БИШКЕКТЕ КЕДЕЙЛЕРДИ КОЛДООГО 35 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮНДҮ

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу 8-августта эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев шаар бийлигинин жетекчиси менен жолугушууда билдирди. Аталган министрлик “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашырмакчы. Долбоорго республикалык бюджеттен жалпы 282 миллион сом бөлүнгөнүн, анын 35 миллион сому Бишкек үчүн каралганын айтты министр. Бул сумма 350 бизнес-долбоорду ишке киргизүүгө жумшалышы керектиги белгиленди. Тагыраагы, ар бир чакан бизнести баштоого кайтарымсыз түрдө 100 миң сомдон берилет. Бул акчага мал багуу, тигүү кызматтарын көрсөтүү, сүт азыктарын даярдоо сыяктуу тармактарда чакан бизнес баштап кетүүгө болот дейт министрлик.

Бул багытта Жалал-Абад облусуна 60 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

Буга чейин “Социалдык келишим” долбоору Жумгал жана Кадамжай райондорунда ишке ашырылып келген. Министр Базарбаев оң жыйынтык бар экенин, долбоордун катышуучулары чакан ишкерлик баштап жөлөк пул алуучулардын катарынан чыгып жатканын мындан 4 ай мурун айткан эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан