КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Күн төбөгө көтөрүлүп калган маалда Мараттын дарбазасы такылдап калды. Ичкен неме башын көтөрө албай жата берди. Дарбазаны бир топко каккылады, акыры бир аксакал ичкери кирип келди.

– Ой, Марат!- киши таягы менен жерде жаткан экөөнү алмак-салмак түрттү. Экөө үтүрөйүп ойгонуп отуруп калышты.

– Оо, атаңдын оозун урайындар, кебетеңер кантет? Сен шумпай муну дагы аракка үндөп жатасыңбы? Кечээ эле энесин жерге берип жатса, киши-кара деген келет үйгө...- деп абышка жактырбагандай карады экөөнү. Марат тура калып сыртка чыгып, муздак сууга жууна калды. Бир аз өзүнө келгенсиди.

– Айнакеге топурак салганы келе албай калдым, куран окуп кетейин деп атайын келдим эле. Колунан далай даам сызбадыкпы.

Марат майлыкты алып столдун үстүн сүртүмүш этти.

– Болду, балам, эч нерсенин кереги жок. Отур мындай,- деген аксакал сакалын бир сылап алып куранын баштады. Кырааты менен шашпай окуп, бата кылып, дасторкондогу боорсоктон чымчып ооз тийип, ордунан турду.

– Балам, бул кылганың уят. Ата-энең кандай кишилер эле? Бирин-серин киши келе берет үйүңө. Белиңди бекем бууп, кыркылыкка чейин кураныңды жакшы окутуп кой, сенин милдетиң ошол,- абышка үйдөн чыгып баратып ушуларды айтты.

– Макул, ата, рахмат сизге,- деген Марат дарбазадан чыкпастан абышка менен коштошту.

Башы ооруп турган Мараттын эсине балдары түштү. Эмне болушту экен деп чоң үйүнө кирип барды, улуусу дале таттуу уйкуда. Кичинекейи төшөктө телефон көрүп, нан жеп жатат. Сырттан кирген атасына көңүл деле бурган жок. Мурун ачка болсо ач айкырыкты салчу эле, азыр өз арбайын өзү согуп, нан көтөрүп жегенге көндү.

Аялы менен ажырашканына бир топ убакыт болуп калса дагы Марат эки уулунун жоопкерчилигин өз моюнуна ала албай жүрөт. Ажырашары менен апасына түртө салып койгон. Неберелерин жакшы көргөн чоң энеси буларды эркелетип бакчу эмес беле. Ара-чолодо курсагын тойгузуп, кийимин которо койгону эле болбосо, буга чейин балдарынын эмне ичип, эмне жегенин ойлончу деле эмес. Аялы, кийин апасынын кароосуна көнүп калган неме балдарды карай турган өзүнөн башка киши жок экенин азыр да унута түшөт.

ххх

Болжошкон даректен Нурзатты психолог Эрмек Таиров өзү тосуп алды.

– Кофе же чай ичесизби,- деди сылык маңдайында отурган айымга.

– Сүтсүз кофе,- Нурзат жайдары сүйлөдү.

– Ко-ош, кулак сизде, мени эмнеден улам эстеп калдыңыз? Эмнеге чукул жолугушууну сурандыңыз? Жашооңузда жагымсыз окуялар орун алдыбы?

– Уф,- Нурзат оор дем алды. Чамасы, эмнеден баштаарын билбей турду.

– Шашпай, оюңузду иреттеп алыңыз.

– Күйөөмдүн аялын атып алдым. Мурунку күйөөмдүн...

– Эмне? Анан эмне болду, ал тирүүбү?

– Кудайга шүгүр, аман калды. Менин негизи ачууга бат алдырып коймой жайым бар. Алардын расмий никеге туруп, чакан чөйрөдө белгилеп жатканын угуп жөн тура албай койдум. Алардын мени жокко чыгарып бактылуу болушуна жол бере албай койдум. Жиним менен үйдөгү тапанчаны көтөрүп жетип бардым. Негизи атып салайын деп деле ойлогон эмесмин. Тиги кызды бир аз коркутуп, бактылуу күндөрүн бузуп, чакчелекей салып, анан кетип калайын дегем. Курокту капыстан басып алдым.

– Жолдошуңуз менен канча жыл жашадыңыз?

– Уф, канча жыл деп айтышты да билбей турам. Биз негизи ырыстуу жашаган деле жокпуз. Мен аны сүйдүм, бирок ал мага муздак болду. Уулдуу болгондо өзгөрөт го дегем, ал деле жардам берген жок. Жаштыгымдын баары сүйүү, күтүү менен өттү. Ошончо жыл сүйүүгө тойбосом да, күйөөмдү коё бере албай койдум. Мен ага канчалык жармашкан сайын, ал менден ошончолук качты. Баарына көз жумдум, мындайча айтканда, аны жоготуп албайын деп өзүмдү тепселетүүгө жол бердим. Кандай гана кыздар менен мамиле курган жок. Мен ага кадимкидей эле көнүп калгам. Акыры ал бир жаш кызды башы айланып сүйүп, ошого үйлөндү. Элестетиңиз, уулубуз курдуу кыз,- жанатан сүйлөгөндөн кыйналып жаткан Нурзат төгүлүп-чачылып баарын маңдайындагы эркекке айтып бере баштады. Ушул жерден, ушул күнү эски жашоосу менен коштошкусу келди. Бир жерин айтпай калса жашоосу башка нукка бурулуп кетчүдөй сезилип, улам эстегенин кошумчалап жатты.

– Көрдүңбү, Нурзат, өзүң үчүн жашабаптырсың. Качан болбосун бирөөгө жаксам деп аракет кылыптырсың. Жашоодо өзүңдү сүйдүңбү, өзүңдү бааладыңбы? Менимче, жок.

– Жок, мен өзүмдү сүйөм, каалаганымды кием, өзүмдөн акча аябайм.

– Кооз кийимиң, машинаң, жасанып жүргөнүң, ал өзүңдү сүйгөнүңдүн далили эмес. Өзүн сүйгөн, баалаган киши эч качан өзүн, жан дүйнөсүн тепселетүүгө жол бербейт.

Экөөнүн сүйлөшүүсү бир топ убакытка созулду. Нурзат кадимкидей жеңилдей түштү. Кийинки жолугуша турган убакыттарын такташып коштошушту. Күн кеч болуп калгандыктан Эрмек Нурзатты унаасына чейин узатып барып, жүрүп кеткенче карап турду. Эркектен жылуу мамиле көрбөгөн Нурзатка психологдун ар бир сөзү, ар бир кылганы жагымдуу болуп жатты.

ххх

Байыш дале туруктуу ишке кире албай жүрөт. Күнүгө жаңы бир ишке кетип, кечинде чарчап, маанайы суз келип жатты. Досу сүйлөшүп койгон курулуш ишинде дагы иштей албай койду. Карлыгач алгачкы жумушка чыккан күнү эле дүкөн ишине көнүшүп кетти. Ишке жөндөмдүү болгондуктан бат эле жумушунун көзүн таап, жетекчисинин да мактоосуна татууга жетишти. Анын минтип ишке берилген кызматчы болуп жатканын кесиптештери анчейин жактырышкан жок. Анан эле күтүлбөгөн жерден жагымсыз окуяга туш болду. Керели-кечке баш көтөрбөй иштеп, кечинде жумуш бүткөндө кийим которуучу жайга кирип, аңкылдап кыйкырып жаткан бир кесиптешин көрдү. Эч нерседен кабары жок неме жалдырап карап калды.

– Эмне карап турасың? Бул жакта акча жоголуп жатат. Баарынын сумкасын карап чыктым сенин эле сумкаң калды. Алып чык сумкаңды,- деп албууттана кыйкырды өзбек улутундагы аял.

– Менде кайдан болмок эле? Таңда келген боюнча эми кирип жатам бул жакка, өзүңөр деле кечке жумуштан бошобогонумду көрдүңөр да. Мен тийген жокмун.

– Көп сүйлөбөй көргөз сумкаңды! Эгер албасаң эмне баш тартып жатасың?

– Ой, мына, ошол эле керекпи?- деп сумкасын төгүп жиберген Карлыгач алайып туруп калды. Буюмдары менен чогуу чачылган акчаларды көрүп нес болду. Өзүндө мынча акча жок эле. Сумкасына кайдан түшүп калганын түшүнгөн жок.

– Мына, мына, ал албайт деп болбойсуңар. Жаңы эле жумушка кирип жаткан немеде кайдагы акча болмок эле. Уурдап кетейин деген турбайбы. Полиция чакыргыла, муну салып берели.

Баятан унчукпай нес болуп турган Карлыгач полиция дегенди укканда гана эсине келди.

– Мен алган эмесмин, сумкама кантип салынып калганын да билбейм,- деп чырылдап жатты Карлыгач. Анын чырылдаганын тигил аял угуп да койгон жок. Бир заматта соода борборунун күзөтчүлөрүн ээрчитип жетип келди. Жаңы эле көнүшүп келе жаткан кесиптештери көргөн көздөрүнө ишене албай Карлыгачты карап туруп калышты. Карлыгач “мен алган жокмун” деген сөздү кайталай берди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан