ЖАҢЫ-ЖОЛ – ЖАЗ ЭРТЕ КЕЛГЕН АЙЫЛ

Түштүк жергесине болгон иш сапарыбызда Араван районунун Жаңы-Жол айылы, эли, элинин тиричилиги менен тааныштык. Айылы менен бизди айыл башчы Пирханиддин Сайпидинов тааныштырды. Күндүн ысыгына карабай талаа, жүзүм бак, күнөсканаларда иш кызуу жүрүп жаткан экен. Кумурскадай тынбай иштеп, 1 жылда 2 түшүм алган дыйкан, багбандардан да кабар алдык.

Кожолуктун (түтүн) саны – 615

Элдин саны – 2896

Айылда ФАП, балдар бакчасы, орто мектеп бар.

Район борборунан 18 чакырым алыстыкта, Өзбекстандын чек арасына жакын жайгашкан.

“АЙЫЛ МУРУН КАҢДЫ ЭНЕ ДЕП АТАЛЧУ”

– Жаңы-Жол айылы, маалыматтарга таянсак, 1931-жылы түзүлүп, андагы эл жаңы жашоого бет алды, жаңы жолго түштү делинип, Жаңы-Жол аталып калыптыр. Ага чейин Каңды эне деп аталып, эл аз болгон экен. Айылда Каңды эне, кийин анын урпактары жашаган. Бир учурларда азыраак калмактар да жашап, кийин алар жергиликтүү элге сиңип кеткен дешет.

“ЖАҢЫ-ЖОЛ – ЖЕРДЕГИ БЕЙИШ”

– Жайыт жер өтө аз болгону үчүн айылдын эли дыйканчылык, багбанчылык менен алектенет жана алардан тапкан каражаты менен жан багат. Араван – өлкөдөгү эң ысык аймак. Кыргызстанда жаз дал ушул аймактан башталат. Бизде жарытып деле кыш болбойт. Эл февралда эле күнөсканаларга басай капустасынын көчөтүн эгишет. Талаага 15-февралдан тарта клеёнка алдында тигип башташат. Капуста жетилип, аны саткан соң ордуна жүгөрү эгилет, же болгар калемпиринин көчөтүн отургузушат. Ошентип 1 жылда 2 түшүм алынат.

Айылды кыдырып ар бир короодо курма, жүзүм, алма, шабдалы, жаңгактын мөмөлөп турганына өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Алардын өздөрүнөн ашкандарын сатышат. Андан тышкары эл кокон гилас, анжир, кара өрүк, коон, дарбыз, татымал чөптөрдү, жүгөрү, пахта эгип, сатып да пайда көрөт.

Жайкысын айылга сырттан келгендерди жүзүмдүн көптүгү, анан арыктарда күн-түн дебей агып жаткан суубуз өзгөчө таң калтырат. Анткени баары эле чөлдүү жерде суу тартыш болсо керек деп ойлошот. Бизге Фергана каналынан келгендиктен суу үзүлбөйт. Ошондуктан айыл да, талаа да жапжашыл. Биз өзүбүз Жаңы-Жол – жердеги бейиш дейбиз. Биздин жашылча, жемиштер өлкө боюнча биринчи бышып, базарларга да биринчилерден болуп чыгат.

Мал үчүн жайыт жер өтө аз. Бир үй-бүлө ашып кетсе 5-7 чакты кой, 1-2 уй кармайт. Чөптүн 1 түгү учурда 250-300 сомдун тегереги болууда. Кышкысын мындан да кымбаттап кетет.



“1 КҮНӨСКАНАДАН 600 МИҢ СОМДОЙ ПАЙДА ТАБАМ”

Жергиликтүү тургун Азамат Мырзаевге талаадагы лимон күнөсканасында иштеп жүргөн жеринен кезиктик. Ал буларды айтып берди.

– Мындан 9 жыл мурун 1 күнөскана куруп, Өзбекстандан 125 түп лимон көчөтүн сатып алып келгем. Кийин дагы алып келдим. Лимон көчөттөрүн өзүм өстүргөндү үйрөнүп, 3 жыл мурун 2-күнөсканамды курдум. Күнөсканалардын биринин узундугу 50, экинчисиники 70 метр, тууралары 12 метрден. Лимон алгачкы 3 жылда өтө аз түшүм берет. Биринчи күнөсканамдан 4-жыл дегенде 3 тонна, 6-7-жылдары 5 тоннадан түшүм алдым. 8-жылы түшүм аз болуп калды. Лимондор октябрда бышып, 1 килограммын 120-150 сомдон сатам. Таза киреше болжол менен 600 миң сомдой болот. Пайдасы жакшы, бирок мээнети күч.

9 жыл ичинде лимон дарактарынын бою 2,5-3 метрге чейин өстү.



“ЖҮЗҮМДҮ БИЗ, БИЗДИ ЖҮЗҮМ БАГАТ”

Дагы бир жергиликтүү тургун Жолчубай Турдуевдин жүзүм багына барганыбызда иш кызуу жүрүп жаткан экен.

– 50 сотых жерди ээлеген жүзүм багымды 1997-жылы тиккем. Кара чилги сортунан 1000 түп көчөт тигип, кийин дагы коштум. Май айында гүл ачып, июль айынын 20сынан тартып бышып баштайт. Тегиз бышканда сатыкка чыгаруу үчүн кесип, сорттоп, жашиктерге салууга 10 чакты адамды жалдайм. 10 тоннадай түшүм алам. Килограммын дүңүнөн 50 сомдун тегерегинде өткөрүп жатам. Кээ бир жылдары килограммы 70-100 сомдон болуп калат. Бишкек, Ош, Казакстан, Орусияга алып кетишет. 3 уул, 1 кызым бар. Уулдарым мени менен иштейт. Жүзүм терилип бүткөн соң ноябрда жаңы чыккан бутак-шактары кыркылат. Май айында болсо жалбырактарын кыркып салабыз. Анткени бактын ичине аба, жел кирип, мөмөлөлөргө күн нуру да тийиши кажет. Жүзүм бактын түйшүгү көп, бирок кирешеси жакшы. Жүзүмдү биз, бизди жүзүм багат.



“ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН КӨЧӨТҮН САТЫП БИЗНЕС КЫЛАМ”

Айыл тургуну Аваскан Орунбаева күнөсканага жашылчалардын уругун эгип, өстүрүп, көчөт кылып сатат.

– Бул бизнес менен 40 жылдан бери алектенем. Капустанын 2 сортунун уругун 1-декабрда кагаз стакандарга тигип, 10-январда парникке отургузам. Февралдын 20ларынан баштап көчөттөрдөн өзүбүзгө керектүү санда алып калып, калганын сатыкка чыгара баштайм.

Күнөсканабызга мартта көчөтүнөн отургузулган болгар калемпири жана помидорлор майдын 15теринде бышып баштап сатыкка чыгарабыз. Жүзүмдүн көчөттөрүн да сатып пайда табабыз. Мага 3 уулум жардам берет. Талаадагы 15 сотых үлүш жерибизге күнөскана курганбыз, ага эккен басай капусталарыбызды сатып бүткөн соң ордуна болгар калемпирин эгебиз. 1 жылда 1 миллиондун тегерегинде киреше түшөт. Ошого балдарды окутуп, аларга там салып дегендей жан багабыз.



Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА