Мезгил үнү
Бабанов баштаган иш ийгиликтүү болуп, коалиция өткөн аптада куралган. Ошентип, өкмөттү түзүү вазыйпасына да убакыт жетип, ага көпчүлүккө кирген үч партиянын өкүлдөрү дайындалды. Анда эмесе, эски-жаңы жүздөр менен таанышабыз.
1. Алмазбек Атамбаев – Өкмөт башчы. КСДП-нын лидери.
2. Өмүрбек Бабанов – 1-вице-премьер-министр. “Республика” партиясынын лидери.
3. Шамиль Атаханов – Күч структуралары боюнча вице-премьер-министр. Буга чейин Мамлекеттик эмес каражат чогултуу фондунун жетекчиси. (КСДПнын өкүлү).
4. Ибрагим Жунусов – Социалдык тармактар боюнча вице-премьер-министр. "Ак жолчу", буга чейин Маданият агенттигинин башчысы болчу. (“Ата Журт”).
5. Нурханбек Момуналиев – Министр, өкмөттүк аппараттын жетекчиси. Кезинде өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болгон. (КСДПнын өкүлү).
6. Жантөрө Сатыбалдиев – Министр, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын баш директору. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
7. Руслан Казакбаев – Тышкы иштер министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
8. Зарылбек Рысалиев – Ички иштер министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
9. Эркин Исаков – Транспорт жана коммуникация министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
10. Чоробек Имашев – Каржы министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
11. Канат Садыков – Билим берүү жана илим министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
12. Алиясбек Алымкулов – Жаштар иштери боюнча министр. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
13. Учкун Ташбаев – Экономикалык тескөө министри. Буга чейин Максим Бакиевдин “оң колу” же ИИӨБАнын (ЦАРИИ) башчысынын орун басары болчу. ("Республиканын" өкүлү).
14. Нурдин Илебаев – Мамлекеттик мүлк министри. Буга чейин “Кыргызстан коммерциялык банкынын” директорлор кеңешинин төрагасы эле. ("Республиканын" өкүлү).
15. Төрөгул Беков – Айыл чарба министри. Буга чейин агробизнес атаандаштыкка жөндөмдүү борборунун директору болчу. ("Республиканын" өкүлү).
16. Аскарбек Шадиев – Энергетика министри. Мурунку “ак жолчу” депутат. ("Республиканын" өкүлү).
17. Замирбек Эсенаманов – Жаратылыш ресурстар министри. Жайыл районунун мурунку акими. ("Республиканын" өкүлү).
18. Дүйшөналы Мамасалиев – Социалдык коргоо боюнча министр. Таш-Көмүр шаарынын экс-мэри болгон. ("Республиканын" өкүлү).
19. Абылай Мухамеджанов – Адилет министри. КРнын Жогорку Сотунун судьясы кызматынан 2010-жылдын июль айында кол жууган. ("Ата Журттун" өкүлү).
20. Сабырбек Жумабеков – Саламаттыкты сактоо министри. Буга чейин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору болчу. ("Ата Журттун" өкүлү).
21. Алмасбек Абытов – Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри. Экс-депутат. ("Ата Журттун" өкүлү).
22. Болотбек Борбиев – Өзгөчө кырдаалдар министри. ИИМдин МАИ башкармалыгынын башчысы болчу. ("Ата Журттун" өкүлү).
23. Нурланбек Шакиев – Маданият жана маалымат министри. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер болчу. “ЭлТР” телеканалынын экс-директору. ("Ата Журттун" өкүлү).
24. Зиядин Жамалдинов – Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы. Мурунку “ак жолчу” депутат. ("Ата Журттун" өкүлү).
25. Абибилла Кудайбердиев – Коргоо министри. Президент дайындады. Буга чейинки ээлеген кызматтык ордунда калды.
26. Кеңешбек Дүйшөбаев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы. Президент дайындады. Буга чейинки ээлеген кызматтык ордунда калды.
КЫСКА МААЛЫМАТ:
Эльвира Караева
politika@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫ СИЗГЕ ЖАКТЫБЫ?
Турусбек Мамашев,
54 жашта, ишкер:
– Баары жакты деп айта албайм. Бирок өкмөт башчысы болгон Алмазбек Атамбаев команданын ишин жөнгө салып кетерине көзүм жетет. Анткени ал чарбачыл, талапты катуу койгон, тажрыйбасы бар, анан да эң негизгиси, элдин турмушун жакшыртууга, иштөөгө каалоосу чоң адам.
Эрнист Балбаков,
25 жашта, журналист:
– Жаккан жок. Бакиевдин заманында иш жүргүзгөн Учкун Ташбаев, Ибрагим Жунусов сыяктуулар келишти. Өкүнүчтүүсү, апрель окуясын башкалар жасаса, ортодон чыга калгандар бийликке ээ болушту. Эми бийликке келгендер ишин так аткарбаса, эл оңой эле айдап чыгат. Оппозиция да өтө күчтүү.
Аида Анаркул кызы,
21 жашта, филолог:
– Мага аябай жакты. Анткени мен жактырган, колдогон “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 1-вице-премьер-министр кызматына келди. Бул кишиге чоң ишеним артам. Мен гана эмес, жаштардын баары. Эми иштебей көңүл калтырса, анда чоң каталык кылат.
Жолболду Зулпукаров,
25 жашта, ишкер:
– Мен Москвада жашачумун. Мекениме келгениме бир ай болду. Мурун бир да партияны колдочу эмесмин. Оштук туугандарымдан “ата журтчу” Ташиев, Келдибековдун түштүк эли үчүн жасаган ишин угуп, колдоп калдым. Андыктан жаңы түзүлгөн өкмөт мага жакты. Булар эл үчүн кызмат кылат дейм.
Айжан Адылбек кызы,
20 жашта, студент:
– Ооба, жакты. Мен башынан эле Алмазбек Атамбаевди колдоп келем. Ал саясатчы катары абдан жагат. Кандай команда менен иштейт билбейм, бирок Атамбаев өзүнүн тажрыйбасы менен башкаларга үлгү болуп иштеп кетерине көзүм жетет. Мен ага кийинки төңкөрүшкө жол бербейт деп чоң ишеним артам.
Бактыбек Качкынов,
41 жашта, режиссёр:
– Мындай өкмөттү көпчүлүк каалабагандай эле, мен да каалаган эмесмин. Ибрагим Жунусов сыяктуу иш ордуна төп келбегендер көп. Ал маданият адамы да. Билбейм эми, өкмөт өлүп төрөлгөн баладай эптеп түзүлдү. Үч фракция биргелешип иштешине да көзүм жетпейт.
Шайыр Касымалиева,
43 жашта, актриса:
– Өкмөттүн курамы канааттандырарлык эмес. Менимче, өкмөт түзүлүп жатканда коомдук пикирди эске алышпагандай сезилип жатат. Албетте, баары туура эмес орунга отурду дегенден алысмын, арасында иштөөчүлөр бар, бирок аз.
Бактыгүл Сокушова