“ТАНК БИАТЛОНУ-2022”: КЫРГЫЗ КОМАНДАСЫ ГИГАНТТАР МЕНЕН ТАЙМАШАТ

Эл аралык “Танк биатлону-2022” турнири быйыл 13-27-август күндөрү өтөт. 8-августта чүчү кулак ташталып, Кыргыз командасынын атаандаштары аныкталды. Башкы штабдын маалыматына таянсак, аталган турнирде Кыргыз командасы жашыл түстүү танктарда Орусия, Кытай жана Беларусь мамлекеттеринин командалары менен таймашат. Мелдешке жалпы 21 мамлекеттин командалары катышары күтүлүүдө.

Кыргызстандын намысын алдын ала тандоодон өткөн жана №20636 аскер бөлүгүнүн окуу борборундагы “Эң мыкты танктык экипаж” мелдешинде мыкты деп таанылган 4 экипаж коргойт.

“Танк биатлону-2021” мелдешинде Кыргыз командасы чемпион болгонун эскерте кетели. Бул жеңиш бүтүндөй кыргыз элин кубандырган. Президент Садыр Жапаров турнирде намысты коргогон жоокерлерге акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1,8 миллион сом бөлүп “аскерлердин бул жеңиши Токио олимпиадасында жеңишке жеткен спортчулардын ийгилигине тете” деген. Улуттук команда былтыр Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын танкчылары менен таймашышкан эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан