Айгүл Айдарова, Жогорку Кеңештин депутаты: “ЖАКЫНДАРЫМ КУУДУЛ ЭЛЕ БОЛУП АЛБАЙСЫҢБЫ ДЕШЕТ”

Шар мүнөз, бетке чабарлыгынан улам айрымдар депутат Айгүл Айдарованы “эркекче жүрөт” дешет экен. Өзү тууралуу “тарсылдап жүргөнүм менен, жыл өткөн сайын аял катары жумшактыкты, ийкемдүүлүктү өзүмө сиңиргенге аракет кылып жатам” дейт эл өкүлү. Жаш депутат менен таанышып алыңыз, окурман.

– Саламатсызбы, Айгүл айым? Маекти ысымыңыздан баштагым келип турат. Көп саясатчылардын, мисалы, Өмүрбек Текебаевдин, Сооронбай Жээнбековдун, Садыр Жапаровдун жубайларынын аты Айгүл. Бул жөн эле дал келүүбү, же Айгүлдөргө байланган бир сыр барбы?

– Саламатсызбы? Адамдын ысымы тагдырына таасирин тийгизет дегенге ишенем. Динде бала төрөлгөндө ат коюуга, анын маанисине басым жасашат эмеспи. Менин атымды Айгүл деп чоң апам койгон. Өзүм Баткендин кызымын. Чоң апам Баткендин ыйык гүлү, Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүнүн атынан койгонун айтат. Гүлдүн жаралуу тарыхына токтолсом, сүйүүнү даңктаган, аруулукту туу туткан Айгүл деген кыз сүйүүсүнө жетпей калып аскадан боюн таштап өмүрүн кыйган экен. Кийин ошол кыздын жүрөгүнөн чачыраган кандан Айгүл гүлү өсүп чыккан деп айтылат уламыштарда.

– Кейиштүү уламыш экен. Сиз сүйүүңүзгө жеткенсизби?

– Ооба, Кудайга шүгүр, бул сезимден мени куру кылган жок. 19 жашымда турмушка чыккам, көпчүлүк кыздар турмушка чыккандан кийин окуусун алып кете албай таштап салышат эмеспи. Мен турмушка чыккандан кийин да эки окуу жайда окуп диплом алгам. Бирок, тагдыр экен, жолдошум менен ажырашып кеттик. Эки ажырым жолго түшкөнүбүзгө 10 жыл болуп калды. Эки баланын энесимин, кызым 13 жашта, уулум 10 жашта. Азыр турмушка чыгайын деген оюм жок. Анткени үй-бүлөлүү кезде көп кордук көрдүм, жүрөгүмдө так калып калган окшойт. Жолдошум азыр үй-бүлөлүү, өз турмушу менен. Балдарым атасынын туугандары менен катышат, кайненем менен мамилем жакшы. Ажырашканда эч качан күнөө бир тараптан кетпейт, жаштык кылдык, менин да, анын да күнөөсү бар.

– Ачык, тарсылдаган айымдын саясатка кантип келип калганы кызык. Парламентке эмне максатта, кандай пландар менен келдиңиз?

– Саясатка келишиме апамдын салымы чоң, ал мага кеңешин, сунушун айтып жүрүп саясатка кызыктырды. Алгач шайлоонун үгүт иштеринде жүргөндө таң калып эле космоско келгендей болгом, тигинин сүйлөгөнүн карайм, мунун сүйлөгөнүн карайм, ошентип аралашып жүрүп такшалдым окшойт. Шайлоонун жыйынтыгында мен өткөн жокмун, мейли, кайра тергөөчүлүк жумушума кайтам да деп койгом. Бирок Орозайым Нарматованын орду бошоп парламентке келип калдым. “Бүтүн Кыргызстандын” тизмесинде аялдардын квотасы менен 12-болчумун. Мыйзам боюнча, кайсы бир себептер менен депутаттын орду бошосо алган добушунун саны боюнча кийинки орунда турган талапкер депутат болуп келет. Мен ошол тизмеге туш келдим. Өзүмдү мыйзамдуу түрдө партиянын атынан депутат болуп келдим деп эсептейм. Орозайым менен мамилем сый, аны шайлоодон кийин көрө элекмин, ал Москвада.

– Саясатка кызыктырган апаңыз, үй-бүлөңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

– Мен мугалимдердин үй-бүлөсүндө өскөн кызмын. Атам көп жыл Баткендин Самаркандек айылындагы мектептин директору болуп турган, апам англис тилинен мугалим эле. Эки бир тууганбыз, Максат деген иним бар. Ата-энем абдан жоош, момун адамдар. Досторум тамашалап “ата-энеңе такыр окшош эмессиң, сени багып алышканбы” деп күлүп калышат.

– Табиятыңыздан эле шар мүнөзсүзбү же тергөөчүлүк кесиптин таасири тийдиби?

– Сөздү тарс, бетке айткан мүнөзүмдү кээде кемчилигим катары кабыл алам. Бирок адилетсиздик, акыйкатсыздык болуп жатса канчалык өзүмдү кармабайын жүрөгүмдөгү сөз тарс атылып чыгып кетет. Бул мүнөз табияттан берилген. Милицияда иштегеним мүнөзүмдү ого бетер катаалдантып, мени “темир аялга” айлантты окшойт. Мени бирөө сындаса ошол кемчилигимди оңдомоюнча өчөшүп алам, ал адамга ал айткандай эмес, башкача экенимди далилдейм акыры. Бирок сырткы көрүнүш алдамчы болот, менин пейилимди, мүнөзүмдү жакындарым жакшы билишет. Чынын айтайын, досторум менсиз шерине, отуруштарда отургусу келбейт. Келсем тигиге тийишем, буга тийишем, айтор, көп жакындарым “сен куудул, артист эле болуп албайсыңбы” дешет. Бирок жыл өткөн сайын аял катары жумшак болууга, ийкемдүүлүктү өзүмө сиңиргенге аракет кылып жатам. Аял катары кээде бетке айткан мүнөзүмдү жактырбайм, бирок турмуш тарс, так болууну талап кылып жатат.

– Үй-бүлөнү багууга депутаттык маянаңыз жетеби же кошумча киреше булагыңыз барбы?

– Өзүмдүн үйүм жок, балдарым менен ата-энемдин үйүндө турам. Депутаттын маянасын билесиңер да канча экенин. Кошумча киреше булагым жок, бирок, Кудайга шүгүр, балдардын өз ырыскысы болот экен, ата-энем, жакындарым жардам беришет. Депутаттардын баарынын бизнеси болуш керек деп ойлочумун. Көрсө, парламентке бир тыйын коротпой депутат болуп келсе деле болот экен. Мурун Ак үйдүн жанындагы эс алуу паркына келгенде суктанып “кандай адамдар иштейт болду экен?” деп Ак үй жакты карап өтчү элем. Кудай насип этсе депутат болуу деле кыйын эмес экен. Акчасы бар эле адам депутат боло алат деген стереотиптерден арылышыбыз керек.

– Жакында депутат Эрулан Көкүловдун үй-бүлөсүн ачыктаган маалымат тарап кеткенде талкууда сиздин да атыңыз аталып жатты. Сиздин бул окуяга кандай тиешеңиз бар?

– Эрулан Көкүловдун үй-бүлөсүнүн ачыкталышына, деги эле ал тууралуу иликтөөдө менин атымдын аталып калганына мен дагы таң калдым. Эруландын үй-бүлөсүн ачыктап социалдык тармактарга жазган Замира айым менен менин апам тааныш экен. Анан Эруландын күмөн санап берген суроосунун артында эмне жатканын түшүнгөн жокмун. Ортобузда кесиптеш катары жеке сый мамиледен башка келишпестиктер болгон эмес.

– Парламентте, өзгөчө оппозициялык партиядан депутат болуу оор дешет, сизге оордугу сезилдиби?

– Оппозициядан депутат болуп келесиңби же башкаданбы, айырмасы жок. Депутат элдин жүгүн, жоопкерчилигин сезбесе анда оорун да, жеңилин да сезбейт. Албетте, жаш депутат катары азырынча бир аз кыйын болуп жатат. Бирок күчтүү лидердин артында турабыз, кыйын болсо да үйрөнүп, такшалуу керек. Эл бизге ишенип келечегин тапшырган. Элдин жоопкерчилигин алган соң бардык кыйынчылыктарды жеңүү керек.

– Депутат болгондон бери жашооңуз кайсы нукка өзгөрдү, белгилүүлүгүңүз жардам берип жатабы же тескерисинче тоскоол болуп жатабы?

– Депутат болгондон кийин жашоом жакшы жакка өзгөрдү дегенден алысмын. Бирок бир рамкага түшүп калдым. Элдин өкүлү болгондон кийин үлгүлүү болууга милдеттүү экенсиң. Бирок баштагыдай эле эл арасында жүрөм. Негизи табиятым, мүнөзүм депутат деген статусту жамынып алып жол тандабастарда жүргөндү жактыра бербейт экен. Өзүмдү белгилүүмүн деп деле эсептебейм. Бирок көчөдө, шаарда жүргөндө тааныгандар бар. Кээлери жылуу сөздөрүн айтып колдосо, айрымдары жеке маселелери менен кайрылып калат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан