Эржан Осмонов, актёр: “ДОСУМДУН ӨКҮЛ АТАСЫ БОЛУП КАЛДЫМ”

Кыргызда өкүл ата жана өкүл энени дайындоо жөрөлгөсү байыртадан бери уланып келет. Баш кошкон түгөйлөрдүн ынтымакта жашап, биргеликте түтүн булатышына көмөктөшүп, туура жол көрсөтө турган үй-бүлөнү өкүл ата-өкүл апалыкка шайлашат эмеспи. Маек төрүбүзгө актёр Эржан Осмонов өкүл баласы, актёр, каскадёр Бактыбек Нурмат уулу менен келип отурат.

– Саламатсыздарбы, кош келипсиздер! Эржан мырза, негизи канча өкүл балаңыз бар?

Эржан: – Рахмат, саламатсыздарбы? Негизи 5 өкүл балам бар. Баары ар тараптуу, таланттуу жигиттер. Алардын катарына Бактыбек жаңы кошулду. Өкүл балдардымдын "кичүүсү" десем болот.

Бактыбек: – Мен аларга ким биринчи өкүл бала болгонуна эмес, жашка караш керек, атаңардан кийин эле оң капталына мен отурам деп айтып жатам (күлүп).

Э.: – Бир өкүл балам стоматолог, бири “Учур” театрында иштейт, бири Дубайда эмгектенет, дагы бири бийчи. Бактыбек болсо таланттуу актёр, каскадёр. Жакында ата болду.

– Бактыбек мырза, өкүл атаны кандай критерийлерге карап тандадыңыз эле?

Б.: – Негизи кээ бирлер өкүл атаны шайлаарда акчасына, даңкына, баркына, кызматына карашат экен. Эми, балким, аларга бул нерсе маанилүүдүр. Мага булар маанилүү деле эмес.

Э.: – Мында акча да, атак-даңк да жок дебейсиңби (күлүп).

Б.: – Кудайга шүгүр, жакшы адам. Экөөбүз окшошпуз, өкүл ата деп олуттуу мамиледе болгончо ушинтип тамашалашып жүргөнгө эмне жетсин?

Э.: – Бул жактан чыккандан кийин курулуш ишине алып кетем деп кой.

Б.: – Ооба, алып барып иштетем, өкүл атаны ошентип иштетиш керек дегендей.

– Көп тамашалашат экенсиздер, ортоңуздарда канча жаш айырма?

Э.: – Эки жаш айырма. Башында дос эле болуп жүрчүбүз. Бишкекке келип окуп жүргөн кезден бери эле таанышпыз. Кийинчерээк кинолордо, башка долбоорлордо чогуу иштеп калдык, ошондон бери эле жакшы дос болуп жүрөбүз. Бир күнү келип “өкүл ата бол” дейт. “Мээң ордундабы, экөөбүз дос болуп жүрсөк каяктан өкүл ата болот элем?” дегем. Ошондон кийин телефон чалып эле “папоу” деп тамашалап баштады. Мен дагы тамаша катары кабыл алып жүргөм. Чын эле үйлөнгөндө өкүл ата шайлап салса боло. Бул негизи айтканынан кайтпайт.

Б.: – Айтсам болбой койду. Бир жолу телефон чалып “па-ап, кандайсыз?” десем мени сөктү, өзү көнө албай жүрдү көрүнөт. Ата десем такыр чалкасынан кетпесин деп “пап” деп жатып көндүрүп алдым. Азыр ата десем “оу, алдыңа кетейин” деп калды (күлүп).

Э.: – Негизи биз улуу кишилерди же ата-энебиз тандаган кишилерди өкүл ата коюп, анан алар ата-энең менен катташып эле өкүл баласына көп көңүл бурбай, экөөнүн ортосундагы катнаш үзүлүп калат экен. Биз эми олуттуу болбой эле, бир туугандай болуп жакындан катташып, колдон келген жардамыбызды бири-бирибизге берип, өкүл балдарымдын баары менен ушундай катташабыз. Буюрса, ушундай эле жакшы мамиледе өмүр сүрөбүз, ээ (күлүп)?

Б.: – Кудай буюрса (күлүп).

– Өкүл балдарыңыздын саны көбөйүп жатыптыр. Балдарыңызды жолугуштургансызбы?

Э.: – Биз эми жаңы түптөлүп келе жатабыз. Бизде дагы баарынын башын бириктирип чогулталы, бири-бири менен катыштыралы деген ойлор бар. Буюрса, жакынкы күндөрү болот. 5 өкүл баламды бири-бири менен жакындан тааныштырып дегендей.

Б.: – Бирок мен туугандарым менен атам тааныштыргыча эле таанышып алдым. Мен Ак-Ордодо жашайм да, ошол жактан бир өкүл баласы менен таанышып, достошуп алдым.

– Балдардын ийгилигине өкүл ата деле өз атасындай эле кубана алат бекен?

Э.: – Сөзсүз түрдө сүйүнөсүң. Жакында эле Бактыбекте бир жакшы жаңылык болду. Кеңири айтпай турайын, качан ишке ашканда күбө болосуздар. Ошондо сүйүнүчүмдө чек жок болду. Кудайга шүгүр, көз тийбесин, балдарымдын баары үй-бүлөсү менен жакшы жашап жатышат. Жакында эле бири ак өргөөлүү болду. Ар биринин ийгилигине кадимкидей кубанам.

– Экөөңөрдүн чогуу тасмага түшүү же биргеликте бир иш алпаралы деген пландарыңыздар барбы?

Э.: – Эгер тасмага бирге тартылууга сунуш түшсө, сөзсүз тартылабыз. Менимче, Бактыбек көп мамлекетке барып өзүнүн каскадёрлук өнөрүн көрсөтүп жатат, мунун азыр болуп турган курагы. Ушул учурда Кыргызстанда жакшы кинолор тартылса, ушундай таланттар роль жаратса, ушуларды пайдаланып калса дейм. Кыргыз тарыхы кандай бай, тарыхый тасмаларды тартса жакшы болмок.

Б.: – Сөзүңөргө аралжы, арданасың. Мен актёр-каскадёр болуп барган башка мамлекеттерди айтпай эле коёюн. Казакстанга дагы көп барабыз да, биздин жазылган тарыхыбыз көп го. Алар изденип, сценарий жазып, жоктон бар кылып кино тартышат. А бизде болсо дапдаяр толтура сценарий бар да. Казактардай болуп жылына төрттөн тарыхый кино тартпай эле коёлу, жок дегенде мамлекет көңүл буруп жылына бир жолу тарыхый тасма тартып отурсак, бизге деле, кийинки муунга деле жакшы болмок. Мисалы, биз кичинекей кезибизди “чүкө атканбыз, чыгырык ойногонбуз” деп айта алабыз. Азыркы кичинекей балдар тарыхты да унутуп бара жатышат. Алар кийин “Инстаграмда мынча катталуучум бар болчу. PUBG`да мындай болчумун” деп айтышабы? “Театр – адамдын күзгүсү” дегендей, билинбегени менен кино деле адамдын күзгүсү болуп калат да. Кинодон деле “ии, тарыхта мындай баатыр болуптур, көрсө, мурун мындай болчу турбайбы” деп калат да. Азыр көчөдө жаштардан сурамжылоо кылганда кыргыздын залкарларын, баатырларын тааныбайт, андан көрө корейлерди көрсөтсө таанып жатпайбы. Чынында, арданам, мисалы, казактар кыргыздын каскадёрлорун пайдаланып кино жаратып, мындай айтканда, ошол экшн менен каскадёрлордун “Оскарын” жеңип алды. Кыргыздар ошондой тасма тартып, ошол сыйлыкты биз жеңип алсак болбойбу?

– Мегиңиздерге рахмат. Бизде дагы мыкты, тарыхый тасмалар тартылсын деген жакшы тилек менен маегибизди жыйынтыктайлы.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан