Шайлообек Үркүнбаев, жинолог: “ДЕМ САЛЫП ЖАТКАН БЕЙТАБЫМ ИТЧЕ ҮРҮП ЖИБЕРГЕН”

Кара күч, кара дуба, албарсты, арбактар – булардын баары жиндер ааламына кирет дешет эксперттер. Эл ичинде “жин кирип кетиптир, молдого окутуш керек” деген кептерди сиз деле угуп жүрсөңүз керек, окурман. Кандай учурда адамга жиндер кол салышат? Медицинада жин оорусу дарыланабы? Ушул жана башка жагдайлар боюнча жинолог Шайлообек Үркүнбаев айтып берди.

– Саламатсызбы, Шайлообек мырза? Көп жылдан бери адамдарга дем салып, жин чыгарат экенсиз. Жин-шайтандар ааламы дешет экен, бул эмне?

– Кудай Таала жараткан макулуктардын ичинен үч макулукка акыл-эс берген: периштелер, адамдар жана жиндер. Периштелерден айырмаланып жиндер менен адам баласына тандоо ыктыяры берилген. Кааласаң пайгамбарды ээрчип бейишке кир, кааласаң шайтандын жолун тандап тозокко бар. Жиндер да мусулман, каапыр, эркек-аял болуп бөлүнөт. Адам баласына зыян берип, оору жеткирген жин – бул шайтан. Жиндер түтүнсүз оттон жаратылган деп айтылат Куранда. Ошондой эле жин адамдан мурда жаралган. Адам атабыз менен Обо энебиз бейиште жашап жатканда шайтандардын чоңу Ибилис көрө албастыгынан аларды азгырып, Кудайдын тыюу салган бейиш мөмөсүн жедирип, ошону менен Кудай каарданып, аларды жерге түшүргөн. Шайтандын бир эле максаты бар – адам тукумунун көп бөлүгүн өзү менен тозокко ала кетүү. Жиндер ажатканада, үңкүрлөрдө, таштандыларда, күл төгүлгөн ыплас жерлерде, базарда жашашат. Эл арасында “жин кирип кетиптир” дегенди көп эле угуп жүрөбүз. Бул чындык. Кара дуба, сыйкыр, албарсты жана башка түшүнүктөр да жин кирип кеткендин белгилери. Адамдагы жаман ойлор, ичкиликке, баңгиликке, кумарпоздук, зынаакордукка берилгени – баары жиндин таасири. Ошондой эле жин кирип кеткен аялзаты күйөөгө тийгиси келбейт, тийсе да боюна бүтпөйт же боюнан түшө берет. Аалымдар гомосексуалист болуп кеткен эркек адамга аял жин кирип алган себептүү дешет.

– Жин адамга кандай учурда кирип кетет?

– Анын себептери көп, ачууланганда, катуу сүйүнгөндө, кайгырганда, кейигенде, ажатканага дуба айтпастан киргенде, тамакты “бисмилла” айтпай жегенде, сол колу менен тамак жеп, суу ичкенде, аурат жерлери ачылчу болуп чечинип жатканда “бисмилла” айтпаса, жиндер жашаган жерлерге атайы дубаларды айтпай киргенде жана башкалар.

– Ошол жин кирип кетүүдөн кантип сактануу керек?

– Жинден коргонуунун биринчи жолу – бул такыба болуу. Пенде жаратканын таанып, намаз окуп, даарат менен жүрүү, жинден коргонуучу зикирлер менен Кудайдан коргонуу сурап жүрсө жинден коргонгон болот.


– Азыркы учурда дем салгандар, көзү ачык, бүбү-бакшылар көп. Булар тууралуу эмне айта аласыз?

– Көзү ачык, бүбү-бакшы, "экстрасенс", "белый маг", "чёрный маг" дегендердин баары шайтандар менен иштеген алдамчылар, сыйкырчылар. Алар Ибилис менен келишим түзүп, жиндерди пайдаланып, адамдарга зыян жеткиришет, башкача айтканда, адамдарды ажыраштырып, ысытма-суутма жасап, "сенде баланча жин бар экен, ээрчигениң, колдоочуң, кыргызчылыгың бар экен" деген сыяктуу алдамчылык менен адамдарга жин киргизишет. Эч бир адам башка адамда жин бар экенин биле албайт, анткени жин ааламы кайып дүйнө, алардын келбети кандай болорун эч бир пенде билбейт. Кудай Таала кайыпты менден башка эч ким билбейт деген. Ошондуктан замандаштарыма насаатым – “жолуңду ачып берем, соодаңды жүргүзүп берем, кара дубаңды жандырып, жиниңди чыгарып берем” дегендерге ишенбегиле жана алданбагыла. “Ким көзү ачыкка барса кырк күн намазы кабыл болбойт, ал эми айтканына ишенсе ыйманын жоготот” деген пайгамбарыбыз. Дагы бир жагдай – азыр биздин клиникага “баланча молдого дем салдырып келдим, “сага көз тийиптир же кара дуба бар экен” деп айтты” деп көп адамдар кайрылууда. Ошондой молдокелерге кайрылуум – силер антип дем салбай эле койсоңор жакшы болот эле. Анткени пайдаңардан зыяныңар көп болуп жатат. Дем салган молдонун негизги милдети – ошол адамга жинден коргонууну үйрөтүү болуш керек эле. "Сага көз тийиптир" же "сени бирөө дубалаптыр" деген сөз менен оорулуу адамды өзү менен корстон болууга, ким дубалады деп жакындарынан шек саноого, алар менен душмандашууга түртүп, пайдасынан зыяны көп болуп жатат. Биздин клиникадагы интегративдик ыкманын да негизи ошол – биз бейтаптарга өзүн жин-шайтандан коргонууга үйрөтөбүз. Аны үйрөтпөй дем салып, акысын ала берүү – кыянаттык.

– Медицинада жин деген түшүнүк жок да, андайларды психикалык ооруканаларда дарылашат...

– Туура, бирок азыркы медицина бардык оорулар нервден, башкача айтканда, рухтун жабыркаганынан деп моюнуна алып отурат. Керек болсо рак – бул таарынычтан келип чыккан оору дешет медицинада. Бирок ал илим чолок болгондуктан, рух деген эмне экенин, ал кайда жайгашканын билишпейт да, дары менен гана дарылоонун үстүндө. Өткөн кылымдын ортосуна чейин ооруканаларда ооруну рух менен чогуу дарылайт эле. Кийинки доктринада фармбизнес жеңип кетип, ал тармакты токтотушту. Бейтап врачка келсе эле оорусуна жараша дары жазып берет: уктабай жатса уктатуучу дары, мээ чайкалып калгандарга тынчтандыруучу дары. Мен фармацевтика илимдеринин кандидаты катары айтам – азыр жан дүйнө ооруларын дарылап жаткан дарылар психотроптук, нейролептикалык каражаттар, алар убактылуу жардам берип алдайт, бирок денеге да, рухка да зыяны чоң. Байыркы замандын залкарлары Платон, Сократтын “рухту дарылабай туруп денени дарылоо мүмкүн эмес” деп айтканы бар. Дене ооруларынын да себепкери жин-шайтандар. Ошондуктан азыркы медицина бул жаатта алсыз, анткени илими кыска, чектелген. Рухту дарылоонун жолу – бул Кудайды эстөө, Куран угуу, сабырдуу болуу, садака берүү, кечиримдүү болуу, таза жүрүү, көрө албастыкты таштоо.

– Жеке тажрыйбаңызда өзүңүз таң калган окуялар тууралуу айтып берсеңиз...

– Мен көп жылдан бери Куран менен дем салып, дарылайм. Дем салууга кызыгуум 2000-жылдан баштап күчөдү. Бул жаатта Арабияга чейин барып, илим алып, изилдендим. Илимим күчөгөн сайын динге дагы тереңдеп кирип, жин ааламы бар экенин, алардын адам баласына тийгизген зыяны чоң экенин түшүндүм. 2010-жылдан баштап оорулууларды кабыл алып, дем салып баштадым. Дем салганда адамдар кусуп, кыйкырып, сүйлөнүп, ар кандай реакция кылышат. Бир жолу дем салдырганы Нарындан бир келин келди, дем салып жатсам эле кытайча бир нерселерди сүйлөп кыйкырат, орусча да бирдемелерди сүйлөдү. Дем салып бүткөндөн кийин келинге видеону көрсөтсөм “кытайча бир да сөз билбейм” десе болобу. Көрсө, ага кытай жин кирип кетиптир. Дагы бир жолу дем салып жатсам, бир аял маңдайыма төрт аяктап басып келип “ав-ав-ав” деп итке окшоп үрүп жиберди. Аны анча-мынча молдолор көрсө даараты бузулуп калмак. Акыры дем салдырып жүрүп, айыгып кетти.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан