Нурканат Нурланбек уулу, сүрөтчү: “СҮРӨТ ТАРТЫП АЛЫП, АГА КАРДАР КҮТҮП ОТУРГАН ЖАКПАЙТ”

Бул сапар “Эл ичи – өнөр кенчи” рубрикабыздын алкагында көп кырдуу талант, сүрөтчү Нурканат Нурланбек уулу менен маектештик. Ал азыркы тапта дубалдарды көркүнө чыгарып сүрөт тартуу, керамикадан идиш жасоо менен алектенет.

– Салам, Нурканат, эмнеден улам искусство жаатына кызыгып калдың эле?

– Мен Нарындын Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай деген айылдан болом. Сүрөт тартууга кичинемде эле кызыкчумун. Азыр менин кызыгуумду эмне ойготту деп ойлоп көрсөм, чоң апам ала кийиздерге оюу түшүрчү, атам аркаларга “... айылына кош келиңиздер” деген сыяктуу жазууларды боёк менен жазчу. Ошолорду көрүп кызыксам керек деп калам. Мектепке киргенден тарта мектептер, райондор аралык сынактарга катыша баштадым. Бара-бара боёктор менен иштегенди жакшы өздөштүрүп кеттим. Райондук сынактан 1-орунду алганым мага ого бетер шык берген. Мектеп курагында эле ушул тармакты алып кетем деп алдыма максат койгом. 11-классты бүткөндөн кийин Тургунбай Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын керамика факультетине тапшыргам, ошону менен искусство тармагында эле келе жатам. Окууну бүткөндөн бери скульптура, дубалга сүрөт түшүрүү, картина, живопись, керамика менен иштеп келем. Андан тышкары Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы колледжде сабак берем.

– Дубалдарга сүрөт түшүрүүгө буюртма көп болсо керек, ээ?

– Ооба, негизги жумушум ички-тышкы дубалдарга сүрөт түшүрмөй. Азыркы учурда үйлөрдүн дубалына туш кагаздын ордуна көбү сүрөт тарттырып калды. Кардар ушундай сүрөттү көчүрүп тартып бер десе, тартып берем, өзүм да идея кошом.

– Керамика деп калдың, өлкөдө керамика жааты жакшы өнүккөн эмес, буга кантип кызыгып калдың?

– Башта менде эмнеге керамикадан эл колдоно турган буюм жасаса болбойт деген суроо жаралган. Кытайлардын фарфордон жасалган идиштерине кызыгып жүрдүм. Ошентип изденип жүргөндө "мага чайнек, чөйчөктөрү менен жасап бер" деп буюртма түшүп калды. Ошондон улам "демек, керектөөчүлөр бар экен, жасаса болот эле турбайбы" деген ой келди.

– Керектелүүчү каражаттарды кайдан алдырасың?

– Кызыл чопону Ысык-Атанын Ивановка айылынан алдырабыз. Жакшы жасаш үчүн Жумгал районундагы Кара-Кече аймагынан ак чопо алдырабыз. Ак чопо менен көп буюмдар жасалат. Жасалган нерсе бышып чыккандан кийин глазурь деген айнек күкүмү менен сыртын боёп чыгабыз.

– Чет өлкөдөн буюртма бергендер барбы?

– Холстко иштелчү сүрөттөрдү убакыттын тардыгына байланыштуу буюртма менен тартам. Сүрөттү тартып алып качан кардар келет деп күтүп отурган жакпайт. Буюртмалар кээде Казакстандан, Өзбекстандан түшүп калган учурлар болот. Негизи кардарың эмгегиңди жактырып жатса, акчасына деле көңүл бурбай каласың. Алардын көзү тоюп, ыраазы болгону эле жагымдуу. Кээде кардарлар "мындай-тигиндей кыл" дей берип чыгашага учурап калган да учурлар болот.

– Рахмат маегиңе. Ишиңе ийгилик каалайм.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан