Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский УКМК тарабынан кармалды. Маалыматка таянсак, Низовский "мектепте коррупциялык схема уюштурган, окуучулардын ата-энелеринен акча алып турган" деп шектелүүдө.
– Ал системдүү түрдө ата-энелерден опузалап акча алып келген. Балдарды 1-класска жана мектепке чейинки билим берүү мекемесине киргизүүдө жардам бергени үчүн ата-энелерден бир нече жолу акча алганы аныкталды. Ал өз мүлкүн жашыруу үчүн мүлктөрүн ишенген адамдарына каттаткан. Тергөөнүн жүрүшүндө ага жана анын туугандарына таандык 150 миллион сомдук 35 мүлк аныкталды. Алар – жер тилкелери, коттедж, дүкөн, унаалар, үйлөр жана батирлер. Анын иш бөлмөсүндө, үйүндө жана дачасында тинтүү жүрүп, көп суммадагы чет элдик валютадагы акча табылды,- деп билдирди УКМК. Кылмышка шектүү учурда үй камагында. Факт боюнча кылмыш иши ачылды.
Юрий Низовский Бишкектеги алдынкы мектептердин бири деп саналган №61 физика-математикалык мектеп-лицейин 1991-жылдан бери жетектейт. Быйыл 27-июлда Бишкекте анын тарапташтары Билим берүү жана илим министрлигинин алдына митингге чыгышып, Низовскийди директорлуктан бошотпоону талап кылышкан эле.
Айта кетсек, 12-июлда билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында президент Садыр Жапаров атайын жарлык чыгарган. Ага ылайык, өлкөдө 5 жылдан ашык мектеп директору болуп иштегендер кызматтан бошотулат, жаңы директорлор сынак аркылуу 5 жылга дайындалышат.