ЖИГИТТЕР, ЧАПКЫЛА!

Ай чырайы келишкен, кыздары сулуу кыргыздын... Ырчы, Тикток жылдызы, айтор, жигиттер кыялданган, издеген бийкечтерди тизмектедик. Бойдок жигиттер, барсыңарбы? Анда, чапкыла!

Сырга Сагынбековага “Эу, чоң кыз, таанышып албайлыбы?” деп жазбаңыз

Туулган жылы, күнү: 1994-жыл, 4-март

Туулган жери: Нарын облусу, Ак-Талаа району

Бою: 162 сантиметр

Салмагы: 44 килограмм

Үй-бүлөдө: 7 бир туугандын алтынчысы

Мүнөзү: ачык, шайыр, тамашакөй, сезимтал

Материалдык байлыгы: Өзүн-өзү камсыздайт

Учурда: Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги “Түрк дүйнөсү” оркестринин солисти, кабактарда ырдайт

Сулуу десең сулуу, өнөрлүү, аракетчил ырчы кызыбыздын жүрөгүн кандай жигит багындыра алат деп турсаңыз, азыр айтып беребиз. Сырганын жанындагы мырза чечкиндүү, жоопкерчиликтүү, сөзүнө турган, камкор, намыстуу болушу керек. Анан да аны күлдүрүп турушуңуз керек. Сары жигит болсоңуз, сизде “шанс” азыраак. Боюңуз ырчыныкынан узун, кара тору, спорттук дене түзүлүштөгү жигит болсоңуз, ишене бериңиз, Сыргага жагасыз. Бул кызга “ырдаба” деп айта көрбөңүз. Кесибин таштап эч жакка кете албайт. Айылда жашай турган мырза болсоңуз, анда сунушуңузга бул сулуудан терс жооп угуп калышыңыз мүмкүн. Жумушуна байланыштуу шаарда жашаганды туура көрөт. Романтик болушуңуз шарт эмес, ырчы кыз көз караш, баалуулуктар дал келишине, адамгерчилигиңизге көбүрөөк көңүл бурат. Социалдык тармактардан “эу, чоң кыз, таанышып албайлыбы?”, “красавица, кандай?” деп жазып таанышам деп убара болбоңуз, жооп ала албайсыз. Сырганы өзү иштеген университеттен, кабактардан, тойлордон жолуктурсаңыз болот.

Нуркыз Токтогонованын көңүлүн спорттук дене түзүлүштөгү мырзалар бура алат

Туулган жылы, күнү: 1998-жыл, 18-август

Туулган жери: Ысык-Ата району, Тельман айылы

Бою: 162 сантиметр

Салмагы: 100 килограм (тамашалайт)

Үй-бүлөдө: 3 бир туугандын кичүүсү

Мүнөзү: Оор, анткени алтын

Материалдык байлыгы: Кымбат баалуу косметикалык каражаттары

Учурда: Маркетолог. Инстаграм, Тикток баракчаларын иштетет

Мүнөзү алтын тиктокчу кызыбызга бою узун, арыкчырай, спорттук дене түзүлүштөгү, табит менен кийинген, өзүнөн 3-4 жаш улуу мырзалар жагат. Нуркызга жагынам десеңиз жолугушууга барарда кийим-башыңыздын тазалыгына көңүл буруңуз. Жакшы атыр себинип алсаңыз андан жакшы. Нуркыз тиш доктур, юрист, банкта иштеген олуттуу, сабаттуу, акылдуу мырзаларга басым жасайт. “Түгөйлөрдүн жалжактаганы мен болоюн” дейт күлүп. Чөнтөгүңүз калың эмес болуп, бир аз тартынып турсаңыз, сизге жакшы жаңылык, Нуркызга капчыгыңыздын көлөмү маанилүү эмес, негизгиси келечекке умутулган, жумушуңуз, пландарыңыз бар болсо ошол жетиштүү. Эң эле чоң талабы – чынчылдык. “Өлсөң да чыныңды айтып өл” дегендердин катарында. Чын дилиңиз менен мамиле кылып, эркелетип, сүйүүңүздү сездирип турсаңыз, андан ашкан деле эч нерсени талап кылбайт. Романтик болуп мага күндө гүл бер же эл алдында мага сюрприздерди жаса деп кыйнабайт. Бирок, албетте, өз демилгеңиз менен андай жагымдуу маанай тартууласаңыз кубанат. Ал эле эмес көңүлүн көтөрөм деп чын дилиңизден бир сагыз алып берсеңиз деле жыргай берет. Буйрук болуп үйлөнүп, айылда жашайбыз деп калсаңыз, эч кам санабаңыз, Нуркыз үй шыпыргандан тартып уй сааганга чейин бардык жумуштардын майын чыгара жасай алат. Ал эле эмес, талаага чыгып чөп да чаба алат, жумуштан качпайт. Тың кызыбыздын көңүлүн буруу үчүн эмнелер керек экенин аздыр-көптүр билип алдыңыз, эми тааныша калам деп социалдык тармактардан жаза көрбөңүз, убара болосуз. Андан көрө ЦУМдун айланасынан, “Ынтымак” сейил багынан жолуктуруп калчу учурду издесеңиз жакшыраак.

Үмүтай Абдышова фантазёр жигитти күйөө кылат

Туулган жылы, күнү: 1991-жыл, 25-май

Туулган жери: Бишкек шаары

Бою: 168 сантиметр

Салмагы:
51 килограмм

Үй-бүлөдө: 4 бир туугандын экинчиси, жалгыз кыз

Мүнөзү: Катаал, тилин тапканга оңой

Материалдык байлыгы: iPhone 13 pro, Honda Inspire үлгүсүндөгү унаасы бар

Учурда: Бир нече жерде иштейт.

Үмүтайды жандап жүрүүнү, аны менен жаркын келечекти бирге курууну кааласаңыз, анда сиздин коомдогу статусуңуз бийик болушу керек. Анткени ырчы кыз “үй-бүлөдө жолдошунун кадыр-баркы бийик болсо, аялдын дагы кадыр-баркы ошол аркылуу жогорулайт. Аял канчалык бийик болуп турса да жолдошунун акылы тайкы болсо, статусу төмөндөйт” деп эсептейт.

Өзүңүздү статусу бийик, оор басырыктуу, тамашакөй, акылы тереңдердин катарына кошсоңуз аракет кылып көрсөңүз болот. Статус дегенди бийлик, байлык деп түшүнүп албаңыз, мүнөз, адамдык сапат жөнүндө сөз болуп жатат. Шыпылдап кооз сүйлөп, белек-бечкек берип бул кыздын көңүлүн ала албайсыз. Андан көрө өзүңүздөй болуңуз. Бирок ырчы айымдын жанында жүрүү үчүн чыдамкай болууга туура келет, анткени кыялы чатак. Ошону көтөрүп, теңелип аны менен айтышпай, эркелетип турушуңуз керек. Баарын шайма-шай кылып турбасаңыз кыжыры кайнайт. Оюн айттырбай окуй билген көрөгөч, тапкыч, фантазёр жигитти кыялданат ырчы айым. Фантазёр адам жоктон бар кылып, турган жерден романтика тартуулай алат деп ишенет ырчы айым.

Жалжактаган, эки сүйлөгөн, ушакчы, убакытка так эмес, көп сүйлөгөн жигит болсоңуз, кечирип коюңуз, сиз Үмүтайды айланып өтүңүз.

Үмүтай сүйүп калса сизди бактылуу кыларына көзү жетет. Анткени ал анда баарына даяр болуп калат. Үй жумуштарын мындай коёлу, бал сөзгө ороп жалынып-жалбарып, жаркылдап күлүп жаныңыздан чыкпай калат, белектерди берип турат. Бул кыздын көңүлүн социалдык тармактар аркылуу бурдургуңуз келсе, анда узун, катасы жок, мааниси терең кат жазыңыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан