Мирбек Атабеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЫРЧЫДА БИР АЗ ИНТРИГА БОЛУШУ КЕРЕК»

“Ой баскан санааларым

Оорубас дүйнөм жараладың.

А балким, жолугуп мен,

Айткым келет сага баарын...”

Ушундай саптар, байкасаңыз, бардык жерде жаңырууда. Бул – мега жылдыз Мирбек Атабековдун кезектеги хит ыры. Кыргыз элинин сүймөнчүк уулу менен туулган күнүн утурлай маек курдук.

– Саламатсызбы? Туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Өмүрдүн бул бүктөмүндө эмне таптым, эмне жоготтум деп ойлойсуз?

– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат! 36 жашка чыктым, бирок жашоодо дагы деле эч нерсени биле элекмин. Баарын көрдүм-билдим, акылдуу болдум деген деңгээлге жете элекмин. Эмне тапканымды эл өзү билет, бардык нерсе элдин көз алдында да. Эң негизгиси, элдин сүйүүсүн, ишеничин таптым. Ал эми жоготконум – бул балалык.

– Москвада концерт бергени турасыз, дагы кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Буюрса, 21-августта Москвада концерт берген жатабыз. Көптөн бери чоң концерт бере элекпиз. Ал жакта дагы биздин чыгармачылыкты сыйлаган адамдар көп, аларга бир майрам тартуулайлы дедик. Бул жылга пландар көп, топтолуп чыкпай турган ырлардын баарын быйыл элге сунайын деп жатам. Ай сайын жок дегенде бирден ыр чыгарганга аракет кылабыз. Буюрса, бул жылы Бишкекте дагы концерт берели деген план бар. Жаңы чыккан “Жүрөктө сенсиң, жаным” деген ырыма клип тартып бүттүк. Бул ыр Spotify`дын плейлистине кириптир. “Кечки Бишкек” ыры iTunes`та бир айдан бери 1-орунда турат. Азыр интернет жакшы шарттарды түзүп жатпайбы. Дүйнөгө таанылууга мүмкүнчүлүк бар. Мурун кыргыз ырларын казак эли гана укса, азыр дүйнө жүзүндөгү башка улуттар угуп жатат. Бул чоң жетишкендик. “Сени менен” деген ырым клиби менен кошо даярдалып жатат, күзгө маал тартуулайбыз.

– Жүрөк кылдарын терметкен “Кечки Бишкек” ырыңыздын жаралуу тарыхына токтолсоңуз?

– “Кечки Бишкек” бул ностальгия да. Ар бир кыргыздын жаштыгы Бишкек менен байланыштуу. Бишкекти сүйүүнүн шаары деп койсок болот. Таанышуу, табышуу, күтүү, сагынычтар болот дегендей. Ошолордун баарын ойлоп, сүйүүнү Бишкекке байланыштырган ыр чыгарсамбы деп жүргөм. Бул ыр былтыр жаралган, улам майын чыгара иштеп жатып элге тартуулай турган убакыт-сааты быйыл июль айына туура келиптир.

– “Жүрөктө сенсиң, жаным” ырынын сөзү, обону да өзүңүзгө таандык экен? Мындай ырлар эмнеден улам жаралып жатат?

– Кинобу, ырбы, жашоодон алынды дегени менен, көркөмдөлөт да. Бул ырдын деле менин жашоомдон алынган дагы, көркөмдөп койгон дагы жерлери бар. Эми ырчыда бир аз интрига болуп турган кызыктуу да. Жалаң эле сүйөм, өтө бактылуубуз деп ырдай берсең кызыксыз болуп калбайбы.

– Музыкалык сынактарга катышайын деген ойлор болгонбу?

– Мен сынакка катыша турган ырчы эмесмин. Ар кимдин өзүнүн жөндөмү бар. Сынакка адам өзүн сынаш үчүн барат. Ал нерсе мага керек эмес. А мен өзүмдү башка жактан сынайм. Албетте, сынакка катышкан ырчыларыбыз менен сыймыктанам, баалайм.

– Чыгармачылыгыңыз бийикте, сизде финансылык көз карандысыздык бар болсо керек, мындай абалда адам эмнеге умтулат экен?

– Дагы деле материалдык муктаждык бар. Канчалык көп тапсаң, керектөөң да ошончолук өсөт. Мурун 500-1000 долларга клип тарттырсак, азыр 10 миң долларга тарттырабыз. Ар бир нерсенин сапаттуусу кымбат болот да, музыканын дагы сапаттуу, сапатсызы бар. Мен сапатка көңүл бургандыктан каражат дагы көп сарпталат. Ар дайым чыгармачылыгымды жакшыртууга умтулам.

– Кымбат автоунаа, кымбат саатты статус көрөсүзбү?

– Жок, кылган аракетимдин баары үй-бүлөм, балдарым, жакындарым үчүн. Үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбасам дейм. Мен айылда өскөн баламын, самандан салынган жупуну үйдө деле жашай берем. Кымбат кийим, кымбат унаага деле басым жасабайм. Кийим мага ыңгайлуу болсо болду. Мисалы, автоунаам жок, азыр келинчегимдин унаасын айдап жүрөм. Ал жакында АКШдан келгенде өзү алат.

– Үй-бүлөм деп калдыңыз, балдарга кандай атасыз?

– Балдарымдын келечегин ойлойм. Заман өзгөргөн сайын балдарым кандай заманда жашайт деп сарсанаа болом. Аларга жакшы тарбия берип, кыргыз баалуулуктарын үйрөтүп, эл-жер, мекенге болгон сүйүү, улуу-кичүү, ата-энеге болгон мамилени үйрөтүү биздин милдетибиз. Ошол нерселерге көңүл бурууга убакыт келди. Мурун кыз бала атасына жакын болорун түшүнчү деле эмесмин. Балдарымдын баарын бирдей жакшы көрөм, бирок эки кызым тең мага жакын. Мен турган жерде аларга мен “авторитетмин”, а уулума апасы.

– Учурда үй-бүлөңүз АКШда эмеспи, сагыныч абдан сезилип жатса керек. Тез-тез байланышып турасызбы?

– Албетте, сагынам. Негизи күн сайын эле сүйлөшүп турабыз. Күн-түндөн айырма болгондуктан байланышуу убактыбыз бир аз туура келбей калат. Иш күндөрү алар бакчага барышкандыктан, дем алыш күндөрү кененирээк сүйлөшөбүз. Кудай буюрса, жакын арада Кыргызстанга келишет.

–АКШга кетүүнү самагандар көп, сизде дагы андай ойлор болгонбу?

– Бир убакта болгон. Бирок кыргыз болгондон кийин өз жериңе тартып турат экен. Өз жериңди, күйөрмандарыңды, кесибиңди сагынат экенсиң. АКШга барып 3 ай гана чыдадым. Келип аэропортко түшкөндө Кыргызстандын абасы керемет экенин сезгем, топуракты кармалап, көзүмдөн жаш аккан. Мекендин кадыр-баркын бөтөн жерде билесиң деген чын. “Колдо бар алтындын баркы жок” дейт го, бул сөзүмдү чет элде жүргөндөр жакшы түшүнөт.

– Маегиңизге рахмат. Мындан ары да хит ырларыңыз менен Кыргыз элин, угармандарды кубантып жүрө бериңиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан