Кафедеги окуя: 17 ЖАШТАГЫ КЫЗ ЗӨӨКҮРДҮН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУБУ?

Жакында Аламүдүн районундагы “Алтын казына” ресторанынын эки кызматкери аталган ресторанда официант болуп иштеген 17 жаштагы кызды мейманканада бир күн бою зордуктаган” деген үрөй учурарлык маалымат тарады. Шектүүлөр кармалып, сурак берип жаткан учур. Аталган чуулгандуу окуянын чоо-жайын билүү максатында тараптардын пикирин угуп көрдүк.

Жабырлануучу кыздын жакыны: “Ресторанга жумушка киргенине 15 эле күн болгон”

– Бул окуя кыздын үй-бүлөсү үчүн чоң сокку болду. Дагы деле өздөрүнө келише элек. Башында белгисиз себептерден улам экспертизанын жыйынтыгын бербей кечиктирип жатышты. Шектүүлөрдү да бир топтон кийин кармашты. Айрым ЖМКларда кызды бир жактуу айыптаган маалыматтар чыгып жатат. Биздин кыздын “Алтын казына” ресторанына жумушка орношконуна 15 эле күн болгон. Кызыбыз 2-курстун студенти, мүнөзү абдан жоош, буга чейин эч жерде иштеген эмес. Каникулда эл менен аралашсын деп иштегенге уруксат бергенбиз. Жалпы алганда 10 күндөй эле иштеди. Анын 7 күнүн стажировка деп бекер иштетишиптир. Айыпталуучу жигиттер “Алтын казына” ресторанында 5 жылдан бери иштешет экен. Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнуна алып камалды деп уктук. Бирок айыпталуучунун жакындары тарабынан биздин үй-бүлөгө кысым болуп жатат. Мындан улам ишти тергеген тергөөчү да алмашты.

Чүй ОИИБи: “Шектүү катары 20 жаштагы ресторан кызматкери кармалды”

– Аламүдүн РИИБине арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылып, 7-август түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызын зордуктаганын айтып чара көрүүнү өтүнгөн. Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин алкагында окуянын жагдайы боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынып көрсөтмөлөрүн беришти. Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш ишинин жүрүшү Чүй ОИИБинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Махабат Мавлянова, ресторан ээси: “Мекеменин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам”

– Мен үчүн да бул окуя үрөй учурарлык болду. Учурда кылмыш иши козголду, тергөө иштин бардык жагдайларын аныктап күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алат деп ишенем. Бирок акыркы 3 айдын ичинде окуя катталган “Maryotel” мейманканасы ар кандай спорттук командаларды кабыл алган спорттук уюм тарабынан ижарага берилген. Алар толугу менен өз алдынча башкарышат. Биздин компаниянын көзөмөлүндө эмес. Шектелген адамдарды айыптоодон мурун тергөөнүн, экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек. Биздин ресторандын администрациясы калкка банкеттик кызмат көрсөтүүнү гана максат кылып, ашпозчуларды, официанттарды жана башка кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып келет. Бирок эртең тигил же бул кызматкер кандай кадамга барарын эч ким алдын ала биле албайт. Адамда келечектеги кылмышкерди же тартип бузуучуну алдын ала таануу өтө кыйын. Ар бир бизнес ээси ушундай кырдаалга туш келиши мүмкүн, анын кызматкери ким болуп чыгышы мүмкүн экенине эч ким кепилдик бере албайт. Мен жабырлануучунун ата-энесинин сезимдерин түшүнөм, бирок мен аларды менин аброюма жана мекеменин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам. Тергөөнүн калыс жүрүп, күнөөкөрлөр жазасын алышын биз да талап кылабыз.

Назгүл Турдубекова, укук коргоочу: “Кызды сүйрөп бараткан видеолорду администрация өчүртүп салган дешти”

– Укук коргоочу катары айтсам, Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Балдарга, аялдарга карата зомбулуктун аягы суюла элек. “Maryotel” мейманканасында 17 жаштагы кыздын зордукталган окуясында мекеме администрациясынын да жоопкерчилиги каралышы керек, кантип секелек кызды номерге киргизип койгон? Билсеңиздер, ресторан менен отелдин аралыгы бири-бирине абдан жакын. Зордуктаган жигиттер ресторанда кечинде банкетте иштешкен экен. 17 жаштагы кыз алар менен чогуу иштеген. Кечинде жумуштан кийин кыздын суусундугуна психотроптук дары кошуп берип ушул ишти жасашыптыр. Ал дарыны ичкенде адам өзүнүн эмне кылып жатканын аңдап сезе албайт. Кала берсе, кызды сүйрөп номерге кирип бара жаткан видеобайкоодогу видеолорду администрация өчүртүп салыптыр дешти. Демек, администрация бул жерде кылмышкердин кылыгын жашырып жатат. Кыз өзү абдан жоош, бир сырдуу болгон. Кечинде жумушун бүткөндө апасы тосуп алып кетчү экен. Апасы ошол окуя болгон түнү телефонуна чалса өчүк экен, түнү менен издеп жумушуна келип, кызды зордуктап коюшканын билет. Зордуктаганда да аябай кыйнап зордукташкан. Кыз “азыркыга чейин денелерим ооруп жатат” деди. Абалы да начар, алган психикалык чоң соккудан өзүнө келе элек. Зордуктаган бир жигит кармалды, тергөө ишинин жүрүшүндө кылмышка шектүү экинчи жигит да кармалат деп ишенебиз.

Шектүүнүн атасы: “Уулум чогуу эле спирт ичимдигин ичип, чогуу отурганбыз деди”

– Окуя тууралуу мага улуу балам билдирди. Баламды милиция кызматкерлери кармап кетип жатканда бир-эки ооз сүйлөшкөнгө жетиштим. “Эмне кылдың, зордуктадың беле?”  десем, “ата, эч кандай көптөп зордуктоо болгон эмес, кыздардын макулдугу менен эле эки кыз, эки эркек болуп төртөөбүз чогуу ичимдик ичип отурган элек. Эртең менен ушундай ызы-чуу болуп кетти” деп айтты. Баламдын келинчеги бар, кош бойлуу, бүгүн-эртең төрөйм деп көз жаруусун күтүп жатабыз. Коомчулуктун баламды бир тараптуу айыптабай, тергөө иши аяктагыча сабырдуу болуп туруусун суранып кетет элем.

Адам укугу, анын ичинде балдардын, аялдардын укугуна мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарылдыгын акыркы айлардагы эле бир нече кейиштүү окуялар көрсөттү. Жогорудагы окуя боюнча дагы адилеттүү иликтөө жүрүп, күнөөлүү тарап мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылат деп күтө туралы.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан