«МЕНИ УК»

Жайында экранга чыккан түрк тасмаларынын арасынан жогорку рейтингде “Мени ук” сериалы келе жатат. Сериал жаңыдан гана башталганы менен, кыргыз көрөрмандары арасында да популярдуу болуп жатат десек адашпайбыз. Тасма көпчүлүктү эмнеси менен өзүнө тартты? Кандай маселелер көтөрүлдү? Ким тасмадан өзүнүн же жакынынын башына түшкөн кыйынчылыкты көрдү? Анда эмесе сериалдагы урунттуу учурлар макалабызда.

Тарткан өлкө: Түркия

Чыккан жылы: 2022-жыл

Жанры: драма, мелодрама

Режиссёру: Али Балжи

Сценаристи: Макбуле Косиф

СЕРИАЛДАГЫ ОКУЯЛАР ОЙДОН ЧЫГАРЫЛГАН. БИРОК...

Аскердеги “дедовщина”, мектептеги “рэкет, буллинг” деген маселелер ар бир үй-бүлөнүн, жалпылап айтканда, дүйнө элинин башында турган “чыйканы”. Бул кыйынчылыкка али аң-сезими жетиле элек, бутуна бекем тура элек өспүрүм кабылат да, өзүнөн күчтүү адамдан кутулуунун жолу катары суицидди тандайт.

Эркексиңби, чыда” деп сабай берип өлтүрүп алганда, же башка кылмышка барганда “өзүн башка мылтык менен эки жолу атып өлүп алган” деген сыяктуу фантастикалык шылтоолор менен ишти “сиуцид” деп жаап койгон фактылар Кыргыз мамлекетинде да аз эмес экенин моюнга алыш керек.

Түрктөрдүн “Мени ук” сериалында мектептеги окуучулардын арасындагы зордук-зомбулук маселелери чагылдырылган. “Сериалдагы окуялар, каармандар ойдон чыгарылган...” деп башталат ар бир серия. Бирок тасмадан өзүн көргөн окуучулар көп болгондуктан да анын рейтинги жогору болуп жаткандыр...

МАЗМУНУ

Эким менен Лейла бала чагынан бери бирге ойноп, ынак курбуларга айланышкан. Эким азыркы жашоосуна ыраазы, ага баары жетиштүү болчу. Лейла болсо, тескерисинче, миллионерлердин балдары окуган окуу жайда окуп, стипендия алсам деп кыялданчу. Бирок анын кыялынын таш-талканы чыкты, кыялы менен кошо ден соолугу да... Лейланы катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа сүзүп, айдоочусу кырсык болгон жерден качып кетет. Кыздын омурткалары жабыркап, белден ылдый кыймылдабай калат. Кечээ эле дүйнөнү багынтам деп турган кыз бүгүн төшөктөн тура албай калды. Автоунаа кимге тиешелүү экенин изилдешкенде анын ээси байлардын балдары окуган элиталык мектепте окуй турганы белгилүү болот. Курбусунун талкаланган тагдыры үчүн жоопкер адамды табууну өзүнө милдет кылган Эким дал ошол мектепке кирет. Мектептин Канат жана Мелиса деген падыша+ханышасы бар. Дал ушул экөөнүн “мыйзамдары” менен калган окуучулар күн көрүшү керек. Жөнөкөй адамдар кыялданган мектепте ушунчалык ыплас иштер, адамгерчиликсиз адамдар окуй турганын көргөн Эким таң калат. Кедей үй-бүлөдөн чыккан Эким зордукчулардын оюнчугуна айланат. Бирок кыз күчтүү болчу, анан да Канат Экимди жактырып калды... Эми эмне болот? Аны сериалдан чогуу көрөлү, окурман.

БАШ КААРМАНДАР

“Мени ук” сериалынын актёрдук курамына көрөрмандар өзгөчө жылуу пикир калтырышууда. Анткени сериалда белгилүү, көздү тажаткан актёр-актрисалар жок. Көпчүлүгү кино, шоу-бизнес дүйнөсүнө жаңыдан аралашып, ийгилик кушун кармасам деп жүргөндөр.



КОРЕЙ СЕРИАЛЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ТАРТЫЛГАН

“Мени ук” 2019-жылы чыккан корейлердин “Керемет дүйнө” дорамасынын негизинде тартылып жатат. Корейлердикинде зордук-зомбулукка чыдабаган окуучу Пак Сон Хо мектептин чатырынан боюн таштайт. Баланын ата-энеси эч нерседен капарсыз, уулунун кыйынчылыктары менен иши жок дүнүйөсү түгөл жүрүшкөн эле. Полициянын изилдөөсүнөн кийин ата-энеде ого бетер суроолор көбөйгөн. Эмнеге мектеп жетекчилиги аларга эч нерсе айтпай жашырып жатат? Эмнеге полиция ишти “өзүн-өзү өлтүрүү” деп жапканга аракет кылууда? Сон Хонун телефону кайда? Акыры дагы бир окуучунун бай ата-энеси ишке аралашып, аларга акча берип ооздорун жапканга аракет кылат. Бирок баласын жоготуу деген кандай азап экенин ата-эне гана түшүнөт...

3 жыл мурун корей сериалы да күйөрман топтой алган. Эми дораманын өзөгүн алган түрк сценаристи Макбуле Косиф сценарийди түрктөрдүн жашоосуна ылайыкташтырып өзгөртүп жазып чыкты. Ал эми режиссёрдук пультта Али Балжи. Түрктөрдүн сериалы корейлердикиндей 16 серия болот деген так түшүнүндүрмө жок. Бардыгы рейтингден көз каранды, эгер көрүүлөр көп болсо “Мени ук” бир эмес, эки сезонго деле уланып кете бериши мүмкүн. Эгер рейтинг төмөндөсө, көнүмүш адатка айлангандай, түрктөр кайсы серияга жетсе да уландысын тартпай таштап коюшат. Андыктан бул сериалды көрүп баштасаңыз, жогорку рейтинг кармалса экен деп дуба кыла бериңиз.

Кыргыз киночулары да мектептеги зордук-зомбулук, рэкетчилик маселелерине токтолгону бар. Режиссёр Руслан Акундун “Акыркы сабак” сериалы кандай популярдуу болду?! Популярдуу болдубу, демек, андагы маселе актуалдуу.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан