Ислам тилектештик оюндары: ПОЗИТИВ КӨЗДӨГӨН СПОРТТУК ЖАРЫШ

Спорт оюндары – дүйнө жүзүндө улуттар, мамлекеттер арасында биримдикти, ынтымакты бекемдеп, адамзатын дени сак жашоого үндөйт. Учурда Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын да максаты ушул. Ислам тилектештик оюндарынын жаралуу тарыхы, Коньядагы таймаштар, андагы кызыктар менен бөлүшөбүз.

ДҮЙНӨ ЭЛИНИН КӨЗ КАРАШЫН ӨЗГӨРТҮҮ ҮЧҮН УЮШТУРУЛГАН

2001-жылы АКШдагы эгиздер мунарасынын жардырылуусу, Жакынкы чыгыштагы окуялардан улам дүйнө элинин мусулмандарга мамилеси салкындай баштаган. Эл аралык ислам тилектештик спорт оюндары дал ошол мамилени өзгөртүп, исламды дүйнөгө позитивдүү жагынан көрсөтүп, мусулман элдеринин башын бириктирүү максатында 2005-жылы уюштурулган. Түркиянын спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу бул оюндар тууралуу мындай дейт:

– Ислам ынтымактын, тынчтыктын дини. Кандай гана шарт, кандай эл, кандай гана айырмачылыктар болбосун тынчтыкты сактоого жана ынтымакты бекемдөөгө мүмкүн экенин далилдешибиз керек. Дүйнөдө дини бир, тили башка миңдеген мусулман өлкөлөр бар. Географиялык орду, жашоо шарты, турмушу бири-бирине окшобогон мусулмандар үчүн бирдиктүү бир трибуна керек. Бул трибуна дал ушул оюндардан башталат.

ЭКИНЧИ ОЮНДАР ӨТПӨЙ КАЛГАН

Ислам тилектештик оюндары 4 жылда бир өтчү жаш спорттук иш-чарага кирет. Ага Ислам кызматташтык уюмуна мүчө болгон бардык өлкөлөр катышууга укуктуу. Алгачкы оюндар 2005-жылы Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өткөн. 2009-жылы Иранда өтмөк. Бирок ирандыктардын оюндардын логотибине жана спортчуларга берилчү байгелерге “Перс булуңу” деп жазылганын бир катар араб өлкөлөрү жактырышкан эмес. Анткени ал булуңду араб мамлекеттери Арабия булуңу деп аташат. Ортодогу келише албастыктан улам Иран 2010-жылы оюндарды өз аймагында өткөрүүдөн биротоло баш тартат. III Ислам тилектештик оюндары 2013-жылы Индонезиянын Палембанг шаарында өтүп, каржылык тартыштыктан улам уюштурууда кемчиликтер көп кеткени айтылат. Ал эми IV Ислам тилектештик оюндары 2017-жылы Азербайжандын Баку шаарында масштабдуу деңгээлде өткөн. V Ислам тилектештик оюндарын өткөрүү аракети да көп үзгүлтүккө учураган. Бул оюндар 2021-жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарында өтмөк, бирок датасы Токиодо өткөрүлчү Жайкы олимпиада оюндарына туш келип калгандыктан сентябрь айына жылдырышкан. Пандемиядагы чектөөлөрдөн улам 2022-жылдын август айына жылып кеткен эле. Учурда Конья шаарында өтүп жаткан оюндар 9-августта башталды, 22-августка чейин уланат. Ага 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, Кыргызстандын атынан 158 спортчу спорттун 16 түрүнөн күч сынашууда. VI Ислам тилектештик оюндары 2025-жылы Камерун мамлекетинин борбору Яундеде өтөрү күтүлүүдө.

ФЕЙЕРВЕРКТЕР АТЫЛЫП, УЧАКТАР КАЙКЫП...
Коньядагы Ислам тилектештик оюндарынын ачылыш аземи өзгөчө шаан-шөкөт менен өттү. Аземге Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Алжирдин премьер-министри Айман Бенабдеррахман, Палестинанын премьери Мухаммед Штайе жана башка жогорку даражалуу коноктор катышышты. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган келген конокторду куттуктап сөз сүйлөп, спортчуларга ийгилик каалады. Иш-чара башталганга чейин Түркиянын согуштук учактары Конья шаардык стадионунун үстүнөн көрсөтмө учууларды жасап, фейерверктер атылды. Швециядан келген ырчы Махер Зейн концерттик программасын тартуулап аземге шаң кошту.

“Улутум – кыргыз, урааным – Манас”: КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫНЫН ИЙГИЛИКТЕРИ
Кыргызстан Ислам тилектештик оюндарынын дайымкы катышуучусу. Бул жылы Коньяда Кыргыз спортчулары байге алган 40 өлкөнүн арасынан 8-орунда келе жатат. Кыргыз спортчуларынын куржунунда учурда (17-августка карата) 9 алтын, 8 күмүш, 12 коло медаль бар.
Балбандар Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, суучул Денис Петрашов, жаачы Ынтымак Мурадил уулу, фехтование боюнча Роман Петров алтын алып кубантышса, балбандар Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, Калидин Асикеев, Тынар Шаршенбеков, Алмаз Сманбеков, оор атлетчи Эмил Молдодосов, дзюдочу Шахида Нармухамедова күмүш байге утуп алышты. Коло байге ээлери: балбандар Нуртилек Карыпбаев, Атабек Азисбеков, Дильназ Сазанова, оор атлетчи Канымжан Алмазбек кызы, Бакдөөлөт Расулбеков, фехтование боюнча Камила Абдыл-Хамитова жана суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн башка дисциплинасында эки коло байгеге ээ болду. Өлкө намысына жарап алтын байге уткан жаачы Ынтымак Мурадил уулу жеңишин “Улутум – кыргыз, урааным – Манас” деп кыйкырып, жаанын жебелерин асманга ыргытып майрамдаган. Бул спортчунун урааны кыргызстандыктарды толкундантып, сыймыктандырды.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
  • Айрым спорт серепчилери 2015-жылы негизделген Европа спорттук оюндарын Ислам тилектештик оюндарына атаандаштык түзүү үчүн уюштурулган дешет.
  • Оюндар тарыхында командалык эсеп боюнча I оюндарда Сауд Арабиясы, III оюндарда Индонезия, IV оюндарда Азербайжандын командалары жеңишкен.
  • Сауд Арабияда өткөн оюндарда спортчулар үчүн айрым оор эрежелер киргизилгени көпчүлүктү таң калтырган. Эркектерге кыска форма кийүүгө тыюу салнынып, аялдар менен эркектердин мелдештери ар башка күндөрү өтүп турган. Ал эми айымдардын сууда сүзүү боюнча мелдешин көрүүгө эркектерге такыр эле тыюу салышкан.
  • Уюштуруучулар спортчуларга адал деген сертификаты бар тамак-аштарды гана берүүгө милдеттүү.
  • Бул оюндарды уюштурууга Сауд Арабиясы 13 миллион доллар, Азербайжан 100 миллион доллар, Түркия 1 миллиард долларга жакын акча жумшаганы айтылат.
  • Мелдештерге Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мусулман эмес жарандары да катыша алышат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан