Гүлзада Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ТАБИГЫЙ ҮН ГАНА ЫРДЫ ЖҮРӨККӨ ЖЕТКИРЕТ”

Өзгөчө үнгө, өзгөчө стилге ээ, жан дүйнөнү толгонткон салмактуу ырлардын аткаруучусу ырчы Гүлзада Рыскулова маек төрүбүздө. Күйөрмандардын “Гүлзаданын концертин жөн эле көрүп койбойсуң, жан дүйнөңдө трансформация болот” деген билдирүүлөрү мени абдан кубантат” деген ырчы айымдын маегин сунуштайбыз.

– Саламатсызбы, Гүлзада айым? Адегенде чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктарыңызга токтолсок.

– Саламатсыздарбы? 31-августта жеке концертимди берейин деп жатам. Чыгармачылыгымда көбүнчө патриоттук багытта, элдин өзөгүндө жаткан, биздин тарыхыбызга байланыштуу дастандардан үзүндү аткарып жүрөм. Ошондуктан концертти атайын өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө арнайын дедим. Учурда жаңы ырлардын үстүнөн иштеп, концертке кызуу даярданып жаткан учурум. Концерт негизи “Ала-Тоодон Анадолуга” деген долбоордун алкагында болуп жатат. Кыргызстанда, анан Казакстанда, андан ары Түркия жергесине чейин уланат. Ушул долбоордун алкагында вандык кыргыздарга дагы барам. Улуу Памирдеги жашоочулардын 40 жылдык салтанаттык иш-чарасына чакыруу алгам. Түрк элдери тектеш элбиз, түпкүлүгүбүз окшош эмеспи. Тектеш элдердин достугун бекемдөө максатында, буюрса, алдыда жакшы иштер турат. 3-сентябрда Алматыда концерт берем, ал жактагы мекендештер менен жолугуп келгем. Эгемендүүлүк күнүн сиз менен бирге белгилейли дешип, учурда ал жакта дагы кызуу даярдык жүрүп жаткан маал.

– “Үркөр” деп концертиңиздин аталышы өзгөчө экен. Эмнеден улам бул аталышты тандадыңыз?

– “Үркөр” деген аталыш продюсер Ислам Сатаровдун сунушу болду. Мага абдан жакты үркөрдүн мааниси терең, топ жылдыз. Биз бир эле жердин деңгээлинде эмес, жылдыздардын, ааламдын кучагында кичинекей эле чаңдай болуп калабыз. Аалам деген кенен, ошол үркөр жылдызындай тобубуз менен жарык бололу деген жакшы ниет менен ушундай аталыш болду. Этимологияда да кыргызды жылдыз менен байланыштырат эмеспи.

Негизи концерт берүү оңой эмес, башка бардык жумуштарың токтойт. Концерт өзүнө кеткен чыгымды жапса сүйүнөсүң. Мен концертке абдан олуттуу мамиле кылам, музыканттар, жарык берүү, айтор, баары жакшы деңгээлде болушу керек. Көрүүчүлөр менен жандуу байланыш болсо дейм. Маал-маалы менен чакан концерттерди берип келем. Кийин көрүүчүлөрдүн “Гүлзаданын концертин жөн эле көрүп койбойсуң, жан дүйнөңдө трансформация болот” деген билдирүүлөрү мага абдан кубаныч тартуулайт. Адамдардын жан дүйнөсүнө толгонуу жарата алган болсом, демек, мен жасап жаткан иштердин жыйынтыгы жакшы деген үмүттөмүн. Бүгүнкү күндө бул абдан керек деп ойлойм. Мекенчилдик, эл-жериңди сүйүүнүн тарбиялык мааниси зор. Мекенчил адам эч качан бирөөгө кыянаттык кылбайт, көчөгө акыр-чикир таштабайт, алдабайт дегендей.

– Түркияда буга чейин дагы концерт бергенсиз, ээ?

– Ооба, Стамбулда Решит Рей деген чоң концерттик зал бар. Ал жерде көптөгөн дүйнөлүк ырчылар ырдашат. Ошол жерде мен өзүмдүн жеке концертимди бердим. Концерт баштан-аяк жандуу үн менен өттү. Келген көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты, концерт бүткөндө дароо кетип калбай сый-урматын билдиришти. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон жакшы кече болду. Негизи Түркияга иш-чараларга көп барам.

Андан сырткары Дубайда ЭКСПОдо ырдадым. Андан кийин Сауд Арабиясында чоң бизнес форумда өнөрүбүздү тартууладык. Биз “динде музыка укканга болбойт” дей беребиз го, диндин өнүккөн жеринде деле өнөрдү катуу баалашат экен. Музыкада тил жок дейт эмеспи, бизди берилүү менен угуп сүрөткө түшүп жатышты. Музыка кайда, качан болбосун керек деп ойлойм.

– Үнүңүз өзгөчө, көмөкөйдөн чыгат. Өзүңүздүн үнүңүз ушундайбы же бул сиздин атайын ырдоо стилиңизби?

– Мен негизи адамдын табиятынан берилген үндү жасаганга каршымын. Жаратылыш ар бир адамга өзгөчө үн, өң берген да, ал нерседен алыстабаш керек. Бул менин табигый үнүм, ырды табигый үн менен гана угармандын жүрөгүнө жеткире аласың. Үн – бул адамдын ички жан дүйнөсүн чагылдырган нерсе. Бүгүнкү күндө көп нерсени жасап алса болот, бирок үндү жасап алууга мүмкүн эмес.

– Ырдоо, кийинүү стилиңизди өзгөртүп Дайыр Исмадияров менен дуэт аткардыңыз. Бул өзгөрүүнү өзүңүз кандай кабыл алдыңыз?

– “Алма бак” деген ырды Дайырдын сунушу менен ырдап калдым. Чындыгында, мага идея жакты. 80-90-жылдардагы ырлар өзүнчө ностальгия го. Ошол жылдарга кайттык. Мени башкача образда дагы көргүлө дедим (күлүп). Мен өзгөрүүнү жеңил эле кабыл алдым. Негизи өзүм эксперимент жасаганды жакшы көрөм, буга чейин деле жасап эле келе жаткам. Туруп-туруп чачымды алдырып, башка стилде чыгып коё берем. Муну мен оор кадам деп деле эсептебейм. Кандай болуп калат деген коркунуч болбойт. Карантин маалында чачымды алдырып салганымды “ооруп жатасыңбы, депрессиядасыңбы, эмнеге алдырып таштадың?” деп баары башкача кабыл алышты. Мен үчүн ал нерсе жеңил эле болду. Карантинде баары бир үйдө отурабыз, жаңы чач чыксын деп эле алдырып койгом. “Күйөөңүз кантип уруксат берди, кантип алдырдыңыз?” дегендерге “күйөөм өзү кырып берди” десем ого бетер таң калышкан.

– Улуу балаңыз музыка жаатында билим алып жатыптыр, өзү тандадыбы же сиз сунуш кылдыңызбы?

– Уулум 6-7-классына чейин космонавт болом деп жүрдү. Карасам, музыкалык жөндөмү күчтүү. Анан “космонавт болуш оңой эмес, сен музыкант болбойсуңбу, ойлонуп көр, тандоо өзүңдөн болот” деп бир аз багыт бердим. Анан 9-классты бүткөндө Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, сынактан өз күчү менен классикалык гитара бөлүмүнө өттү. Бир жыл өтө жакшы окуду, анан бир күнү баламдан “космонавт болом дечү элең, сага музыканы жөн эле таңуулап койгон жокмунбу, жагып жатабы?” десем, “апа, мен туура тандаптырмын, ар бир музыкалык чыгарманы ойногондо космоско учам, космонавттар көрбөгөн нерсени көрүп жатам” деп жооп берди. Бул жообу мага ушунчалык жакты. Ар бир адам өзүнө жаккан нерсе менен алектениши керек.

– Маекке убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Концерттериңизди жакшы өткөрүп алыңыз.

– Сиздерге дагы рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан