ТАЛГАК ЭМНЕДЕН УЛАМ ЖАРАЛАТ?

«Куттуктайм! Сиз кош бойлуусуз!»... Мындай сөздү укканда балалуу болсом деп тилеп жүргөн аял кубанып, толкунданат. Бирок аны ошол эле кезде «эми талгак башталат, кыйналбаймбы?» деген ой да түйшөлтөт. Кош бойлуу кезде аялга жагымсыздыкты жараткан нерсе – талгак болуу. Келиңиз окурман, талгак тууралуу билип алыңыз.

ТАЛГАК КАЧАН БАШТАЛАТ?

Талгак – кош бойлуу кезде жаралуучу патологиялык көрүнүш. 2 түрү бар: эрте жана кеч талгак.

Эрте талгак бойго бүтүүдөн кийинки 3 айлыкта пайда болот. Айрымдарда ал түйүлдүккө 3-4 апта болгондо, айрымдарда 5-7 аптада башталат. Түйүлдүккө 12-13 апта болгондо түйүлдүктүн тону түзүлүп бүтөт да, талгак өтүп кетет, аял өзүн жакшы сезип баштайт. Бирок айрымдарда бул узакка созулуп, оор өтөт. Ал тургай төрөткө чейин кыйналгандар бар.

ЖАРАЛУУ СЕБЕПТЕРИ

Талгактын жаралышынын так себеби азыркыга чейин белгисиз. Бирок «ушулардан улам жаралат» деген божомолдор бар.

1. Аялдын организминин иммундук системи түйүлдүктү бөтөн зат катары кабыл алып, аны жок кылууга антителаларды жиберет. Ушунун айынан айрым уулуу заттар бөлүнүп чыгып, талгак жаралат.

2. Жаңы жаралган хорион (кийин баланын тонуна айланат) гонадотропин гормонун бөлүп чыгара баштагандыктан аялдын организминде гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп баштайт. Башкача айтканда, талгак – аялдын организминин гормоналдык өзгөрүүлөргө көнө албай жаткандыгы.

3. Гипогликемия. Кош бойлуу кезде аялдын организми эки адам үчүн иштегендиктен кандагы канттын деңгээли түшүп кетиши мүмкүн. Көңүл айлануу жана кусуу – глюкозанын жетишпестигинен да болушу ыктымал.

ТАЛГАК ЖАРАТУУЧУ БАШКА ФАКТОРЛОР

  • Тукум куучулук
  • Калкан сымал бездин жана ашказан-ичеги жолунун оорулары
  • 2 же андан ашык түйүлдүктүн болушу
  • Жетишсиз жана туура эмес тамактануу, зат алмашуунун бузулушу, витаминдердин жетишсиздиги
  • Стресс
  • Иммундук системдин начардыгы

ТАЛГАКТЫН БЕЛГИЛЕРИ

• Тамакка табиттин тартпай башташы

• Көңүл айлануу (ар кандай жыттардан)

• Кусуу

• Шилекейдин көбүрөөк бөлүнүп чыгышы

• Артериалдык кан басымдын төмөндөшү

КУСУУНУН ДЕҢГЭЭЛИНЕ ЖАРАША БӨЛҮНҮШҮ

Жеңил түрү. Кусуунун саны суткасына 5тен ашпайт. Көбүнчө ачкарын кезде, жыттан улам же тамак ичкенде кусуу күтүлөт. Бул аялдын тамакка табитин төмөндөтөт, бирок салмак таштоого шарт түзбөйт.

Орточо түрү. Суткасына кусуунун саны 6-10го чейин жетет. Кээде тамак ичпегенде деле кускусу келет. Аялдын алы кетип, башы тегеренет. Артериалдык кан басым бир аз төмөндөйт. Айына 2-3 килограмм салмак жоготот.

Оор түрү. Кусуу токтобойт. Суткасына 20-25 жолу кусат. Аял кыймылдаса эле кускусу келе баштайт, суу гана ичип калат. Айына 10 килограммга чейин салмак жоготот. Түнкүсүн да кусуу токтобогондуктан уйку бузулат. Шишип баштоо күтүлөт. Дарылоо

Талгактын жеңил түрү дарылоого жатпайт. Орточо түрүндө кан, зааранын анализи, УЗИнин жана башкалардын жыйынтыгына, аялдын абалына карата дары жазып берилет. Алардын эң негизгиси кусууну токтотуучу каражат болуп саналат. Аны белгилүү мезгилге чейин ичүү сунушталат, аны ичкенден кийин аял тамакты кыйналбай жеп калат.

Айта кетсек, эгер аял суткасына 5 жолудан көп кусса, өзүн жаман сезе баштаса врачка текшерилип, дарыланышы кажет. Болбосо өзүнө гана эмес, ичтеги баланын өсүүсүнө, калыптануусуна доо кетирип алат.

Оор түрүндө аял кусканда суу жана организмге керектүү заттар чыгып кетет. Андыктан дене кургап, аял арыктайт, кан басым төмөндөйт, анемия жаралат, ичтеги түйүлдүккө керектүү азык-зат, микроэлементтер, аба жетпей баштайт. Зат алмашуунун бузулушу жана башкалардын айынан аялдын боору чоңоюп, жүрөгү, бөйрөгү жакшы иштебей, өт баштыкчасында иштетилбеген өт суюктугу толуп калат. Мындайда аял ооруканага жатып дарылануусу кажет. Аялдын анализдери алынып, толук текшерүүдөн өткөн соң врач гинеколог өт суюктугун айдоочу жана кусууну токтотуучу жана башка дарыларды жазып берет. Эгер алардан жардам болбосо анда бойдон алдыруу сунушталат.

ООР ТҮРҮНДӨ АЯЛ ДАРЫЛАНБАСА ЭМНЕЛЕР КҮТҮЛӨТ?

• Ара төрөп коюу

• Ичтеги түйүлдүктүн өсүүсүнүн токтошу же өлүп калышы

• Баланын тонунун жатын бетинен сыйрыла башташы

• Аялдын ички органдарына (бөйрөк, боор, ичеги, уйку бези жана башка) кан куюлушу мүмкүн.

БУЛ АЗЫКТАР ДАСТОРКОНДО СӨЗСҮЗ БОЛУШУ ЗАРЫЛ

Талгак учурунда кусуудан улам организмде азыктын запасы азая баштайт. Эне курсактагы баласын “тойгуза” албай калат. Мунун кесепетинен баланын чоңоюусу, калыптануусу, акыл-эсинин өсүүсү жайлайт. Андыктан болочок эне күндөлүк рационунда кандай азыктардын болушу жана алар эмне үчүн керек экендигин билүүсү зарыл. Анын үстүнө организм керектүү заттар менен камсыз болсо, талгак жеңил өтөт. Дасторкондо болуусу зарыл болгон азыктар төмөнкүлөр:

Эт, жумуртка. Булар протеин менен темирдин булагы болуп саналат жана түйүлдүктүн мээ, булчуң, сөөктөрүнүн калыптануусу үчүн керек.

Сүт жана сүт азыктары (быштак, айран, сыр). Булар кальцийдин булагы. Андыктан баланын чоңоюусуна жана сөөгүнүн калыптануусуна зарыл.

Жашылча-жемиштер. Буларда баланын чоңоюусу жана акыл-эсинин өсүүсү үчүн керектүү витаминдер, минералдар бар.

С витамини. Бул иммунитетти чыңдоо үчүн зарыл. Аталган витамин пияз, сарымсак, болгар калемпири, помидор, капустанын курамында кездешет.

Фолий кычкылы. Баланын борбордук нерв системинин калыптануусу үчүн зарыл. Фолий кычкылы дарыканаларда сатылат. Табигый түрдө жашылчаларда, жер жаңгакта, кебек кошулган нанда, капустада бар.

Протеиндер. Мунун булагы болуп эт, буурчак, балык, жумуртка саналат. Булар баланын булчуңдарынын калыптагыдай өсүшү үчүн зарыл.

Аял бир күндө 5-6 жолу аз-аздан тамактанышы керек. Бирок цитрус жемиштеринен абайлоосу зарыл. Себеби цитрустан аллергиясы барлар колдонсо, кыйналып калышат.

• Мүмкүн болсо эртең менен төшөктөн турбай тамактанып, анан кайра бир аз жата туруу кажет.

• Нанүштөгө жумуртка, сүт азыктарын колдонуу оң.

• Аш кылууга оорчулук келтирүүчү азыктарды пайдаланбай туруу оң. Мисалы, консерваны, туздалган жана ышталган азыктарды (колбаса, балык жана башка), боёк жана кошумчалары көп суусундуктарды.

• Кусканда денеден суюктук көп бөлүнүп чыгып кетет. Андыктан суюк тамакты, минералдык сууну көбүрөөк ичүү керек.

• Газдалган суусундуктардан качкан оң (ичти көптүрөт).

• Көбүрөөк сейилдеп, көнүгүүлөрдү жасоо, стресске чалдыкпоо талап кылынат.

АР НЕРСЕНИ ЖЕГЕНДИ КААЛГАНДЫК ЭМНЕДЕН?

Кош бойлуулар ар нерсе жегенди каалап, ал тургай түн жарымында жолдошун, жакындарын жумшаганы бар. Аял эмнени кааласа, демек, ошол азыктагы микроэлемент же витамин, же башка нерсе аялдын организмине, демек, ичтеги түйүлдүккө да жетпей жатканы. Мисалы, топурак, бор жегиси келсе кальцийдин же темирдин жетишпестиги. Башкача айтканда, алардын жетишсиздигинен жаралган анемия. Анемиясы барларда адатта фолий кычкылы, B витамини да жетишпейт. Аял топурак, бор жеп организмине зыян келтирбей врачка барып, текшерилип, анализдерди тапшырышы керек. Анын жыйынтыгына карап врач сунуштаган темир, калций каражаттарын колдонуп же алар курамында көп азыктарды жеши керек.

Кош бойлуу кезде аялдын организминде прогестерон гормонунун деңгээли жогору болот. Ошондуктан тузга болгон талап жогорулайт. Андыктан туздалган бадыраң, помидорду жеп калышат.

Кыскасы аял эмнени жегенди абдан самаса ошону жеши керек, албетте чеги менен.

Бирок айрым учурда аял «капризин» карматып, калп эле тигини, муну жейм деп үйүндөгүлөрдү жумшаган учурлар да болот.

Материалды даярдоого салым кошкону үчүн гинеколог Бактыгүл Абдрамановага ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан