БАЛБЫЛДАГАН КӨЗДӨРГӨ АРНАЛГАН "КӨЗҮҢДӨБҮ КЕРЕМЕТ?”

Көздүн канча түрү бар деп ойлойсуз, окурман? Балбылдаган, жалжылдаган, күлүп турган, жайнаган... Дагы? Бардык сырыбызды көзүбүз ачып коёт, ээ? Тилибиз калп айтышы мүмкүн, акылыбыз алдашы мүмкүн, бирок көздөр калп айтпайт. Ошол керемет көздөргө арналган “Көзүңдөбү керемет?” ырынын тарыхына кайрылып көрөлү.

Надырбек Алымбеков, Кыргыз Эл акыны: “Бул ыр түштүктүк кызга арналган”

– Бул ырды түштүктө жүргөндө жазгам. Мен 1967-жылдан 1983-жылга чейин Ошто ХБКда (пахта-кагаз комбинатында) иштедим, катардагы жумушчудан башкы директорлукка чейин жеттим. Кол алдымда 13-14 миң киши иштечү. Анын 9 миңи кыз-келиндер, беш миңи бойдок кыздар дегендей... Мен да жаш, отуздун кырындагы жигит. Ошол кезде бир жакшы кыз жолукса керек, анан ушул ыр жаралган. Кээде сүйлөшпөсөң деле сыртынан карап жазып коёсуң, мисалы, бир жолу Түркияда жүргөндө “гөзалди сүйгөн кеселдир” деп ыр жаздым. Ал кыз өзү билген деле жок. “Кытай кызына” деген да ырым бар, ал кыз деле ырдын ага арналганын билген жок. Акындар бир көргөндө эле жазып салабыз, кийин кимге арналганын эстей албай калышыбыз мүмкүн. “Көзүңдөбү кереметти” кимге арнап жазганым так эсимде жок. Бирок түштүк кызына арналганы чын. Азыр деле көздөрдүн баары керемет да. Жашыраак кезде көзүбүзгө жакшынакай көрүнгөндүн баарына эле ыр жаза берчүбүз. Татынакай сулуулар кездешип калат, сүйлөшүп, таанышып каласың, анан жазасың.

Убагында бул ыр аябай катуу чыккан. Ырга Арзыбек Бедияров обон жазды. Негизи Арзыбек менин 20 чакты ырыма обон жазган. Ал обончулардын баарын кармай албайт экенмин да, 200дөй обончуларды китепке киргиздим. Ырларга баймын. Ырларына обон көп жазылган акындар аз болуш керек. Ырларымдын дээрлик баары аялдарга арналган, эркектердин махабаты аялдар менен да.

Арзыбек Бедияров, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Бул обонду официант кызга арнап жазгам”

– “Көзүңдөбү керемет?” ырына обон 1997-жылдын январь-февраль айларында бир ай ичинде жазылган. Ал кезде Жалал-Абадда жер төлөдө бир чакан кафе бар эле. Ошол жерде бир майрамдык иш-чарада мен жетектеген “Күлгүн жаш” элдик эстрадалык тобу концерт койгонбуз. Ал топто Кутман Жолдошев, Алтынай Эшпаева, Анара Шаимкулова өңдүү таланттуу кыз-жигиттер бар. Келген коноктордун катарында биз да сый дасторкондо отурдук. Ошондо бизди бир кара баркыттан көйнөк кийген, аппак жүздүү, көздөрү балбылдап жанып турган ай чырайлуу официант кыз сылык, элпек, жөнөкөй мамиле жасап бизди тейлеп жүрдү ошол кечте. Кулпурган кыз экен. Тамаша сүйлөсөм тамашага жооп берип коёт. Атын деле сурабадым, жердигин да сурабадым, андай мүмкүнчүлүк деле болбоду. Жаныбызда кишилер көп эле. Ошол көз караш, ошол сылык-сыпаа, ийкемдүү мамиле, кыз балага тиешелүү назиктик, өзгөчө көздөрү мага чоң таасир калтырды. Мунун баары жан дүйнөмө дүрбөлөң салды. Дүрбөлөң десе башкача түшүнүштүн кереги жок, ошол күнкү жакшынакай мамилени обонго салгым келди.

Менде Надырбек Алымбеков агабыздын ырлары бар эле. Анда ырлар жыйнагы чыга элек болчу, жөн эле кол жазмаларды мага Саламат Садыкова алып келип берген. Анда сонун лирикалык ырлар бар экен. Ал кезде Надырбек ага менен тааныша элек болчумун. Ошол барактарды барактап отурсам “Көзүңдөбү керемет?” деген ошол күнкү учурду толук сүрөттөп айтып бере ала турган чыгармасы бар экен. Анан отуруп алып ага обон жаздым. Ага обон жазганымды Надырбек ага билген деле жок. Кийин Кутман Жолдошев ырдап чыкты, анан Шахра Талипова бүтүндөй кыргызга жайылтты десем болот. Бул ыр ошентип азыркы күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жогото элек, сонун чыгарма болуп калды.

Ал кызды кийин ара-чолодо Жалал-Абад шаарынан көрүп жүрдүм, бирок учурашкан жокпуз. Ал деле мени баягы кечеде көптөн берки таанышындай тиктегени менен, кийин эсинен чыгарып койсо керек, ошол кыздын келбети, ак жуумал жүзү сезимимде терең сиңип калган. Ага ыр арнаганымды деле айтканым жок. Бул ырдын каарманын мен билем, менден башка эч ким деле билбейт. Жагымдуу кечте жагымдуу таасирлерден улам ушундай жагымдуу ыр жаралып калган.

Менимче, акында дагы ушундай жагымдуу, таасирлүү учурлар болсо керек, болбосо мындай чыгарма жазылбайт да. Мен Надырбек аганын 16-17 ырына обон жазгам, ошол ырларынын баарында анын жаш кезиндеги жакшы учурлары, эскерүүлөрү, жаштык кездеги жагымдуу жолугушуулары сүрөттөлгөн. Анын бир топ ырлары бүгүнкү күнгө чейин ырчылардын, элдин оозунан түшпөй ырдалып келе жатат.

Кутман Жолдошев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Жаңылап ырдап чыкса, дагы деле хит боло турган ыр”

– Бул ырды, угушума караганда, Арзыбек Бедияров бир официант кызды жакшы көрүп калып, анан чыгарган. Бир иш-чарада отурганбыз, ошондо бизди тейлеп жаткан кызды улам карап жаткан, көрсө, ошондо көзү түшүп жактырып калыптыр. Ошондон улам обон жазган. Бул ырды мен 1997-жылдары ырдагам, менден кийин Шахра Талипова ырдаган. Ошол кезде “Кутмандуу жерим”, “Ушундай беле бешене?” деген сыяктуу ырларымдын катарында элге алынган. Бул ыр элдин кулагына бат алына турган, обону дагы, сөздөрү дагы элдин жүрөгүнөн бат орун ала турган ыр. Аранжировкасы да жакшы жасалган. Баары айкалышып бири-бирине төп келип турганы үчүн да элге жайылып кетти. 1998-жылы Бишкекке келсем менден чоң артисттер айтып калышты “сен өзүңдү байкабай жүрөсүң, бул жакта ырларың популярдуу болуп жатат” деп. Бир күнү “Ош базарга” барып байкап көрсөм, радиоузелден "Көзүңдөбү керемет?" көп берилет экен. Негизи муну жаздырып, радиого таштап кеткенмин да, элге алынганын байкабапмын. Ошентип, бул ыр эл арасында азыркы күнгө чейин ырдалып жүрөт, 20 жылдан ашып калды, кайра жаңы боёк менен боёп ырдап чыкса деле хит боло турган ыр.

Шахра Талипова,Кыргыз Эл артисти: “Тексти менен обону дал келип, үнүмө да туура келген ыр”

– Бул аябай сонун чыккан ыр, кезинде “Жылдын мыкты ыры” болгон. Ырды тексти менен обону дал келип, жакшы чыккан, үнүмө да туура келген үчүн ырдап чыккам. Ошондуктан элге да жакшы кабыл алынды. Ушул убакка чейин элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, эскирбей ырдалып келе жатат. Арзыбектин ырларынын ар биринин тарыхы бар. Бул ырды ырдап чыкканыма 20 жылдай болуп калды, азыркыга чейин ырдап жүрөм.

"КӨЗҮҢДӨБҮ КЕРЕМЕТ?"

Сөзү: Надырбек Алымбековдуку

Обону: Арзыбек Бедияровдуку

Көзүңдөбү керемет, көзүңдөбү?

Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.

Жалжылдаган каректин сырын билбей,

Жаман экен жүрөктүн эзилгени.

 

Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?

Карегиңден айталбай жатасыңбы?

Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,

Адеби бар адамдык сапатыңды.

 

Ичиңдеби илебиң, ичиңдеби?

Илебиңдин кызылы жүзүңдөбү?

Көңүлүңдү мен сыйлап калдым окшойт,

Көп кыйнабай адамды түшүнгөндү.

 

Күлгөнүңдү жактырып, күлгөнүңдү

Күнөөкөрдөй айталбайм билгенимди.

Билип жүрсөң болду эле мындан ары

Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан