Замирбек Үсөнбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “АДАМГЕРЧИЛИГИҢ БОЛБОСО, ТООДОЙ ӨНӨРҮҢ БИР ТЫЙЫНГА ТАТЫБАЙТ”

Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, II даражадагы “Манас” орденинин ээси Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолуна баш бактык. Ата жолун улап жаштайынан чыгармачылыкта келе жаткан кыргыздын залкар уулу быйыл 70 жылдык юбилейин белгилейт. “Өнөр адамдарында өнөрдөн мурун адамгерчилик болушу керек” деген төкмө акын басып өткөн жолун мазмундуу баяндап берди.

“ӨНӨР ЖОЛУНАН БАШКАНЫ ТАНДАМАК ЭМЕСМИН”

– Менин атам Алымкул Үсөнбаев кыргыздын улуу төкмө акындарынын бири, Токтогулдун шакирти болгон. Токтогулдун эмгегин жыйноодо, даңазалоодо чоң роль ойногон киши болгон. Өзү да кыргыздын адабият, маданиятына чоң эмгек сиңирген адам. 30дан ашык ыр жыйнагы бар. Акын гана эмес, мамлекеттик саясий ишмер да эле, Кыргыз ССРинин депутаты болгон. Биздин үйдө чөйрө ушундай болчу да, өнөр адамдары көп келишчү. Мен эс тартып, айлананы тааныгандан эле комуздун үнүн уктум, манас айтканын уктум, жомокчуларды уктум. Атабыз мен 12 жашка чыкканда каза болду. Ал киши 6 жашымдан тарта кайсы жакка барса да мени ала жүрчү. Алыс жакка гана албай кетпесе, жакын жерлерге, кичи мекенибиз Таласка барганда ээрчитип алчу. Атам барган жерден эл ырдатат. Тамак жеп бүтүп, дасторконду жыйнагандан кийин эл ыңгайын алып отурат. Менин уйкум келет да, төшөк салып берип коюшат. Уктап туруп көзүмдү ачсам атам дале ырдап жаткан болот. Таңды атырып, анан эл тарачу. Ошонун баары мага таасир этти. Менимче, ырчы, акындыктан башка кесипти тандамак эмесмин. Анткени бала кезимде жүрөгүмө, мээме кыргыздын комузу, дастанчылыгы, төкмөлүгү, манасчылыгы сиңип калды.

“ТОКОМДУН КОМУЗУН БЕРДИМ БАЛАҢА ДЕП...”

– 6 жашымда комуз чертип калдым, ошондо атам кичинекей комуз жасатып бергени эсимде. Колу бош кезде мени алдына алып отуруп черттирчү, ал кылдарын басып берчү, мен чертчүмүн. Мени “ырдап койчу” деп калчу. Эс-тутумум жакшы эле, 2-3-класста атабыз ырдаган ырларды жаттап алгам. Андан тышкары үйгө келген өнөрпоздор ырдайт да, аларды жарым-жартылай жаттап калам. Анан алар кеткенден кийин үйдө мен концерт коём. Ушунун баары атанын жолун улантканга түрткү берди.

1958-жылы Токтогул атанын окуучусу Коргоол Досуев үйүбүзгө келип, Токтогулдун комузун чертип берген. Мен да ал комузду чертип берсем “бердим комузду балаңа. Током чаап берди эле, өзү чертип жүрүп мага берди, мен 40 жыл черттим” деп мага берген. Филармонияга жумушка киргенче чертип жүрдүм, андан кийин атабыздын комузу менен ырдап калдым. Токтогулдун комузун бирөөгө карматмак тургай, эч кимге көрсөтпөйм, алтындан кымбат мен үчүн.

“16 ЖАШЫМДА ФИЛАРМОНИЯГА ИШКЕ КИРДИМ”

– Атабыз каза болгондон кийин мени апам тарбиялады. Апам Назим Беркимбай кызы өз заманынын билимдүү кишиси эле, арабча билчү. Акын болгон, бирок атабыздын жолун торогон жок. “Сиз ырдаңыз, бир үйдөн 2 киши ырдамак беле, талашмак белем?” деп атама жол берген. Мага “саламдашууну бул обон менен ырдайт, айтышта бул обон менен ырдайт” деп үйрөтчү.

Мен шаарда өстүм да, анда Бишкекте кыргыздар аз болчу. Мектептен каникулга чыкканда мени 3 айга айылга жиберишчү. Айылдык турмуш менен аралаш өстүм. Мен кой кезүү кайтарганды, ат токуганды, жорго салганды, кой сойгонду үйрөндүм, жакшылык, жамандыктарга катышып өстүм. Шаардагы жашоо менен чектелип калсам, чыгармачылыгым кеңири болбой калмак. Жамактап 14-15 жашымда ырдап калдым. 16дан 17ге караганда, 1968-жылы филармонияга жумушка кирдим. Кирейин деген оюм жок болчу, апрель айында залкарларды эскерүү концерти болуп калды. Мени чакырышты. Барып атамдын ырын ырдадым, өзүмдүн 20 саптай жаттап алган жамактаган ырымды ырдадым. Ал кезде директору Арген Эсенгулов болчу. Жолугуп калып “карматпай койдуң го, сени издеп жүрбөймүнбү” деп тамаша-чынга салып, анан ээрчитип барып, “мени жумушка кабыл алыңыз” деп арыз жаздырды. 5-май күнү жумушка кабыл алынгам. Залкарлар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев жана башкалар менен иштештим. Булардан азбы-көппү үлгү алдым. Ар биринен ырдоо маданиятын, техникасын үйрөндүм.

Ошентип филармонияда 45 жыл иштедим. 3,5 жыл директор болдум. Учурда пенсиядамын. Исмаил Борончиев аксакал айткандай, “азыр бекерчинин бирибиз, пенсияда жүрүбүз”. Китеп жазып жатам. Ушул жылы 70 жылдык мааракем өтөт, ага даярдык көрүп жүрөм. Улуттук “Манас” театры ачылбадыбы. Ошол жерге жумушка алышкан. “Үйдө отура бербеңиз, жаштарга акыл-насаатыңызды айтыңыз” дешти.

“АТАКТУУНУН УУЛУ БОЛУУНУН 50 ПАЙЫЗЫ ЖЕҢИЛ, 50 ПАЙЫЗЫ ООР”

– Атактуу, даңктуу атанын уулу болуунун 50 пайызы жеңил, 50 пайызы оор. Жеңили – “ата даңкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт” дегендей, ата даңкы бир топ жерге сүйрөп алып барат. “Баланчанын баласы экен” дешет. Андан ары “атасындай боло алар бекен, көрөңгөсү канча экен?” деп сын көз менен карап башташат. Кудайга шүгүр, чыгармачылыкта жүргөнүмө 55 жылдан ашты, ушунча жылдан бери эл нааразы боло элек. Атам апама “балабыз комуз черткенди үйрөнүп калды, эми таштабасын. Көзөмөлүңө ал, башка кесипти тандаса менин атымды өчүрүп коёт” деп айтчу экен. Өнөр жолун тандаганымдын бир себеби – атамдын ушул керээзи да болуп калды. Маданиятка, искусствого сиңирген эмгегибиз бааланып, мамлекет наам берип, премия берип жатат, нааразычылык жок. Бала-чакама, байбичеме, небере-чөбүрөмө ден соолук тилеп, ак бата берип, дале чыгармачылык изденүүдө келе жатам.

“АЛЫМ САБАККА БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЧКОРДО ЧЫККАМ”

– Гастролго көп чыкчубуз, кышы-жайы дөңгөлөк үстүндө жүрдүк. Кышында 60 градус суукта Ак-Сай, Арпадагы малчыларга барчубуз. Мен 1979-жылы Ленин Комсомол сыйлыгын алдым. Ошол кезде Илимдер академиясынан келишип “баарыңар бир-бирден концерт бергиле. Чамаңарды көрөлү, канча саат ырдай аласыңар” дешти. Баары “жаңы эле сыйлык алды, Замирбек баштасын” дешти. Ошентип 1980-жылы биринчи жолу жеке концертимди бердим, 2,5 саатка созулду. Жаттап, даярдап алып ырдашабы деп да текшеришти. Ал үчүн айтышка чыга турган акындарды сахнанын эки тарабына тургузуп, айтыша турган темабызды сахнага чыгарда гана айтышчу. Анан чыга калып эле айтышасың. Апам “балам, кыркка чыкканча колуңа калем кармап ыр жазба, шыр ырда. Анткени төкмө акын менен жазма акындын айырмасы асман менен жердей, жазганга өтүп алсаң мокоп каласың” деп калчу. Апама ыраазымын. Азыр деле уктап жаткан жеримден тургузуп колума комуз карматса жок дегенде 50 сап төгүп бере алам. Мээ ошого көнгөн. Азыркы жаш акындардын 80 пайызы менин окуучуларым, “жаттаганды азыраак, жамакты көбүрөөк ырдагыла” деп кулактарына куя берем. Мен Искусство университетинде 16 жыл сабак бердим. 16 жыл ичинде келип-кетип жүргөн шакирттер болуп 50дөн ашык акын, комузчу, дастанчыларды даярдадым. Менден окубаса деле Замикенин шакиртибиз деп жүргөндөр бар, аларга чыгармачылыгым жагат окшойт.

“КӨӨП КЕТКЕНДЕРДИ КӨРДҮМ”

– Менин жаш кезимден атагым чыкты, апам “балам, көппө, көпкөн кишилердин көмкөрүлүп калганын көргөнбүз, ушундан этият бол” деп кулагыма куя берчү. Атактуулукка көөп, ичкиликке берилип кеткендерди көрдүм. Ичкилик түз жолдон буруп койду бир далайларды. Өнөр адамдарында өнөрдөн мурун адамгерчилик болушу керек. Өнөрүң тоодой болуп туруп кыялың жаман болсо бир тыйынга татыбай каласың.

Атак-даңкты алып жүрүш кыйын, ошону күтүп алган, кадырлап-сыйлап алган киши гана пайдасын көрүп, ширесин татып, сый-урматка бөлөнөт. Кыргыз элине ыраазымын, ушунча жылдан бери ырдап жүрөм, бир жерден бир жаман сөз уккан жокмун. Кайсы айылга барбайын, айылдын кулунундай тосуп алышат, сый көрсөтүшөт. Мен алардын малын кайтарып, жумушун кылып берип жаткан жерим жок да, болгону ырым менен көңүлүн ачып жатам. Мага Замирбек деген атты эл койгон. Өзүмдүн атым Мир. Таенем атымды Тобокел деп койгон. 3 атым бар. Тобокел деген 100гө чыккан киши болгон экен, ошого ырымдап коюптур.

“ЖУБАЙЫМА ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМА КИЙЛИГИШПЕ ДЕГЕМ”

– Жубайым Саадат экөөбүздүн баш кошконубузга 50 жылга чукулдап калды. Ысык-суугума күйүп, кыйналган кезде бел болуп, үйдө бардык шартты түзүп турду. Чыгармачыл адамдын жубайы болуш өтө кыйын, психологиялык жактан дагы. Балдар, үйдөгү тирилик аялдын колунда болот. Мен гастролго чыгып кетем, чарчап келем. Ошондо “ушунча жүрдүң, балдар эмне болуп жатат, ишиң жок” деген сөздөрдү уккан жокмун. Апам “атаң Алымкул “мына үй, байлык, дүнүйө, мага десең өрттөп жибер, бирок чыгармачылыгыма кийлигишпе” деп айткан” деп калар эле. Мен дагы ошону Саадатка айткам. “Гастролдон келип ар кандай сөздөрдү укпайм, кайра демге-дем кошулуп эс алып жыргап калам, аныңа рахмат, бирок чыгармачылыгыма кийлигишпе” дегем. Кийлигишкен жок.

Неберелерим чоңоюп калышты. Жакында биринчи чөбүрөбүздү көрдүк. Неберенин санын айтпайт экен, Кудайга шүгүр. Балдар ар жерде, улуусу Казакстанда, экөөсү Москвада, экөөсү Бишкекте. Баары жогорку билим алган, бир эмес, 2 дипломдору бар. Балдарым менин жолумду улантышкан жок, неберелеримден бар. Улуу баламдын бир уулу учурда Алматыда консерваторияда окуйт. Дагы бир неберем комуз чертет.

Өмүрзак Кайыпов, шакирти: “ЭМГЕГИМ ТЕККЕ КЕТПЕПТИР ДЕП КУБАНДЫ”

– Көркөм өнөр институтунда дастанчылык өнөр боюнча Замирбек Үсөнбаевден окуп калдым. Улуу инсандын шакирти болуп калганыма абдан сыймыктанам. Агай өнөр жолунда гана эмес, адам күнүмдүк жашоодо өзүн кандай алып жүрүш керектигин да үйрөттү. Мага айткан эң биринчи сөзү эсимде. “Жанына башка өнөрпоздор жолой алгыс улуу талант болушуң мүмкүн. Бирок ал сени ийгиликке жеткирбейт. Оболу сенде адамдык сапат болушу зарыл” деген эле. Улуулугу ушунда – өз кызыкчылыгы эмес, өнөрдүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган инсан.

Агай дайыма сабакка 10-15 мүнөт эрте барып бизди күтүп турчу. Азыр жолугуп калсак деле 10-15 мүнөт мурда барып күтүп турат. Таразадай так, сөзгө бек инсан. Улуу муун менен азыркы салттуу өнөргө кадам койгон инсандардын ортосундагы улуу көпүрө.

Агай бир мүнөз. Ойду-тоону, маанисиз сөздөрдү сүйлөй бергенди жактырбайт. Ырдаганы нарк болсо, жөн эле сүйлөп отурганы өзүнчө нарк.

“Манас” орденин алганда чогуу наам алып калдык. Окуучулары Эл артистин, Эмгек сиңирген артистин, президенттин Ардак грамотасын алышты. Ошондо бизге кайрылып “Эмгегим текке кетпептир. Мени менен кошо 15ке чукул окуучум сыйлык алды” деп абдан кубанды. Улуу өнөрдү алып жүрүүчүлөрдүн жоон тобун тарбиялады, тарбиялап жатат.

Саадат Үсөнбаева, жубайы: “ЗАМИРБЕК КАМКОР АТА”

– Чыгармачыл адамдын жубайы болуу чын эле кыйын. Иш сапарларга көп чыкчу, балдар сагынат. Кээде мен төрөгөн учурда башка жакта болуп калчу. Ошондо “ка-ап” деп калчумун. Көптү укпай, көрмөксөң болсоң жеңилирээк болот экен. Мага ушул жардам берди.

Барган жеринен өзүнө албастан мага, балдарга белек ала келчү. Чет жерден атырларды алып келип бергенде “кайдан алдың?” деп көптөр суктанышчу. “Жолдошум алып келип берди” деп сүйүнүп калчумун. Камкор ата, алыска кетсе да телефон чалып “эмне бар, эмне жок?” деп сурап турчу.

Чыгармачыл адамдардын мүнөзү назик болот. Көңүлүнө карап сүйлөш керек. Сырттан маанайы жок келсе анекдот же бир окуяларды айтып көңүлүн көтөрүп, анан тамакка отурабыз.

Мен Замирге ишенчүмүн, кызганып жумушуна барып же бейчеки чалчу эмесмин. Бир жолу Замир ооруп калып, партиялык взнос төлөйүн деп филармонияга барсам, жетекчинин орун басары Шварцман “сизди биринчи жолу көрүп жатам, эч келбейсиз, чалбайсыз. Башкалардын аялдары келишет, чалышат” деп калды. “Эмнеге келем, үйгө өз убагында барат, айлыгын үйгө алып келет, көңүлүмдү оорутпайт” дедим. Кийин ал Замирге “аялыңыз сонун жооп берди” дептир. Анда 5 балалуу болуп калганбыз, ошондо биринчи жолу жумушуна бардым.

Мен бул кишинин чыгармачылыгын түшүнөм, колдойм. Ыр жазып жатканда, айтышка даярданып жатканда тийишпейбиз, балдарды тынчыраак алып отурам. Чыгармачылыгына өтө аяр мамиле кылат. Аябай жоопкерчиликтүү. Ар бир концертке биринчи жолу барып жаткандай даярданат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан