ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 22-августтан 28-августка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптанын биринчи жарымын оптимизм менен сүйүүнүн толкунунда өткөрөсүз. Жакындарыңыз, жумуштагы өнөктөштөр менен болгон мамилелерге байланыштуу көптөгөн кубанычтуу учурлар болот. Апта ортосунда ден соолугуңуз начарлап, дарыланууга туура келет. Бул күндөрү көп түйшүктөрдү жеңил кабыл алууга, аны татыктуу жеңүүгө аракет жумшайсыз. Ден соолук маселеси аптада биринчи планга чыккандыктан туура тамактанып, пайдалуу азык-түлүк жегенге өтөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын биринчи жарымында үй-бүлөгө, жакын туугандарга, үйдү оңдоп-түзөөгө байланышкан маселелер менен алек болосуз. Каржы маселелерин чечүүгө, тиричилик техникасын сатып алууга ыңгайлуу учур. Бүт үй-бүлөңүз менен эс алуу үчүн саякаттоого болот. Апта ортосунда үй-бүлөлүү букачарлар көңүлүн балдарга, алардын жүрүм-турумуна жана ден соолугуна бурушу зарыл. Анткени балаңыз сизден бир нерсени жашырып жаткан болушу мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер аптада интеллектуалдык жөндөмдөрүн толук ачып бере алышат. Бул сиздин адамдар менен бат тил табышып, дипломатиялык мамиле түзүү жөндөмүңүздөн билинет. Алыста жашаган тууганыңыз сизге конокко келиши күтүлөт. Апта аягында жумушта жана үй-бүлөдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Жумушта да, үйдө да аябай керек адам болгонуңуздан айрым маселелерди чече албай убара тартасыз. Жалгыздыктын торунда жүргөн эгиздер аптада сүйүктүүсүн табышат .

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптанын биринчи жарымында бөйөндөр турак жай, жашоо шартына байланыштуу материалдык маселелерди чечүүгө басым жасашат. Бул күндөрдүн негизги максаты – жашооңузду ыңгайлуу кылуу. Ушул күндөрү сатылып алынган буюмдар сапаттуу жана бышык болот. Аброюңузга көлөкө түшүргөн ушак-айың кептер чыгышы мүмкүн. Тааныштар, туугандар жана достор менен баарлашууда өтө эле ишенчээк болбоңуз жана аларга жеке сырларыңызды айтпаңыз, ал айтканыңыз сизге каршы колдонулушу мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада жаңыланууга болгон ички каалооңузду канааттандырып достор менен баарлашууга, саякаттоого жана жаңы адамдар менен таанышууга убакыт болот. Өз алдынчалыкка болгон муктаждыгыңыз күч алат. Эгерде сиз мурда жеке аймагыңызды чектеген таасирлерге туш болгон болсоңуз, эми өзүңүз үчүн эркиндикке жетүү мезгили келди. Аптанын экинчи жарымында каржылык жоготууларга тушугасыз. Жеке буюмдарды сатып алууда сиз шектенген нерселерди албашыңыз керек.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Өзүңүздү психикалык жана эмоционалдык тең салмактуулукта кармоо үчүн тынч жашоо образын кармануу сунушталат. Бул нерсеге азыртадан аракет кылышыңыз керек. Аптанын экинчи жарымында үй-бүлөлүү бийкечтердин түгөйү менен мамилеси солгундашы мүмкүн. Бир нерсени сезип жатсаңыз дароо айтыңыз, шектүү “намёктор” менен өнөктөшүңүздү сынай бербеңиз. Бойдоктордо сүйүү мамилесин курууга бир нече сунуш түшөт, баарынан баш тартасыз, анткени өз адамыңызды табууга убакыт келе элек.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Таразалар аптада күнүмдүк турмуштун ызы-чуусунан алыстап, жагымдуу нерсени кыялдангысы келишет. Ал эми бул нерсени кызыгуулары, хоббилери сиздики менен дал келген адамдардын чөйрөсүндө жасаганыңыз жакшы. Жашооңузда виртуалдык таанышуу орун алат, бирок ал нерсеге көп байланбаңыз. Жакшысы, дароо жолугуп, жандуу баарлашууга аракет кылыңыз. Жугуштуу оорулардын жана дары-дармектерди колдонуудан терс таасирлердин пайда болуу коркунучу жогорулайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада чаяндар максаттуу жана чечкиндүү иш кылышса, кыялдарына жете алышат. Сиздин максаттарыңыз такыр башкача болушу мүмкүн, карьералык өсүүдөн баштап, сиздин социалдык же кесиптик статусуңузду жогорулаткан кандайдыр бир документти алууга чейин. Бардык нерсеге реалдуу мамиле жасап, маселелерди мүмкүн болушунча тезирээк чечүүгө аракет кылыңыз. Апта аягында сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жакшырып, чынчыл боло баштайт. Бул учурда шекший бербей, толук ишенишиңиз керек.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаачылар аптанын биринчи жарымында кызыктуу сапар, саякат менен коштолгон күндөрдү өткөрүшөт. Жалгыз бой жаачыларда эс алуудагы роман мамилеси орун алышы мүмкүн. Бул мамилелер келечекте толук кандуу никеге айланат. Аптанын экинчи жарымы сизди кыйын сыноого кабылтышы мүмкүн. Карьераңызга же үй-бүлөлүк маселелерге көбүрөөк көңүл буруңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жаман адаттарыңыз менен активдүү күрөшүүгө убакыт келди. Бирок бир нерседен баш тартууда андан калган боштукту бир нерсе менен толтуруу керек. Мисалы, тамеки чегүүнү таштаганда сүрөт тартууну адат кылып алыңыз. Аптанын экинчи жарымы интеллектуалдык активдүүлүктүн бир аз басаңдашы менен коштолот, андыктан бул окуу үчүн ыңгайсыз учур.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Түгөйүңүз менен эң талаштуу, курч, буга чейин макулдашууга мүмкүн болбогон маселелерди талкуулай аласыз. Жумуштагы көйгөйлөрүңүз өтө жумшак жана конструктивдүү чечилет. Сүйүү, романтикалык мамилелер гүлдөп-өсөт. Үлпөт тоюна даяр туруңуз. Аптанын экинчи жарымы кандайдыр бир стресстик окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн. Өрттөн жана тиричилик каражаттарынын күйүп кетүүсүнөн этият болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03

Эмоционалдык жыргалчылыгыңыз үйдөгү жана жумуштагы кырдаалдан көз каранды болушу мүмкүн. Жеке бизнесиңизди түптөөдө жана ден соолугуңузга көңүл бурууда жалкоо болбоңуз. Аптада балдарыңыздын үй жаныбарын сатып алуу кыялын орундатсаңыз болот. Бойдок балыктар сүйүктүүсүнө болгон ишенимин бекемдеши керек, ар бир кадамынан шек санап кызгана берүү мамилени солгундатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан