Зулкарнайн Камчыбеков, спортчу: “UFC`ге ЧЫГУУНУ КӨЗДӨП ЖАТАМ”

АКШнын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында жашап-иштеп жаткан мекендешибиз Зулкарнайн Камчыбеков менен баарлаштык. Өткөн жылы ал ММА боюнча америкалык CFFC уюмунун чемпиондук курун тагынган. 7 жылдан бери бөтөн жерде эмгектенип, ошол эле учурда спорт менен алектенип ийгилик жаратууга жетишип, эми дүйнөдөгү беделдүү уюм болгон UFC`ге чыгууга аракет кылып жаткан мекендешибиздин маегине көз чаптырыңыз, окурман.

“Мелдешке катышууга келип, АКШда калып калгам”

– Учурда АКШнын Пенсильвания штатына караштуу Филадельфия шаарындамын. Мен 7 жыл мурун Флорида штатынын Майами шаарына грэпплинг күрөшү боюнча мелдешке катышууга келгем. Грэпплинг – олимпиадалык спорт түрү болбогондуктан, барууга каражаты барлар мелдештерге катыша берет да. Ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып АКШга келгем. Ал мелдештен экинчи орунду алгам. Ошол бойдон спорттук мелдештерге катышууга берилген визаны бузуп бул жакта калып калгам. Кыргыздын көп спортчулары Америкада эмеспи. Ошолорду көрүп мен деле калып, иштеп-жашап көрөйүн деген чечимге келгем. Тааныш мекендеш байкелерге байланышып, Майамиден Филадельфияга баргам. Алардын жардамы менен жумуш таап иштеп, жашап кетүүгө жеңилирээк болду. Негизи кыргыздар дүйнөнүн ар бир бурчунда бар десек болот окшойт. Барган жеринде ынтымактуу, бири-бирине жардамдашып, колдоо көрсөтүп турушат. Башында 2-3 жыл жүрөм деп эле ойлогом, бирок убакыт ушунчалык тездик менен өтөт экен, билинбей эле 7 жыл болуп кетиптир.

“Мектепте англис тилинин эмне кереги бар дечүмүн”

– Мага “каяктан болосуң?” деп көп суроо беришет. Мен “Кыргызстандын жүрөгүнөн болом” деп коём (күлүп). Жердигибиз Кеминден болот, бирок Беловодск айылында чоңойгом. Учурда 30 жаштамын.

Спортко кызыгуумду атам ойготкон, спорт жаатына атамдын демилгеси менен келгем. Ал өзү жаш кезинде спорт менен алектенген. 8-классымда Бишкек шаарындагы спорттук жатак-мектепке тапшырып, эркин күрөш боюнча окуп бүткөм. Ачыгын айсам, Кыргызстанда күрөш боюнча жыйынтык деле көрсөтө алган эмесмин. Спортко Америкадан жакшы кириштим десем болот.

Мектепте окуп жүргөндө “англис тилинин мага эмне кереги бар?” деп окучу эмесмин. Анан дал ошол англис тилине муктаждык болуп калбадыбы. Башында тил билбестиктен кыйналдым. Филадельфияда орус тилдүүлөр көбүрөөк болгондуктан бир аз жеңилирээк болду. Негизи КМШ өлкөлөрүнөн келген эмигранттар башында ушул жакка келишет, тилден кыйналышпайт, жумуш дагы көп. Англис тилин үйрөнүүмө машыгуу залына барганым абдан чоң жардам берди. Ал жакта машыккандар жергиликтүүлөр болгондуктан, бир гана англис тилинде сүйлөшүүгө мүмкүн. Америкалык балдар жакшы, жардам берип, түшүнбөгөнүңдү түшүндүрүп турат.

“УЧУРДА УБАКТЫМДЫ МАШЫГУУГА ГАНА АРНАП ЖАТАМ”

– Башында спорттук формамды жоготпоюн, күрөшүп турайын деп өзүм жашаган аймакка жакын жерден зал карап, бара баштагам. Ал жактан бир машыктыруучу менен таанышып калдым. Өтө жакшы адам, ал кезде мен англисче түшүнчү деле эмесмин. Бирок машыктыруучум экөөбүз бири-бирибизди көз караштардан эле түшүнгөнбүз. Ошентип анын колунда машыгууну баштап калгам. Башында өзүм ойлогондой эле күрөшүп жүрдүм. Эрежесиз эр урушка катышам деп эч качан ойлогон эмесмин. Бара-бара ошол залдан ММА`га болгон кызыгуум ойгонду. Анын үстүнө Америкада бул спорт түрү өтө өнүккөн, популярдуу эмеспи. Мен беттеш өткөрүп келген Cage Fury Fighting Championships Америкадагы белгилүү уюмдардын бири. Сүйүүчүлүк беттештерден тартып профессионалдык деңгээлге ушул уюмдан чыктым. Бул уюмдун алкагында 10 чакты беттеш өткөрдүм, 2 жеңилүүгө учурап калдым. Былтыр америкалык мушкер Жесси Смитти утуп, бул уюмдун чемпиондук курун тагынгам. Азыркы тапта беттештерге сунуштар бар, менеджерим менен сүйлөшүп өзүбүзгө туура келгенин тандайлы деп жатабыз. Балким, башка уюмга өтүп калышым мүмкүн же бул уюмда дагы бир беттеш өткөрөм. Уюм беттеш үчүн келишимдин негизинде каражат төлөп берет. Биздин максатыбыз – UFC`ге чыгуу болгондуктан, жакшы даярдык менен беттеш алпаруум кажет. Акыркы учурда убактымды машыгууга гана арнап жатам.

“ТРАК АЙДАП АЙЫНА 10 МИҢ ДОЛЛАР ТАБАМ ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС”

– Биздин айдоочулук күбөлүк, эч бир документ бул жакта алып жүрүүгө жарабайт. Баарын жаңы алуу кажет. Сатып алмай, коррупция деген жок. Трак айдаш үчүн атайын мектептен окуп, сынак тапшырып анан айдоочулук күбөлүккө ээ болосуң. Мен айдоочулук күбөлүк алып трак айдап жүрдүм. Тракка чыгуу көп убакытты талап кылгандыктан жумушту же машыгууну тандашым керек болду. Анан тракты токтотууга туура келди. Азыр машыгуу менен алекмин. Машыгуу жок күндөрү курулуш иштеринде иштеп турам.

Айрым блогерлер “трак айдап айына 10 миң доллар табам” деген маалыматтарды берип жүрүшөт. Андан улам баары эле Америкага келип трак айдоону самап жатпайбы. Чынын айтканда, дайыма андай акча жок. Мен аны туура эмес маалымат дээр элем. Кээде жумуш өтө көп болгондо ошондой сумманы табуу мүмкүн. Бирок анын ичинде күйүүчү майга, жолго төлөнгөн, тамак-ашка кеткен каражаттар бар да. Американын мыйзамы боюнча, күнүнө унаа айдап 10 саат эле жолдо жүрө аласың. Көпчүлүк эмигранттар көбүрөөк каражат табабыз деп жатып аны сактабай ашыкча жол жүрүп салышат.

“КӨКҮРӨКТҮ МЕКЕНГЕ БОЛГОН САГЫНЫЧ УЯЛАП ТУРАТ”

– Американын жашоосу адамдар менен сүйлөшүү, мамиле түзүүдөн тартып көп нерсени үйрөттү. Бул жакта жашоо оор деп айтпайм, Кудайга шүгүр, иштесе болот. Иштейм деген кишиге жумуш көп. Мен такси, жеткирүү, трак айдап, курулуш иштеринде иштеп көрдүм. Адамдарга жакшы шарттар түзүлгөн. Сени эч ким мигрантсың деп басмырлабайт. Башында үйдөгүлөрдү сагынып кыйналган учурлар болгон, азыр көнүп калдым. Интернет аркылуу күн сайын видео менен байланышууга мүмкүн болгондуктан да бир аз жеңилирээк болуп калды. Мекенге болгон сагынуу ар дайым көкүрөгүңдү уялап турат. Дайыма Кыргызстан деп жашайбыз, жаңылыктарды калтырбай окуп турабыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан