 3900 кылмыш иши убактылуу токтотулган.

2021-жылы Июнь окуясынын материалдары кайрадан иликтене баштаган. Анын алкагында Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров сыяктуу Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Башкы прокуратурага сурак беришкен. Мындан тышкары президент Садыр Жапаров менен УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да күбө катары суралган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан