СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

 Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамынан ажырады

10-августта Бишкекте "Eagle FC 49" турнири болуп өттү. Турнирге башкы конок катары уюмдун негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов дагы келди. Бул турнирде белгилүү кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Расул Магомедовго каршы чемпиондук курун коргомок. Тилекке каршы, ал салмак куу процессин ийгиликтүү өткөрө албай калгандыгы үчүн EFC уюму анын чемпиондук наамынан ажыратып койду. Абдибаит уулунун салмагы 65 килограмм 800 граммды түзүшү керек болчу. Бирок таразага түшүүдө кыргыз мушкеринин салмагы белгиленгенден 1 килограмм 400 граммга ашып кеткен.

Бусурманкул Абдибаит уулу менен Расул Магомедов турнирдин негизги беттешинде кез келди. Беттеште калыстардын чечими менен Абдибаит уулу жеңилүү ызасын тартып калды. Муну менен чемпиондук кур Расул Магомедовго кетти.

Беттештен кийин Бусурманкул Абдибаит уулу атаандашы менен кайрадан реванштык беттеш өткөрүүгө даяр экенин айтты.

Ислам тилектештик оюндары өтүүдө

Түркиянын Конья шаарында 9-августта Ислам тилектештик оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземдеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин курама команданын капитаны, грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп өттү. Кыргыз делегациянын курамында спортчулар менен машыктыруучуларды кошкондо 158 адам бар. Спортчулар спорттун 16 түрүнөн намыс талашат.

Ислам тилектештик оюндарына 56 өлкөдөн жалпы 4200 спортчу катышып, 483 медалдын топтому ойнотулат. Бул ирет Ислам тилектештиги оюндары 5-ирет өткөрүлүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан