МИНИСТРЛИК: МЕКТЕП ФОРМАСЫНА БИРДИКТҮҮ ТАЛАП БЕКИТИЛДИ

Мектептерде 1-11-класс окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, мектептерде окуучулардын формасы классикалык мүнөзгө ээ. Мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

– Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот - дешти министрликтен.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан