СИЗГЕ ПАЙДАСЫЗ ЧЫГЫМДАР

Айлык алып, акча тапкандай эле болосуз. Анан айдын аягында же ортосунда, кээде биринчи жумасында эле эмнеге коротконуңузду билбей каласыз. “Негизи бир айга жете турган акча эмнеге жетпей калды? Эмне сатып алдым?”деп баш тырмап калган учур болобу? Анда “шамалга учуп” изин суутуп билдирбей кеткен чыгымдар тууралуу эскертип өтөлү.

  • Эң негизги, ошол эле учурда пайдасыз чыгымдардын бири “акция” менен алынган буюмдар. Базарга же дүкөнгө кирип, “2 товарды 1 товардын баасында ал” деген жарнамага ишенип соода кылсаңыз, утулдуңуз. Эки товар алам деп жатып планда жок, зарыл керек болбогон буюмду сатып аласыз. Бул капчыгыңыздагы №1 пайдасыз чыгым болуп эсептелет.
  • Кыргыздын үйүндө “керек болот” деген буюмдар көп. Анын баары “кедейди көчкөндө көр” дегенде билинет эмеспи. Базарды кыдырып баратып көзүңүзгө жакшы көрүнгөн нерсени “ии, ушул жакшы экен”, “керек болот”, “буюрса, жасап калармын” деп сатып алгандан качыңыз. Антпесе эртең эле ал сатып алганыңыз эстен чыгат да, чаң баскан кампадагы “керек болот” деген буюмдардын катарынан орун алат.
  • Күнүнө 1-2 литр суу ичиш керек деген туура нерсе. Байкасаңыз, дүкөндөгү суулар калбай сатылат. Үйдөн суу кайнатып, муздагандан кийин бөтөлкөгө куюп алып жаныңызга алып жүрсөңүз, азыркы кымбатчылык заманда канча сомду үнөмдөмөксүз.
  • Сизге кийим жакты. Аябай сатып алгыңыз келип жатат. Бирок ал кийимдин чак өлчөмү жок, же чоңу, же кичинеси калган. “Ала берейинчи, арыктайм да”, “чоң экени анча деле билинбейт экен, кичирейтип тиктирип алам” деген шылтоолордон жаа бою качыңыз. Сиз экөөбүз арыктаганча ал кийим модадан чыгат же убакыт өтүп жакпай калат. Бирөөнүн кийимин тартып алгансып чоң кийимди кийип жүрүү да ыңгайсыз көрүнөт. Кичирейтип тиктирсеңиз дагы кошумча чыгымга дуушар болосуз. Андыктан миң жагып турса да өз өлчөмүңүздөгү кийимди тапмайынча сатып албаңыз.
  • Дүкөнгө киргенде кассанын жанындагы майда-чүйдөлөрдү кантип сатып алганыңызды билбей деле каласызбы? Нан алганы киресиз да, кассанын жанына келгенде нанга сагыз, шоколад, тамеки же башканы кошуп аласыз. Жаш балдар кирсе андан бетер, аларга жага тургандардын баары дүкөндүн ылдыйкы текчесинде жайгашып, колу жеткен нерсесин кучактаган бала чыңырып ыйлаганда уят болбой алып берейин дейсиң. Маркетологдордун бул торуна түшпөңүз, дайыма дүкөнгө кирердин алдында “ушул эле нерсени алам” деп өзүңүзгө эскертип туруп кириңиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан