Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров ЖМКларга билдиргендей, учурда тендер өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө. “Манаска” Германия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдүн компаниялары кызыгып жатканы маалымдалды.
Эскерте кетсек, быйыл июнь айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Манас” жана “Ош” аэропортторун түркиялык YDA INSAAT компаниясына 39 жылга берүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Парламент депутаты Жанар Акаев YDA INSAAT компаниясы аэропортторду жаңылоого жумшала турган 557 миллион долларды ошол эле аэропортторду күрөөгө коюп банктан насыя алганы жатканын айтып чыккандан кийин коомчулукта талкуу жаралган. Көп өтпөй Министрлер кабинети аталган компания менен келишим түзүүнү токтоткон.