Кыргызстанда 23-августта теннис боюнча ири турнир башталат. Бул тууралуу Теннис федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайлардын биринде орун алат. Анда эки багыттагы турнир болуп, өлкөдө биринчи жолу J3 категориясында мелдеш өтөрү белгиленди. Мындан сырткары, биринчи жолу 16 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугу да уюштурулат. Буга чейин мындай турнир 14 жашка чейинкилер арасында гана өткөрүлүп келген.
18 жашка чейинки спортчулар арасында өтө турган турнирге 20дай мамлекеттен теннисчи келиши күтүлүүдө. Алардын арасында Түркия, Португалия, Испания, Кытай, Гонконг, КМШ өлкөлөрү, АКШ, Нигерия, Уганда мамлекеттери бар. Спорттук иш-чара сентябрдын ортосуна чейин созулары кошумчаланды.