КАРА ӨРҮКТӨН КЫШКА ОРИГИНАЛДУУ КАМЫЛГА

Бул жыл берекесин берип, мөмө-жемиштер түшүмдүү. Учурда кара өрүк бышып жаткандыктан бул жолу ушул мөмөдөн кышка камылга көрүүнү туура көрдүк. Демейдегидей эмес, өзгөчө рецепттер менен бирге пайдасын да билип алыңыз.

ТАМАК СИҢИРҮҮНҮ ЖАКШЫРТАТ

+ Бакчада төгүлүп турган кара өрүктү анча баалай бербейбиз, бирок анда биздин организмге эң керектүү заттар камтылганын унутпаңыз. Алсак, курамы С жана В9 витаминине, калий, фосфор, магний, кальций, жез микроэлементине бай. Ошондуктан сөөк тканын бекемдөөчү негизги касиети бар. Америкалык окумуштуулар кара өрүктү көп колдонгондор сөөктөрдүн морттугуна жана остеопорозго аз чалдыгарын далилдешкен. Мындан сырткары тамак сиңирүүнү жакшыртып, ичти жумшарткандыктан ичеги-карын ооруларынын алдын алууга көмөкчү боло алат. Курамындагы магний, калий, жез жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртууга жардам берет.

- Кант диабети менен ооругандарга кычкылыраак сорттору сунушталат. Ал эми көп жеген учурда ич көптүрүп, ич өткөзөт. Боор жана ичегисинде көйгөйү барлар аз-аздан колдонушу керек.

КАКАО МЕНЕН КАРА ӨРҮК КЫЯМЫ

Кара өрүккө шоколад кошулуп жасалган кыямды көбү биле бербесе керек. Кыям коюу болгондуктан торттун кремине, пирог, булочка жасоодо колдонсо болот. Какаонун ордуна шоколад (70) кошкуңуз келсе аны майдалап колдонуңуз.

Керектелүүчү азыктар (2 литр кыям үчүн):

Кара өрүк – 1,5 килограмм

Кумшекер – 1,2 килограмм

Какао упасы –6 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жуулган кара өрүктү тең экиге бөлүп, кумшекердин жарымын кошуп 7-8 саатка коё туруу кажет. Бул убакта ширеси бөлүнүп чыгат.

2. Үстүнө какао менен калган кумшекерди себелеп аралаштырып, чоң отко коюп кайнатабыз. Кайнап чыкканда отту болушунча азайтып, жай отто 10 мүнөт кайнатабыз. Муздатып, кайра чоң отко коюп кайноого жеткизип анан чыгарабыз. Стерилизацияланган банкаларга куюп, капкагын бекитип, муздаганча көмөрүп коёбуз.

КАРА ӨРҮКТӨН МАХИТО КОМПОТУ

Махито компоту көбүнчө кулпунайдан жасалып жүрөт, бирок лимон менен жалбыз татыган бул түрү да сизди кайдыгер калтырбайт.

Керектелүүчү азыктар (3 литрлик 2 банка үчүн):

Кара өрүк – 2,5 килограмм

Лимон – 1 даана

Жалбыз – 2 узун талча

Кумшекер – 400 грамм

Суу – 5 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Азыктарды жууп, лимонду шакекчелерге бөлүп алабыз.

2. Стерилизацияланган банкаларга кара өрүктү, лимон, жалбызды салып, үстүнө кайнак сууну аздан куюп толтурабыз да, капкак менен жаап 20 мүнөттөй коё турабыз.

3. Суусун мискейге куюп алып, капкагын кайра жаба туруу керек. Кумшекерди мискейдеги сууга салып дагы кайнатып алабыз да, кайра банкаларга толтуруп куябыз. Капкагын бекитип, көмкөрүп үстүн муздаганча жаап коёбуз.

МАРИНАДДАЛГАН КАРА ӨРҮК

Маринаддалган кара өрүктү кыш мезгилинде десерттин ордуна жеп же шириндиктерди жасоодо колдонуп, ширесинен компот же морс даярдоого болот.

Керектелүүчү азыктар (1 литрлик 5 банка үчүн):

Кара өрүк (катуусу) – 3 килограмм

Кумшекер – 700 грамм

Кара тоголок мурч – 15 даана

Уксус (9) – 150 миллилитр

Гвоздика – 15 даана

Суу – 1,3 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Эзилбеген, катуу кара өрүктү жууп, 5-6 жерин бычак менен сайгылап алабыз.

2. Стерилизацияланган банкаларга тоголок мурч менен гвоздиканы үчтөн салып, кара өрүктү толтуруп салабыз. Үстүнө кайнак суудан аз-аздан куюп толтуруп, стерилизацияланган бурамалуу капкакты (винтовая крышка) жаап коё турабыз. Банка муздак болсо кайнак сууну дароо куйганда жарака кетиши мүмкүн.

3. 20-30 мүнөт муздаганча коё турабыз да, муздаган соң суусун мискейге куюп алабыз. Ага кумшекер менен уксусту кошуп, кайра кайнатабыз.

4. Кара өрүк салынган банкаларга сиропту толтуруп куюп, бурамалуу капкакты бекем бурап жаап, көмкөрүп муздаганча жылуу ороп коёбуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан