Мектепте Диндердин өнүгүү тарыхы сабагын окута турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу 15-августта башталды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-августта Түркияга иш сапары менен барды.
Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институту өлкө президентинин карамагына өттү.
Жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге 4,2 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилгени айтылды.
Сокулукта 16-августта күйөөсү сабаган аял милицияга кайрылды, кылмышка шектүү Орусияга учуп кетерде колго түштү.
Балыкчы-Корумду темир жолунун 2022-жылга пландалган 5 чакырымын куруу иши 70 пайызга бүткөнү кабарланды.
Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши “кылмыштын курамы жок” деген жүйө менен кыскартылды.
Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде 1 жоокер каза болгону 17-августта кабарланды.
Кыргызстанда дизель майына баа көтөрүлүшү мүмкүн экени расмий маалымдалды.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды.
Кыргызстанда 2022-жылдын 6 айында мамлекеттик программа боюнча 1041 үй-бүлө ипотека алганы айтылды.
Кара-Көл шаарында 6 тоннадан ашык кара куурай өрттөлүп жок кылынганын Жалал-Абад ОИИБи билдирди.
Мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин үйлөрү эми балдардын реабилитациялык борборуна айланары маалымдалды.
Улуттук статистика комитети: Жыл башынан бери ундун баасы 25,5 пайызга кымбаттады.
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан бошоткон министрликтин 3 бөлүм башчысын Биринчи Май райондук соту кайра дайындалсын деп чечим чыгарды.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылдын 6 айында 24 пайызга өскөнү айтылды.
Орусияда өтүп жаткан "Танк биатлону-2022" мелдешинде Кыргыз командасы акыркы, 4-орунду ээледи.
Кыргызстан менен Азербайжан кызматташуунун 5 жылдык программасын даярдай турганы айтылды.
Ала-Арча жаратылыш паркына жакын тоодон кулап түшүп изделип жаткан орусиялык альпинисттин сөөгү табылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.